Казакстан: Антикытайлык митинг камакка алуу менен коштолду
Казакстандын полициясы өлкөнүн эки ири шаарында өткөн каршылык акциясы учурунда алтымышка чукул кишини кармады. Акцияга чыккандар "Кытайдын экономикалык экспансиясын" токтотуу талабын билдирген.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Коңшулаш Кытай - Казакстандын эң ири инвестору жана соода өнөгү. Бирок Кытайдын айрым өндүрүштөрүн жана заводдорун Казакстанда куруу планы жергиликтүү калктын айрым бөлүгү нааразылыктар менен кабыл алды. "Жергиликтүү өндүрүшчүлөргө жардам берүүнүн ордуна бийлик кытайлык инвесторлорго артыкчылык берип жатат", деген акция катышуучуларынын бири "Франс пресс" агенттигине.
"Рейтер" кабарчысы Нур-Султандагы акция учурунда колуна казак тилинде "Кытай экспансиясын токтотобуз" деген плакатты кармап турган кишини кармап кеткенин көргөн.
Каршылык жүрүшүнө чыгууга үндөгөндөрдүн бири Францияда жүргөн казакстандык банкир Мухтар Аблязов болгон эле. Казакстандын БТА банкынын мурдагы жетекчиси Мухтар Аблязов сыртынан 20 жылга соттолуп, чет өлкөдө жүрөт. Казак оппозициясындагы барандуу саясатчылардын бири катары саналып жүргөн Аблязов сот тарабынан кылмыштуу чөйрөнү түзгөн жана банк каражаттарын уурдаган деп айыпталган.
"Прокуратуранын бир нече эскертүүлөрүнө карабастан, айрым жарандар тыюу салынган экстремисттик уюмдун чагымчыл чакырыктарына алдырып жиберди",-деди Казакстандын Ички иштер министрлиги. Аблязов тарабынан түзүлгөн "Казакстандагы демократиялык тандоо" кыймылынын ишмердүүлүгүнө өлкөдө тыюу салынган.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Ишембидеги митингге уруксат берилген эмес. Укук коргоочулар кандай гана акциялар болбосун, бийлик уруксат бербөөнүн амалын издейт деп айтууда.
Өткөн аптада Алматы жана Нур-Султандын бир нече тургуну 4-5-сентябрдагы митингге катышканы үчүн 10-15 күнгө камалды. Ал акциялар учурунда дагы антикытайлык чакырыктар айтылган эле. (AbA)



























