Гүлнура: жеңемдин вирустан көз жумганын өтө оор кабыл алдык
Published
Кыргызстанда коронавирустан дарыгер көз жумду деген суук кабар желдей тарады. Президент Сооронбай Жээнбеков да маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтты. Каза тапкан дарыгердин келини Гүлнура Кыштообаева Би-Би-Сиге дарыгердин өмүрүнүн соңку күндөрү, ишмердиги тууралуу маек курду.