Орусия: Согуш ардагерлери Жеңиш күнүн өзгөчө белгилеп жатышат

Сүрөттүн булагы, Zinaida Korneva/YouTube
Коронавирус пандемиясынан улам Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парад жылдырылган. Бирок айрым согуштун ардагерлери бул күндү өзгөчө майрамдашууда.
9-майда Кызыл аянтта өтө турган парадда Орусия аскердик кубатын даңазалайт. Ири майрамга миңдегендер катышып, дүйнөнүн булуң-бурчунан сыйлуу коноктор чакырылышы керек эле. Бирок коронавирус түзгөн коркунучтан улам парад эмдиги жылга жылдырылды.
Москва шаарында өтө турган параддын ордуна 32 шаарда абадан учак менен тик учактар өз чеберчилигин көрсөтөт. Ал эми жүз миңдегендер катышкан "Өлбөс полк" акциясы онлайн өтмөй болду. Бул акцияда жүздөгөндөр согушка катышкан жакындарынын сүрөттөрүн көтөрүп, ардагерлерди эскеришет.
Ага карабастан, Орусиянын армиясы айрым ардагерлерге жеке парад уюштурду. Ленинград аймагындагы Луга шаарчасында жашаган Виктор Полячков 95 жашка чыкканда, анын үйүнүн алдына аскердик музыканттар келип, согуш учурунда чыгарылган Совет ырларын аткарып беришти. Ардагер Берлинди бошотуу операциясына катышкан.

Сүрөттүн булагы, Russian Ministry of Defence
Лев Арменеев согуш учурунда белгилүү "Катюша" аталган ракета аткан системаны иштетип, кызмат өтөгөн. Орусиянын армиясы ардагердин үйүнүн алдында системанын жаңы түрүн алып келишип, Лев Арменеев жана анын кошуналарына көрсөтүштү.
Ал эми Санкт-Петербург шаарынын тургуну, 97 жаштагы Зинаиди Корнева согушта башынан өткөн окуяларды айтып берип, Covid-19 вирусунан көз жумган дарыгерлердин үй-бүлөлөрүнө акча чогултуп жатат. Британиялык ардагер капитан Том Моордун окуясын уккандан кийин, Зинаиди Корнева дагы оор учурда жардам берүүгө умтулду. Том Моор жүз жашка толгонго чейин кайрымдуулук үчүн короосун айланып жүгүрүп, Британиянын коронавирус менен күрөшүп жаткан дарыгерлерге дээрлик 33 миллион фунт чогултуп берген. Анын акциясын бир жарым миллион тургун колдоп, акча салган.
Зинаиди Корневанын үй-бүлөсү болсо ага "Ютуб" канал ачып берип, ал согуш учурундагы окуяларды сүрөттөп жатты. Биринчи эле видеосунда 100 жашка чыгып жаткан британиялык капитан Том Моорго жүн байпак согуп берүү убадасын берген.

Сүрөттүн булагы, Zinaida Korneva/YouTube
Зинаиди апа үч миллион рубль (40 миң доллар) акча чогултууну көздөгөн, азыр ал анын үчтөн бирин топтоду. "Комсомольская правда" басылмасы ардагер 9-майга чейин акциясын токтотпойт деп маалымдады.
Өткөн жылы Орусияда Экинчи дүйнөлүк согушка катышкан 75 миң ардагер бар экенин жарыяланган.
Макаланын автору: Ярослава Кирухина































