Пакистан: мурдагы президент Мушарраф өлүм жазасына өкүм кылынды

Published

Исламабаддагы атайын соттук коллегия өлкөнүн мурдагы президенти Первез Мушаррафты өлүм жазасына тартуу боюнча өкүм чыгарды. Ага мамлекетке чыккынчылык кылган деген айып тагылган.

Первез Мушарраф учурда Дубайда жашап жүрөт.

2013-жылы козголгон кылмыш ишин караган соттук коллегиянын үч судьясынын экөө өлүм жазасын жактаган.

Генерал Первез Мушарраф 1999-жылы аскердик төңкөрүштүн арты менен бийликке келген. 2001-2008-жылдар аралыганда президенттик кызматы аркалады.

Ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынып, бирок 2016-жылы ал чектөөнү алып салышкан. 76 жаштагы Мушарраф Пакистандан Дубайга дарылануу үчүн келген эле.

Мушарраф 2007-жылдагы Баш мыйзамды токтотуп, өзгөчө башкаруу киргизип, бийлигин узартууга аракет кылган деп айыпталган.

Ал соттун чечимине каршы доо арыз менен кайрылышы мүмкүн. Өлкөнүн мурдагы лидери жакында эле ооруканада жаткан жеринен видео кайрылуу жасап, өзүнө карата тагылган айыптарды негизсиз деп айткан эле.

Мушарраф конституцияны бузган деп, сот алдында жооп берип жаткан биринчи лидер болуп калды.

Мамлекетке чыккынчылык

1999-жылы генерал Мушарраф бийликтен кулаткан Наваз Шариф 2013-жылы кайра Пакистандын премьер-министри болуп келди. Бийликке келер замат генералга мамлекетке чыккынчылык кылган деген айып менен кылмыш ишин козгогон. Сот иштери 2014-жылдын мартынан башталды.

Генерал Мушарраф муну саясий мүнөздө деп четке кагып, Баш мыйзамды убактылуу токтотуу маселесин өкмөттүн министрлер кабинети бекитип бергенин айткан.

Бирок сот бул аргументти четке кагып, генералга мыйзамды одоно бузган деген айып таккан.

Пакистандын конституциясында мамлекеттик чыкынчылык боюнча айыпталгандарды өлүм жазасы күтөт. Генерал Мушарраф сотко келүүдөн баш тарткан.

Өлкө тарыхында аскер жетекчилери мамлекет башына келген учурлар көп болгон. Көпчүлүк аскер жетекчилери жарандык саясатчыларды көзөмөлгө алып же түз өлкөнү башкарып келишкен. Генерал Мушарраф чыкынчылык боюнча айыпталган биринчи башкы командачы болуп калды.

Отставкага кеткенден кийин Мушарраф өлкөсүн таштап чыгып кетип, 2013-жылы кайрылып келип шайлоого катышкан. Бирок сот аны талапкерлигин каттоого тыюу салган.

Айыптоолор угузулуп жатканда эки гана жолу сотко келди. 2014-жылы өлкөдөн кайра чыгып кеткен. (AbA)