Камчыбек Ташиев: Өзбекстан менен сүйлөшүүгө кайра барабыз
Published
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнө келип, жергиликтүү тургундар менен жолукту.
Аталган аймакта эки-үч күндөн бери "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жерди Өзбекстанга алмаштырууга каршы митинг өтүүдө. Ынтымак суу сактагычка эң жакын айылдардын бири. Нааразылык билдирген тургундар жерди берүүгө карaманча каршыбыз деп жатышат.