Казакстандагы антикытайлык митинг: кеминде 20 киши кармалды

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
Кытайдын улам өсүп жаткан экономикалык таасирине каршылык билдирип Казакстандын бир катар шаарларында ондогон кишилер митингге чыкты. Маалыматтарга караганда, апта соңундагы митингдерде Шинжаңдагы уйгур, казак, кыргыз жана башка азчылыктарга зомбулукту токтотуу талаптары айтылды.
Каршылык акциялары 27-мартта өлкө баш калаасы Нур-Султанда, Алматы жана башка бир катар шаарларда өттү. Жүрүштөрдүн алдында кеминде 20 киши камакка алынган. Айрым басылмалар Алматыдагы акцияда 300дөй киши болгонун жазышты.
Кабарларга караганда каршылык акциясы өлкөдө тыюу салынган Казакстандын Демократиялык партиясы тарабынан уюштурулган.
Каршылык акциясына чыккандар Кытай менен биргелешкен ишканаларды курууга, казак экономикасына кытайлык инвестиция тартууга, өздөрүнүн сөзү менен айтканда "кытайлык экспансияга" каршы чыгышты. Экономикалык таасирден улам көз карандылык күчөйт дейт алар. Ошондой эле чет элдик инвесторлорго жерлер сатылбашы керек деген талаптар болду.

Сүрөттүн булагы, RADIOLIBERTY/SCREENSHOT
Этникалык казактардын Шинжаңда куугунтукталып жатканы тууралуу дагы маселе көтөрүлдү. Кытайдын түндүк-батыш тарабында жайгашкан Шинжаңда миллиондон ашуун мусулман азчылыктары атайын уюштурулган "тарбиялоо лагерлерине" мажбурлап жөнөтүлүүдө. Алар "лагерден" кийин завод-фабрикаларда мажбурлап иштетилип жатканы боюнча дагы далилдер арбын. Адам укугун коргогон уюмдар болсо "тарбиялоо лагеринде" кармалган аялдар зордукталып, кыйноого алынып, стерилизация болуп жатканын ырасташкан.
Кытайдын өкмөтү дооматтарды четке кагып, лагерлерди "кесиптик билим берүүчү жай" деп атап келүүдө. Ал эми фабрикалар "жакырчылык менен күрөшүүгө" багытталган масштабдуу долбоор экенин жана анда кишилер ыктыярдуу түрдө иштеп жатканын айтып келүүдө.

Сүрөттүн булагы, RADIOLIBERTY/SCREENSHOT
Казакстан өзүнүн негизги инвестору болгон Бээжинди ачык сынга алуудан карманып келет. Бирок ошого карабастан өткөн жылы Шинжаңдан келген төрт качкынга башпаанек берген.
Шинжаң боюнча Кытайга болгон эл аралык коомчулуктун сын-пикири улам күчөп жатат.(AbA)

































