Кытайдын тездик менен эрип жаткан мөңгүлөрү
Published
Кытайлык окумуштуулар өлкөдө мөңгүлөр өтө тез эрип жатканына тынчсызданышууда. Изилдөөчүлөр мунун кесепети оор болорун айтып, 2050-жылдары суу таңкыстыгы катталышы мүмкүн экенин эскертүүдө.
Учурда бүтүндөй дүйнө өндүрүштөн чыккан зыяндуу газдарды азайтып, климаттын өзгөрүшүнө таасирин тийгизген кесепеттерди жоюуга каршы чараларды издеп түйшөлүп жатат. Бирок окумуштуулар дүйнөнүн булуң-бурчундагы өкмөттөр жетиштүү чара көрбөй келгенин айтышууда.