Кембриж университети толугу менен онлайнга өтөт

Clare College, Cambridge

Сүрөттүн булагы, PA Media

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Дүйнөгө белгилүү Кембриж университети биринчилерден болуп окууну 2021-жылдын жай мезгилине чейин толугу менен онлайнга өткөрдү. Университет жетекчилиги буга коронавирус пандемиясы себеп болгонун айтты.

Студенттер лекцияларга интернет аркылуу катышат. Бирок студенттер чакан гана топ менен мугалимдерге бетме-бет жолугууга укуктуу. Мындай учурда социалдык аралык сакталышы шарт.

Учурда университет жабык турат, окуулар март айынан тарта онлайн өтүүдө. Студенттер экзамендерди дагы интернет аркылуу тапшырууда. Кембриж социалдык аралык боюнча өкмөттүн кеңеши өзгөрсө, өз чечимин дагы жаңыртарын билдирди.

"Университет пандемия маалындагы улам өзгөрүп жаткан шартка жана кеңешке ийкемдүү мамиле кылууга умтулуп жатат. Социалдык аралыкты сактоо дагы деле маанилүү экенин эске алып, күзүндө баштала турган окуу жылында бетме-бет өтө турган лекцияларды онлайн өткөрүү чечимин кабыл алды", -деп айтылат университет тараткан билдирүүдө.

Буга чейин Манчестер университети дагы дал ушундай кадамга барган. Бирок Манчестер жаңы окуу жылында бир чейрек гана онлайн өтөрүн жарыялаган.

Бир апта мурун университеттердин ишмердүүлүгүн тескеген мекеме жогорку окуу жайлар студенттерге билим алуу кандай шартта өтөрүн так түшүндүрүшү керек экенин талап кылган. Учурда дүйнөнүн булуң-бурчундагы мектепти аяктап жаткан окуучулар университет жана кесип тандап жаткан чагы.

Окуу онлайн өтсө дагы университет төлөмдөрдү толугу менен алууга укуктуу. Студенттердин кызыкчылыгын коргогон мекеме окуу онлайн өтсө, жогорку окуу жайларды университеттин кампусундагы жашоо тууралуу маалымат бербөөгө үндөдү.