Ирандын доклады: украин учагы аэропортко кайтууга аракет кылган

Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

"Украина эл аралык аба жолдорунун" кырсыкка кабылган учагы аэропортко кайтып конууга аракет кылган деп айтылды Ирандын жарандык авиация агенттигинин баштапкы докладында.

учак кырсыкка кабылган жер

Сүрөттүн булагы, ROHHOLLAH VADATI/EPA

"Аэропорттон учуп чыкканда Батышты көздөй көтөрүлгөн учак маселе жаралганда артка кайтуу үчүн оң тарапка бурулган жана кырсыкка кабылганга чейин аба майданды көздөй кайткан",-деди агенттиктин жетекчиси Али Абедзаде ирандык Тасним агенттигине берген маегинде.

Ирандын жарандык авиация агенттигинин пикиринде, кырсыкка чейин учактын бортунда өрт чыккан. Күбөлөр учак кулап баратканда эле күйүп түшкөнүн айтып беришкен.

Бирок өрттүн себеби азырынча аныктала элек. Учкучтар диспетчерге күтүүсүз кырдаал тууралуу эч кандай маалымат берген эмес.

Иран учактын "кара кутусундагы" маалыматтар аркылуу кырсыктын себептерин изилдөөнү улантууда.

Иран баш калаасы Тегеранда "Украинанын эл аралык аба жолдоруна" таандык жүргүнчү учагы кырсыкка кабылды. Куткаруу кызматы учак бортундагы 176 жүргүнчү жана экипаж мүчөлөрүнүн баары мүрт кеткенин билдирди. Учак аэропорттон абага көтөрүгөндөн кийин эле кырсыкка учураган.

Boeing 737-800 учагы Имам Хомейни атындагы эл аралык аэропортто эрте менен саат жетилер чамасында кырсыкка кабылган. Ал жерден болжолу 2400 метр көтөрүлгөн экен.

Украинанын Тышкы иштер министрлиги учактагы жүргүнчүлөрдүн арасында жети өлкөнүн жарандары болгонун тастыктады. Алардын 82си ирандыктар, 63 канадалык жана 11 украин жараны, он жүргүнчү Швециядан, төртөө Ооганстан жараны жана үч киши Британия менен Германиядан.

Украинанын премьер-министри Алексей Гончаруктун айтымында, эки жүргүнчү каттоодон өтүп, бирок учакка олтурган эмес. Бирок алар кайсыл өлкөнүн жарандары болгонун өкмөт башчы ачык айткан жок.

учак кырсыкка кабылган жер

Сүрөттүн булагы, AFP

"Кызыл жарым ай коомунун" Ирандагы өкүлү интервьюсунда мындай кырсыктан аман калууга мүмкүн эмес эле деп айткан. Украина кырсыктын себептери такталганга чейин Иранга каттамдарын убактылуу токтотту.

Бул кырсыктан кийин бир катар эл аралык авиакомпаниялар дагы Иранга каттамдарын токтотконун жарыялашты. Мындай билдирүүнү Singapore Airlines, Qantas, China Southern Airlines, Lufthansa and Malaysia Airlines жасады.

Кырсык болгон жерден учактын кара кутусу табылды. Ирандын жарандык авиация уюмунун жетекчиси Али Абедзаде Тегеран муну Boeing компаниясына же америкалык тарапка бербей турганын айтты.

учак кырсыкка кабылган жер

Сүрөттүн булагы, Fatemeh Bahrami/Getty Images

"Маалыматтар биздин өлкөдө, биздин уюм тарабынан текшерилет. Бирок украин тарап жана учакты жасаган компания бул ишке катыша алат",-деди ал.

Учак

Кырсыкка кабылган Boeing 737-800 NG учагы биринчи жолу 2016-жылдын 21-июнунда биринчи жолу абага көтөрүлгөн. 186 жүргүнчүгө ылайыкталган учак Тегеранга такай учуп турган.

Учак эки күн мурун эле пландуу кароодон өткөрүлгөн эле, деп билдирди авиакомпания

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Учак эки күн мурун эле пландуу кароодон өткөрүлгөн эле, деп билдирди авиакомпания

Авиакомпания ырастагандай, учак эки күн мурун пландуу техникалык кароодон өткөн. Эч кандай мүчүлүштүк болгон эмес жана Тегеранга учуп барганда дагы экипаж тарабынан кандайдыр бир кемчиликтери тууралуу маалымат айтылган эмес, деди авиакомпаниянын техникалык директору Александр Шафиев.

"Бул биздин эң мыкты учак эле жана экипаж өтө ишенимдүү болчу",-деди "Украинанын эл аралык аба жолдору" авиакомпаниясынын президенти Евгений Дыхне.

Дүйнө жүзү боюнча авиакомпанияларда Boeing 737-800 үлгүсүндөгү учактар өтө көп санда колдонулат. Мындай үлгүдөгү учактар эксплуатацияга берилгенден бери ушуну менен онунчу ирет кырсыкка кабылды дейт адистер.

Экипаж

Каттамды ишке ашырууда учактын экипажы күчөтүлгөн эле деди "Украинанын эл аралык аба жолдору".

Учактын командири Владимир Гапоненко 11,6 миң саат учкан. Анын 5,5 миңинде командир болгон. Дээрлик учуулардын баарын Боинг-737 менен ишке ашырган.

Учкуч-инструктор Алексей Наумкин 12 миң саат учкан. Анын 6,6 миңинде командир болгон. Дал ушул Наумкин учактын экипажын күчөтүү үчүн кошулган экен. Экинчи пилот Сергей Хоменко 7,6 миң саат учкан.

Тегеран менен Киев ортосундагы учуунун убактысы төрт сааттан бираз ашат.

учак кырсыкка кабылган жер

Сүрөттүн булагы, ABEDIN TAHERKENAREH/EPA

Каттам

Flightradar24 сайтынын маалыматына караганда, учак Тегерандан жергиликтүү убакыт боюнча 6:38де учуп чыккан. Боинг 2,4 миң метр бийиктикке чыккандан кийин радардан жок болуп кеткен. Бул абага көтөрүлгөндөн аз эле убакыттан кийин.

FlightAware маалыматына таянсак, кырсык болгон маалда Тегеран аэропортунда аба-ырайы жакшы болуп турган.

Божомол

Эксперттер "кара кутуну" ачканга чейин кандайдыр бир божомол айтуу кыйын экенин билдирди. Ошондой болсо дагы түрдүү божомолдор айтылууда. Интернетте болсо бул кырсык Иран менен АКШнын мамилеси чыңалган учурда болгонуна жана ошол түнү Ирактагы америкалык базаларга ракета атылганына басым жасаган пикирлер үстөмдүк кылат.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы

Мындай талкуулар иорданиялык Al-Hadath басылмасы Боингди ирандык ракета капысынан атып алган болушу мүмкүн деген божомолунан улам күчөп кетти.

Би-Би-Синин транспорт боюнча баяндамачысы Том Барриж белгилегендей, учактан келген сигнал ал жерге кулаганга чейин эле токтогон.

"Мунун өзү борто бирдеме болду деген ойлорго түртөт" деп жазды ал.

Иран тарап болжолу учактын кыймылдаткычы күйүп кеткен деген божомолун айтты. Бирок айрым эксперттер кыймылдаткычтын бирөөсүн күйүп кетсе, кырсык мынчалык болмок эмес деп күмөнсүнүп жатат. (AbA)

*