You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
“Бузукулук токтомоюнча мамилебиз оңолбойт”
Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон менен Орусия президенти Владимир Путин Берлиндеги Ливия боюнча саммит убагында жолугушту.
Жонсон өткөн жылы июлда британ өкмөтүн башкарып калгандан кийин экөө биринчи жолугушуп жатат.
Даунинг-стриттин расмий билдирүүсүнө караганда, сүйлөшүүлөр убагында британдык премьер "Улуу Британиянын Солсбери боюнча позициясы өзгөрбөгөнүн, бул химиялык куралды эң жоопкерчиликсиз колдонуу жана британдык бейкүнөө адамдарды өлтүрүү аракети болгону" жөнүндө сөз кылды.
"Мындай чабуулдар кайталанбашы керектигин ал белгиледи",-дейт британ өкмөтү.
"Премьер-министр Орусия Улуу Британия менен биздин союздаштарга коркунуч туудурган жана жарандарыбыздын коопсуздугун жана биздин жамааттык коопсуздугун бузуп жарган өзүнүн бузукулук иштерин токтотмоюнча эки тараптуу мамиле оңолбой турганын билдирди",- деп кабарлайт Жонсондун басма сөз кызматы.
Орусиянын президентинин расмий сайтында Жонсон менен Путиндин жолугушуусу жөнүндө учкай гана маалымат бар.
"Сүйлөшүүлөрдө тыныгуу убагында Владимир Путин Борис Жонсон жана Урсула фон дер Ляйен менен жолукту. Эки тараптуу мамиленин маселелери, эл аралык проблемалар, анын ичинде Ливиядагы кырдаалды турукташтыруу талкууланды",-деп айтылат президенттин басм а сөз кызматынын билдирүүсүндө.
Скрипалдын иши
Британ өкмөтү 2018-жылы мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипал менен анын кызы Юлиянын ууландырылышы боюнча Орусияны айыптап, 23 орусиялык дипломатты өлкөдөн чыгарып жиберген. Орусия элчилигинин маалыматына караганда, жалпысы болуп Британияны 80 чамалуу киши таштап чыгып кетмек. Булар орус дипломаттары жана алардын үй бүлө мүчөлөрү.
66 жаштагы Сергей Скрипаль жана 33 жаштагы Юлия ошол жылы 4-мартта эс-учун билбеген абалда Солсбери соода борборунан табылган.
Бул окуядан бир апта өткөндөн кийин Улуу Британиянын мурдакы премьер-министри Тереза Мэй мурдагы чалгынчы Сергей Скрипаль Орусиянын аскердик ишканасында чыгарылган зат менен ууландырылганын айтып чыккан. Премьер-министр бул кол салуунун артында Москва турушу мүмкүн деп билдирген.
Андан кийин британ бийлиги "Александр Петров" жана "Руслан Боширов" деген каймана ат менен келген эки кишини Орусиянын чалгын кызматынын офицерлери деп атап, аларды Солсберидеги ууландыруу окуясына күнөөлүү деп айтып чыккан. Британиянын прокуратурасы бул эки кишини айыптоо үчүн жетиштүү далилдер бар деп маалымдаган эле.
Орус бийлиги өз кезегинде Лондондун айыптоосун четке кагып, "ал жерде криминалдык нерсе жок" деп билдирген.
"Албетте, биз алар кандай кишилер экенин карап көрдүк. Биз аларды таптык жана ким экенин билебиз. Кимдер экени тууралуу өздөрү да чыгып айтып берет деп ишенем. Бул баарыбыз үчүн жакшы болот. Ал жерде эч кандай деле криминалдык нерсе жок деп силерди ишендирип кетем",-деген Орусия президенти Владимир Путин. (КС)