Би-Би-Си дүрбүсүндө, Генерал Артур Медетбеков: HIMARS украин армиясына чоң артыкчылык берген жок

Украинанын президенти Владимир Зеленский HIMARS ракетасы Россияга каршы согуштун жүрүшүн өзгөртүп жатканын билдирди. Америкалык өндүрүштөн чыккан ракета ондогон орус буталарын, анын ичинде командалык пункттарды, ок-дары сакталган кампаларды талкалады. Би-Би-Си украин президентинин оптимисттик билдирүүсүнө канчалык негиз бар экенин сурап, генерал Артур Медетбековго кайрылды.