"Коронавирус жок!": Түндүк Осетиядагы митинг

Сход

Сүрөттүн булагы, Alik Pukhaev

Published

Орусиянын бир катар аймактарында карантин чаралары катаалдаштырылып жатканда, Түндүк Осетиянын тургундары өзүн изоляциялоо режимине каршы чыкты.

Владикавказдын борборунда дүйшөмбүдө бир нече киши митингге чогулган. Алар өкмөт үйүнүн алдына келип, республиканын жетекчисинин отставкасын талап кылды. Бирок аларды бул жерден милициянын атайын бөлүктөрү тосуп алды. Республиканын бийлиги коронавирус кооптуулугу тууралуу түшүндүрүүгө аракет кылды.

Мунун алдында акциянын демилгечиси болгон Вадим Чельдиевдин кармалганы айтылган эле. Митингчилер аны бошотууну талап кылды.

Акция демилгечиси опера ырчысы Вадим Чельдиев коронавирус жок деп эсептейт. Чельдиев өзүн "СССР жараны" катары эсептеп, орус мыйзамдарын тааныбай турганын айтып келүүдө.

Түндүк Осетияда ага каршы кылмыш иши козголгон. Чельдиев Санкт-Петербургда жашайт. Анын коомдук сайттагы акыркы билдирүүсү 17-апрелде кечке маал жарыяланган экен. Айрым басылмалар анын камакка алганын жазып чыгышты. Түндүк Осетиянын ИИМ жетекчилиги Би-Би-Си Орус кызматынын телефонуна жооп берген эмес.

сход

Сүрөттүн булагы, Akil Pukhaev

Эки апта мурун Владикавказдын бир нече тургуну Республикалык клиникалык ооруканага келип, вирус жуктуруп алган кишилерди көрсөтүүнү талап кылган. Бул тасма коомдук сайттар аркылуу тарап, Чельдиевдин телеграм-каналына коюлган. Ал бир нече күн ичинде Түндүк Осетиядагы популярдуу фигура болуп калды.

2019-жылы опера ырчысы пенсиялык реформага каршы болуп, Түндүк Осетиянын Эмгек сиңирген артисти наамынан баш тарткан эле.

Чельдиев буга чейинки Би-Би-Си менен маегинде Covid-19 вирусу бар экенине ишенбей турганын, экономиканы уратуу максатында маалымат таратылып жатышы мүмкүндүгүн айткан.

Коронавируска чейин "СССР жарандарынын коому" Осетияда өтө деле популярдуу эмес болчу. Осетиндик "ОсНова" маалымат порталынын саясий редактору Руслан Тотровдун пикиринде, конспирологдор жана "СССР жарандары" пандемия шартында "бири-бирин өтө ийгиликтүү таап алды".

Журналисттин айтымында, Түндүк Осетияда миңдеген кишилер коронавирус "элге чип коюп, башкаруу үчүн ойлоп табылган" деген имиштерге ишенип алган. Түндүк Осетиянын Ички иштер министрлиги "чагымга алдырбоого" чакырды. (AbA)