Кибер чабуул: Ирандагы уран байытуучу жай катуу жабыркады

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ирандын расмийлери уранды байытуу үчүн колдонулган миңдеген жабдыктар толугу менен талкаланып же иштен чыкканын мойнуна алды.
Иран парламентинин Изилдөө борборунун башчысы Алиреза Закани чабуул Тегерандын уранды байытуу аракетин "токтотту" деп билдирди.
Ал ортодо 2015-жылкы Ирандын өзөктүк долбооруна кайтып баруу аракетине багытталган Вена шаарындагы сүйлөшүүлөр кайра жанданды. Серепчилер Натанздагы чабуул сүйлөшүүлөрдүн натыйжалуулугуна терс таасир этет деп айтышууда.
Ирандын тышкы иштер министри жер алдындагы уран байытуучу жайдагы кибер чабуулдун артында Израил турганын айтып, Тегеран "жооп кайтарат" деп эскертти.
Жекшемби күнү Ирандын Натанздагы уран байытуучу жайында электр бөлүштүрүүчү түйүнүндө авария болгон. Бул жайда жакында эле уранды байытууну тездеткен жаңы центрифуга ишке кирген.

Сүрөттүн булагы, EPA
Ирандын Өзөктүк энергия боюнча агенттиги Натанздагы уран байытуучу жайы террордук чабуулга кабылганын билдирди. Ирандын расмийлери электр жарыгы үзүлгөнүн маалымдашкан. Ал уранды байытуу үчүн абдан маанилүү.
Агенттиктин өкүлү Бехруз Камалванди авария учурунда эч ким жабыркабаганын жана айлана-чөйрөгө зыян болбогонун айтты.
"Уран байытуучу жайда электр энергия үзүлүп калды. Кырсыктан эч ким жабыркаган жок жана айлана-чөйрөгө зыян келтирилген жок",-деди Камалванди.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Өткөн жылы Натанздагы уран байытуучу жайда өрт чыгып, Тегеран Израилди күнөөлөгөн. Израилдин жергиликтүү медиасы бул жолу кибер чабуул болгонун жазып, андан улам уран байытуучу жай тогуз айдан кийин гана ишин уланта аларын кабарлашты.
Израилдин өкмөтү окуяга тиешеси бар экенин тастыктаган жана четке каккан дагы жок. Ага карабастан, соңку күндөрү Израил Ирандын өзөктүк долбоору дүйнөлүк коопсуздукка коркунуч түзөрүн улам айтып жатты.
АКШнын мурдагы президенти Трамп 2018-жылы келишимден бир тараптуу чыгып кетип, Иранга каршы катаал санкцияларды жарыялаган. Иран болсо 2019-жылы буга жооп катары өзөктүк долбоор боюнча келишимдеги шарттарды урматтабай, байытылган урандын чектөөсүнө көңүл бурбай калган. Эми президент Байден келишимге кайтып барууну көздөйт, бирок Иран алгач санкциялардын алынуусун талап кылууда.

































