Казакстан: Арыстагы кырсыктан эки киши каза тапты
Арыс шаарынан тургундар коопсуз жайга чыгарылып, шаарды Улуттук гвардиянын аскер бөлүктөрү көзөмөлдөп жатат. Шаардагы 43 миңден ашуун туругундун дээрлик баары коопсуз жайга чыгарылып кеткен.

Сүрөттүн булагы, Social media
Казакстандык айрым маалымат каражаттары Арыста жарылуудан улам эл тополоңго түшүп, шаардан качып кетип жатканын кабарлашууда.
"Азыр кырсыктын масштабын көрүп, биз шаарды толугу менен эвакуация кылуу керек деп жатабыз",-деди Түркстан облусунун акими Умирзак Шукеев.
Казакстандан сыртта жүргөн оппозициялык саясатчы Мухтар Аблязов Арыстагы окуяга бийликтин кенебес мамилесинен болду деп, куткаруу иштеринде бийликтин жана аскерлердин аракеттери жакшы болбой жатат деп сынга алды.
"Биздин армия тынч адамдарды басып басмырлаганга гана кызмат кылат. Эгер эртең бир коркунуч болсо, биздин армия өлкөнү коргой албайт",-деген Мухтар Аблязов. Арыста курал-жарак туура сакталбаганы үчүн мурда да жарылуулар болуп, адам өлүмүнө алып келген деп жатат.
Кырсыктан эки киши каза тапканы белгилүү болду. Алардын бири аскер бөлүгүнүн кызматкери, экинчиси Арыстын тургуну экени айтылат. Расмий маалыматтарга караганда, каза тапкан тургундун унаасына снаряд тийген. Аскер кызматкеринин сөөгүн аскер бөлүгүнөн алыс эмес жерден табышкан.
Кырсык болгон жерден коопсуз жайга чыгарылып кеткен тургундарды тактоо иштери жүрүп жатат деп айтылат расмий маалыматта. ИИМ тургундарды дүрбөлөңгө түшпөй, расмий булактар аркылуу айтылган маалыматтарга ишенүүгө чакырды.

Сүрөттүн булагы, official
Чымкенттин өзгөчө кырдаалдар боюнча департаментинде "Түз байланыш" кызматы ачылып, 24 саат боюу иштеп жатат деп билдирди расмий булактар.
Кечээ күнү Түркстан облусунун аймагындагы Арыс шаарында ок-дары сакталган кампада жарылуу болгон. 15 киши реанимацияга түшкөнү, жетимиштен ашууну ооруканага жаткырылганы белгилүү болду. Жарылуунун себепби азыркыга чейин белгисиз. Өзгөчө кырдаалдар департаменти Чымкент шаарында бир нече эвакуациялык пункт иштеп жатканын кабарлоодо. Өлкөнүн ар кайсыл аймактарынан жабыр тарткандарга гумжардамдар келип түшө баштады.

Сүрөттүн булагы, official
Коргоо министрлиги кырсык болгон жерде коркунучтуу радиоактивдүү жана химиялык каражаттар жок экенин айтууда. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголгон. Кечээ күнү аймакка өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев барды. Токаев тиешелүү кызматтарга жарылуунун кесепетин жоюу жана тургундардын коопсуздугун камсыздоону тапшырган. Ошондой эле жарылуунун себептерин тез арада тактоого буйрук берди. (AbA)































