Казакстан: Массалык мушташтан сегиз киши өлдү

Сүрөттүн булагы, Tengrinews/Shokan Alkhabayev via REUTERS
Казакстан түштүгүндөгү Жамбыл облусунда болгон башаламандыктан сегиз киши каза таап, 40 киши жаракат алды. Жергиликтүү бийлик массалык мушташ жеке пикир келишпестиктен, "этникалык жаңжалга айланып" кеткенин кабарлады.
Мушташ жума күнү кечинде дунган этникалык азчылыгы отурукташкан Масанчи кыштагынан чыккан.

Өлкөнүн ички иштер министри Ерлан Тургумбаев жаракат алгандар арасында полиция кызматкерлери да бар экенин ырастап, экөө ок атуучу куралдан жаракат алганын айтты. Полиция 47 кишини кармаган, алардан эки мергенчи куралы алынган.
Дунгандар жашаган беш айылда 30га жакын үй, 15 дүкөн жана 23 унаа өрттөлгөн.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы, 1
Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин окуянын кесепеттерин жоюу үчүн атайын өкмөттүк комиссия түздү.
Казак бийлиги "жеке пикир келишпестикти улут аралык жаңжалга айлантуунун көздөгөн чагымчыларды" айыптады. Мушташтын себеби белгисиз.
Тургумбаевдин айтымында, башында жаңжалга 70 чамалуу киши катышкан.
"Чагымчылар жана күбөлөр чатакташуунун телефондоруна тартып алып, мессенжер жана башка коомдук сайттарга таратып, жарандарды мыйзамсыз иш-аракеттерге чакырган. Бул өз кезегинде жаңжалдын курчушуна алып келген. Коңшулаш айылдардан дагы 300 киши келген",-деди ИИМ жетекчиси.
Дунгандар бирлигинин жетекчиси Хусей Дауров КазТАГ агенттигине "милициянын атайын бөлүгү 5.25 чамасында келип, кырдаалды көзөмөлгө алганын" айтты. Бирок полиция күчтөрү бир сутка кечигип аракетке өткөнүнө өкүнүчүн билдирген.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы, 2
Коомдук сайттарда дунгандар бир нече казакты сабап салгандан кийин, жапырт мушташ чыгып кеткени айтылууда.

Сүрөттүн булагы, Tengrinews/Shokan Alkhabayev via REUTERS
Мушташтан кийин айылдан качкан бир нече киши Кыргызстанга келген. Чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги 20 киши ооруканага кайрылып, алардын ону жаткырылганын билдирди.
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасына дунган улуттундагы аялдар жана балдар чогулуп калган.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы, 3
Дунгандар XIX кылымдын экинчи жарымында Кытайдан качып өтүшкөн. Тутунган дини ислам. Масанчи Казакстандагы дунган диаспорасы жыш отурукташкан айыл. 2009-жылдагы эл каттоо боюнча айылда 90 пайыз дунгандар, 5 пайыз казак жана беш пайыз орустар жашайт. (AbA)































