Лондондун көпүрөлөрү

Published

Британиянын борбордук шаары Лондонду көпүрөсүз элестетүү кыйын. Жаңы ачылган көргөзмөдө көпүрөлөр шаардын жашоосу үчүн канчалык маанилүү экенин түшүндүрүүгө аракет кылышкан.

Сепил көпүрө, c1910.  © Кристина Брум/Лондон Музейи
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Британиянын борбордук шаары Лондонду анын көпүрөлөрүсүз элестетүү кыйын. Жаңы ачылган көргөзмөдө көпүрө шаардын жашоосу үчүн канчалык маанилүү экенин түшүндүрүүгө аракет кылышкан. Сүрөттө: Сепил көпүрө же “Tower Bridge”. (Сепил көпүрө c1910, Кристина Брум)
Лондон көпүрөсүндөгү бороондуу кеч. 1937, Хенри Тернер
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көпүрө лондондуктар үчүн Темза дайрасынын түндүгү менен түштүгүн байланыштырганы менен, шаар үчун анын символу болуп калды. (Лондон көпүрөсүндөгү бороондуу кеч. 1937, Хенри Тернер)
Блэкфайрс көпүрөсү. Иозеф Фаррингтон-1747-1821 © Иозеф Фаррингтон/Лондон музейи
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөтчүлөр дайранын боюн тартканы жактырат. Эми Лондон Доклендс музейи аларды көргөзмөгө алып чыгууну чечти. (Блэкфайрс көпүрөсү. Иозеф Фаррингтон-1747-1821)
Уйкуга бөлөнгөн кыймыл: Фильм кадры, 1308. © Суки Чан
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2014-жылдын 4-ноябрына чейин улануучу көргөзмөгө колго тартылган сүрөттөр, фотосүрөттөр жана фильмдер коюлду. Лондон көпүрө станциясын тарткан Суки Чан бул чыгармасын "Уйкуга бөлөнгөн кыймыл" деп атаган.
Лондон көпүрөсүнүн ичинде. © Люсинда Гренж
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кызыктуу окуяларды издеген сүрөтчү Люсинда Гренж Лондон көпүрөсүнүн ичине кирип, сүрөт тарткан сейрек кишилердин бири.
Хангерфорд көпүрөсү. 1845-жыл. © Уиллиам Хенри/Лондон музейи
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лондон музейин жана Лондон Доклэндс музейин өзгөртүү долбоорунун директору Девид Спенсер: “Көпүрө феномени эмнени билдирет деген суроого жооп издейбиз. Мунун маанилүү жагы эки жээкти туташтырбастан эле, Лондонду жакшылап көрүүчү жер болуп саналат”, - дейт. (Хангерфорд көпүрөсү. 1845-жыл, Уиллиам Хенри Фокс Талбот)
1790-1837-жыл, Гидеон Йейтс. © Лондон музейи
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лондондогу алгачкы көпүрөнү римдиктер курушкан. Император Клавидия Кент шаарынан келип, дайрадан өтүүнү көздөгөн. Биздин заманга чейин 50-жылы бул көпүрө курулуп бүткөндө анын тегерегине соодагерлер келишип, азыркы Лондон пайда болгон. Лондондогу көпүрөдөн тартылган сүрөт. (1790-1837-жыл, Гидеон Йейтс. Лондон музейи)
Албион миллстин төбөсүнөн тартылган сүрөт. Роберт Баркер, Хенри Астон Баркер жана Федерик Бирни (1787-92 гравьюра)  ©  Лондон музейи
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Албион миллстин төбөсүнөн гравьюра менен тартылган сүрөт. 18-кылым, Роберт Баркер, Хенри Астон Баркер жана Федерик Бирни. Бул учурда Лондондо үч эле көпүрө болгон - Блэкфайрс, Вестминстер жана Лондон.
Хаммерсмит көпүрөсү.  © Сандра Флетт/Лондон муйзейи
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Баш калаада бардыгы болуп 35 көпүрө бар. Хаммерсмит көпүрөсү 1955-жылы Сандра Флетт тарабынан тартылган. Мындан кийин дагы көпүрө салынышы мүмкүнбү?
Келечектеги Бакча көпүрөсүнүн божомолдуу сүрөтү.  Томас Хитервик. © Аруп
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Келечектеги Бакча көпүрөсү. Британиялык актриса Ионна Лимлей 1998-жылы бул көпүрөнү принцесса Дианага арноону каалаган. Анын кыялы 2012-жылы долбоорго айланып, 2017-жылга чеийн 150 миллион фунтка салынышы күтүлүүдө.