Иран: Жума намазда аятолла Хаманеи имамдык кылат. Бул эмнеге маанилүү?

Сүрөттүн булагы, EPA
Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаманеи сегиз жылдан бери биринчи жолу жума намазда өзү имамдык кылат.
Өткөн аптада ирандыктар бийлик украин учагын армия атып түшүргөнүн жашырганына нааразы болуп, көчөгө чыккан. Өлкөнүн 31 провинциясынын 29 аймагында демонстрациялар өттү. Нааразылык акцияга чыккандар Ислам революциясынын сакчылар корпусун сындашып, аларды "алдамчы", "киши өлтүргүч" жана "диктаторго өлүм" деп кыйкырышты. Ошондой эле Ирандын бийлиги экономикалык каатчылыктан улам сынга кабылууда.
Өлкөнүн Mehr маалымат агенттиги сексен жаштагы аятолла Хаманеи Тегерандагы Мосалла мечитинде жума намазда өзү имамдык кыларын кабарлады. Бирок жагдайды өлкөдөгү кырдаал менен байланыштырган жок.
"Иран мамлекети кайрадан биримдигин жана кадырын дүйнөдөгө көрсөтөт", деп жазат маалымат агенттиги.
Аятолла Хаманеи акыркы жолу жума намазда 2012-жылы, Ислам ыңкылабынын 33 жылдык мааракесинде жана Жакынкы Чыгыштын бир нече мамлекетинде "Араб жазы" аталган демонстрациялар болуп жатканда имамдык кылган.
Баш калаадагы негизги мечитте имамдык кылуунун символук мааниси бар. Жакынкы Чыгыш саясаты боюнча Вашингтон институтунун окумуштуусу Мехди Халажинин айтымында, Ирандын жогорку лидери мындай кадамга маанилүү кайрылуу жасаганда барат.
Шаршемби күнү президент Хасан Рухани дагы ирандыктарды биримдикке чакырды. Андан тышкары, Рухани Ирандын армиясын Украинанын учагы атылганы боюнча толук түшүндүрмө берүүгө үндөдү. Ирандын өкмөтү менен армиясы бири-бирине көп сын айтпайт.
Ирандын аскер жетекчилери "Украина эл аралык аба жолдорунун" учагын атып түшүргөнүн үч күндөн кийин мойнуна алган. Расмий билдирүүдө учак аскердик операция аймагына жакын болгону үчүн аны душмандын объекти катары көрүп, абадан коргонуу күчтөрү капысынан атып түшүргөнү айтылган. Кыйраган учак бортундагы 176 жүргүнчү жана экипаж мүчөлөрүнүн баары каза тапкан.

Сүрөттүн булагы, AFP
Тергөө иштери кандай жүрүп жатат?
Бейшемби күнү учак кырсыгында жарандары казап тапкан мамлекет министрлери Лондон шаарында жолукту. Алар Ирандан эл аралык тергөө иштеринде ачык-айкындуулук болушу керек деген талабын айтышты.
Ошондой эле Ооганстан, Британия, Канада, Швеция жана Украинанын тышкы иштер министрлери Иран жакындарын жоготкондорго компенсация төлөп бериши керек деп билдиришти.
"Каргашалуу окуядан кийин көп суроолор жаралды. Жакындарын жоготкондор суроолоруна жооп талап кылышууда. Эл аралык коомчулуктун дагы дал ушундай талабы бар",-деп айтты Канаданын тышкы иштер министри Франсуа-Филипп Шампань.
Андан тышкары тышкы иштер министрлери күнөлүүлөр жоопко тартылышы керектигин айтышты.
Шаршемби күнү канадалык тергөөчүлөр учак кулаган аймакка барып, өз изилдөөсүн өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Алар учактын кара кутучасын анализдөө иштерине дагы катышуу үмүтүн билдиришкен эле. (AT)
































