Лондон сүйлөйт: 16.09.14

Published

16.09.2014

  • Украина Европа Биримдиги менен ассоциация түзүү боюнча келишимди ратификациялары.
  • Британ лидерлери Шотландиядагы көз карандысыздык референдуму алдында аймакты Улуу Британиянын курамынан чыкпоого чакырды.
  • Ал эми Шотландиядагы референдум менен Крымдын аннекциясын салыштырууга болобу? Адис менен маек.
  • Кыргызстанда Ички иштер жана Маданият министрлери кызматтан кетти. Алдыда дагы бир катар чиновниктер алмашат деген божомолдор айтылууда.
  • Кыргыз өкмөтү алты ай ичинде канчалык деңгээлде эффективдүү иштей алды. Бул теманы студиябыздын коногу Аалыбек Акунов менен талкуулайбыз.
  • Бишкектеги бийликтер Путин атындагы пабдын ачылышына бөгөт коймокчу.
  • Дүйнөдө жылына алты миллиондон ашуун ымыркай беш жашка жетпей чарчап калууда. Кыргызстандагы абал кандай?

Ибраим Нуракун уулу жана Йоханнес Делл менен Би-Би-Сини угуңуз.