Кыргыз бийлери боюнча таймаш өттү
Published
Бишкекте кыргыздын байыркы бийлери боюнча таймаш ѳттү. “Бий battle” деп аталган иш-чаранын уюштуруучулары билдиргендей, бий таймашынын максаты – улуттук этнобийлерди эл арасына жайылтуу жана өнүктүрүү. Таймашта “Кыргы эл бий” сынагына катышып жаткан онго жакын бий топтору өздөрүнүн мыкты даярдыгын көрсөтүштү. Мындай бий мелдештери Ош шаарында да өтөөрү күтүлүүдө. (Руфат Эргешов тарткан видео)