Кыргыз жана тажик президенттеринин күн тартибинде чек ара маселеси
Бүгүн Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек ара тилкесинин кесилишинде жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүштү.
22-июлда Ак-Сай-Ворух чек ара тилкесинде жергиликтүүлөрдүн ортосунда жаңжал чыгып, ок атылып, Тажикстан бир жараны каза таап, жети киши жаракат алганын маалымдаган. Ал эми кыргыз тараптан баш-аягы 31 адам ар кандай жаракат алып ооруканага кайрылган. Учурда алардын 17си ооруканада дарыланып жатат. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы чырдан улам Ак-Сай айылынын 600дөй тургуну, көбү балдар менен аялдар, Баткен шаарына чыгарылган эле. Алар 25-июлда кайра үйлөрүнө жеткириле баштады.
Эки президенттин жергиликтүү эл менен жолугушуусу кыргыз-тажик чек ара тилекесинин кесилишинде Ак-Сай менен Ворух айылдарында болду. Андан кийин эки лидердин жолугушуусу Тажикстандын Исфара шаарында өттү. Алардын сүйлөшүүлөрү эртең Чолпон-Ата шаарында уланган жатат.