20-август: Бабанов, Путин жана АКШнын канаттуу ракетасы
20-августка карата дүйнөдөгү жана жергиликтүү кабарларга назар салыңыз.

Бабанов суракка чакырылды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Өмүрбек Бабановду бүгүн саат үчкө суракка чакырды. Эки жыл мурунку президенттик шайлоо учурунда Бабановго шайлоочулардын алдында сүйлөгөн сөзү боюнча "улут аралык кастыкты козуткан" сөз сүйлөдү деп, кылмыш иши козголгон эле. УКМК ошол кылмыш иши боюнча күбө катары аны суракка чакырган.
"Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов жакында эле Кыргызстанга кайтып келди. Анын кайтып келери белгилүү болгондо эле, өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматы мыйзам алдында жооп берет деп билдирүү тараткан. Байкоочулар аны учуп келер замат эле кармап кетиши мүмкүн экенин болжоп жатышкан. Бирок Бабановдун кайтып келүүсүнө тоскоолдук жасалган жок.
Баракча ачылбайт
Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.Facebook посттун аягы
Өмүрбек Бабанов 2017-жылы өткөн президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун эң башкы атаандашы болгон эле. Шайлоо жарышы учурунда анын коңшулаш Казакстандын президентине барып жолукканы кыргыз-казак мамилесин бир топ чыңалткан. Ошол кездеги казак президенти Нурсултан Назарбаев Ѳмүрбек Бабановду кабыл алып, колдоо көрсөткөнүн Ак-Ордонун сайты жазып чыккан. Ошондон кийин расмий Бишкек бул эгемен өлкөнүн ички ишине кийлигишүү болуп жатат деп казак элчисин чакыртып, каршылык нотасын тапшырган.
Көп өтпөй үгүт маалында шайлоочулардын алдында сүйлөгөн сөзү коомчулукта катуу талкуу жаратып, кийин "улут аралык кастыкты козуткан" сөз сүйлөдү деп, кылмыш иши козголгон.
Өмүрбек Бабанов шайлоодо 33 пайыздан ашуун добуш алып, кеминде эки облуста утуп чыккан. Шайлоодон кийин саясатты жыйыштырганын айтып, Орусияга кетип калган эле.
Шайлоодогу дебаттарында Сооронбай Жээнбеков "коррупция менен күрөштүн сенден баштайм" деп Бабановго опурулуп, "2005-жылдан баштап кимдин кантип байыганын, ким мамлекетке кызмат кылганын, ким уурдаганын жакшы билем, сага 25 суроом бар",- дегени бар.
Бирок Бабановко ошол суроолор бериле элек эле. Кечээ күнү Бабанов Финансы полициясына сурак берип чыкты.
Путин каршылык акциялары боюнча үн катты

Сүрөттүн булагы, AFP
Орусиянын президенти Владимир Путин биринчи жолу Москвадагы каршылык жүрүштөрү боюнча пикирин билдирди.
Москванын Думасына шайлоого оппозициялык талапкерлер катыштырылбай калганына нааразылык билдирген жүрүштөр басылбай жатат.
Шейшембиде Франция президенти Эммануэл Макрон менен жолугушуу учурунда Путин "жарандар тынчтык жолу менен жүрүш өткөрүүгө укуктуу" деп айтты. "Бирок бирөө дагы мыйзамды бузуп, кырдаалды чыңалтууга укугу жок" деген Путин.
Кытай: коомдук сайттардагы жалган маалыматтар
Twitter жана Facebook компаниялары коомдук сайттардан кытай бийлигине байланышкан фейк аккаунттарды таап чыкканын билдирди. Алар Гонконгдогу каршылык жүрүштөрү боюнча жалган маалыматтарды таратып турганы айтылууда. Кытайдын өзүндө коомдук сайттарга бөгөт коюлган.
Twitter "Гонконгдогу кырдаалды курчутууга багытталган" деген негизде 936 аккаунтту жапты. Facebook жети баракчаны, үч топту, беш аккаунтту өчүрдү.
АКШ 500 чакырым аралыкка учкан канаттуу ракеталарын сынады

Сүрөттүн булагы, AFP
АКШ Орто жана кыска аралыкка учуучу ракеталарга тыюу салган келишимден чыгып кеткенден кийин биринчи жолу жаңы канаттуу ракетасын сыноодон өткөрдү.
Сыноо жекшембиде Калифорниянын Сан-Николас аралында өткөнү белгилүү болду. Ракета 500 чакырымдай аралыкка учуп, бутага тийген.
Пентагондун билдирүүсүндө март айында эле миң чакырым алыска уча турган ракеталарды сыноо ниети болгону айтылат. Ошондой эле ноябрда орто аралыкка атыла турган баллистикалык ракеталарды сыноодөн өткөрүү каралууда.
Орто жана кыска аралыкка учуучу ракеталарга тыюу салган келишимге ылайык, 500дөн 5500 километр аралыкка чейин учкан ракеталарды колдонууга тыюу салынган эле. Келишимге 1987-жылы Рональд Рейган менен Михаил Горбачев кол койгон. Бирок бул келишимден АКШ менен Орусия чыгып кетти.
АКШ келишимден чыккан себебин Орусия талаптарды бузганы менен түшүндүргөн. Орус бийлиги жашыруун жол менен жаңы үлгүдөгү ракеталарды иштеп чыгууда. Ал ракеталар 500 чакырмыдан алыс бутага жетет деп айыптаган. Бирок орус тарап жаңы иштелип жаткан ракетасы 500 чакырымдан алыс атылбай турганын айтып чыкты.
Вашингтон мындай ракеталарды жок кылууну Москвадан талап кылып, мөөнөт берген эле. Буга жооп кылып, орус тарап дагы келишимден чыгып кеткен. (AbA)































