АКШдагы хоккей клубуна өткөн кыргызстандык Асан

Видеонун түшүндүрмөсү, АКШдагы хоккей клубуна өткөн кыргызстандык Асан
Published

Он жаштагы кыргызстандык Асан Абдыгулов "Чикаго-Иллинойс" хоккей клубуна өттү. Хоккей спорту анча жайыла элек өлкө үчүн бул өтө жагымдуу жаңылык. Эми Асан июлда жаңы команда менен машыгууну баштоо үчүн АКШга виза алууну күтүп жатат. Чечкиндүү, токтоо жана өжөр спортчу жана анын апасына Акчолпон Койчиева жолугуп келди.