You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.

Take me to the main website

Шайлоо-2025: Талапкер №26 округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылды

Кыргызстанда кезексиз парламенттик шайлоо өтүп жатат. Жогорку Кеңештеги 90 депутаттык орун үчүн 30 округда 460дан ашуун талапкер ат салышып жатат. Жогорку Кеңештин буга чейинки чакырылышы 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, парламентке кезексиз шайлоо 30-ноябрга дайындалган.

Корутунду

  • Кыргызстанда жекшембидеги кезексиз парламенттик шайлоодо 1 миллион 583 миңден ашуун адам добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 36,88 пайызын түзөт.
  • Шайлоонун алдын ала жыйынтыгына ылайык, 30 округдун ар биринен кайсы үч талапкер алдыга чыкканы белгилүү болду. Алар канча добуш топтогонун Би-Би-Синин интерактивдүү картасынан көрө аласыз.
  • Расмий маалыматка ылайык, шайлоо күнү БШКга жалпы 67 кайрылуу келип түштү. Анын ичинен үгүт шарттарын бузуу боюнча 28 арыз, добуш сатып алуу аракетине байланышкан 18 кайрылуу, техникалык мүчүлүштүктөр тууралуу 4 билдирүү бар.
  • Президент Садыр Жапаров Бишкекте добуш берип жатып, Кыргызстанда буга чейин болгон бардык төңкөрүштөр шайлоонун жыйынтыгына байланышкан нааразылыктардан чыкканын эске салып, "чыр чыкпагандай шарт түзөбүз" деп билдирди.
  • Айрым талдоочулар кезексиз парламенттик шайлоого буга чейин соттолгонуна же кылмыш жоопкерчилигине тартылганына байланыштуу айрым оппозициялык саясатчылар катыша албай калганына көңүл бурушту.
  • Бул ирет парламенттик шайлоо соңку жыйырма жылда биринчи жолу толук мажоритардык система менен өттү. Жаңыланган шайлоо мыйзамына ылайык, 30 округдун ар биринен мурдагыдай 1 эмес, 3 депутат шайланып келет. Алардын бири аял болушу зарыл же эки аял талапкер алдыга чыкса, үчүнчүсү эркек болушу шарт.

Түз алып баруу

Кыргызстанда кезексиз парламенттик шайлоо өтүүдө.

  1. Төмөнкү-Серафимовкадагы №7133 добушканадагы көчмө добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды

    №25 аймактык шайлоо комиссиясы 29-ноябрда «Фейсбукка» жарыяланган видеолорго байланыштуу чечимин чыгарды.

    Боршайкомдон билдиришкендей, ал видеолордо Чүйдүн Төмөнкү-Серафимовка айылындагы Карылар жана майыптар үйүндөгү №7133 участкасында добуш берүүнүн купуялуулугунун бузулган белгилер бар. Ага ылайык, №25 АШК өз жыйынында бир добуштан аталган шайлоо тилкесинде өткөрүлгөн көчмө добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин кабыл алды жана материалдарды андан ары кароо үчүн БШКга жөнөттү.

    БШК келип түшкөн материалдарды шайлоо мыйзамдарына ылайык иликтеп жатат.

    Кыргызстанда 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун алкагында добуш берүү өтүүдө. Шайлоого 460тай талапкер катышууда.

    29-ноябрда мыйзамга ылайык, шайлоо тилкелерине келе албаган жарандар үчүн көчмө добуш берүү өткөрүлгөн.

  2. Орусияда 40 шайлоо тилкеси ачылды: добуш берүү активдүүлүгү жогору

    Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айымкан Кулукеева мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо Орусиянын бардык аймагында 40 шайлоо тилкеси ачылганын Би-Би-Сиге билдирди. Айтымында, эң алгачкы тилке Камчаткада Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө ачылды.

    “Андан кийин бир саат өткөндө Түштүк Сахалинде, андан соң Владивостокто ачылды. Ошентип отуруп азыркы сааттарга карата Орусиянын бардык аймактарында 40 шайлоо тилкеси ачылып, иштеп жатат. Москвада жети шайлоо тилкеси иштөөдө. Андан тышкары быйыл биринчи жолу Москва облусунда жайгашкан Видное, Красногорск жана Власиха шаарларында өзүнчө шайлоо тилкелери ачылды”, – деди ал.

    Айымкан Кулукеева мурдагы мыйзамдарда консулдук каттоодо тургандар гана шайлоого катыша алары көрсөтүлүп, бул талап Орусиядагы кыргызстандыктардын арасында көп нааразычылык жаратып келгенин айтты. Ошондой эле жаңы эрежелер менен шайлоочуларга берилген жеңилдиктерге токтолуп өттү.

    “Мурда консулдук каттоодо тургандар гана добуш бере алат деген талап бар болчу. Тизмеде жок болуп, шайлоого кире албай агрессия менен кайтып кеткен учурлар көп болчу. Бул сапар консулдук каттоо талабы алынып салынды. Учурда “Түндүк” системасы аркылуу да добуш берсе болот. Көп шайлоо тилкелери ачылып, шайлоочуларга кеңири мүмкүнчүлүк берилди. Эртең менен активдүүлүк жакшы болду. Саат 7:30дан тартып эле добуш бергени келгендер толуп калды. Мурдагыдай агрессия деген жок, шайлоочулар жайдары”, – деди ТИМ өкүлү.

  3. Прокуратура: Үгүт иштерине аралашкан үч мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер кызматынан бошотулду

    Башкы прокуратуранын өкүлү Самат Жунусов мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин үгүт иштерине аралашуусуна байланыштуу беш чара көрүү актысы катталганын билдирди.

    Анын айтымында, тиешелүү текшерүүнүн жыйынтыгында бир кызмат адамына тартиптик чара колдонулуп, үч кызматкер кызмат ордунан бошотулган. Дагы бир сунуштама каралып жатканы айтылды.

    Маалыматка караганда, шайлоого байланыштуу прокуратурага 25 арыз келип түшкөн. Тиешелүүлүгүнө жараша алардын 11и ИИМге, 6сы БШКга жөнөтүлгөн.

    Арыздардын ичинен экөө прокуратуранын маалыматтарынын электрондук журналына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин алкагында кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынган. Бир арыз башка материалга бириктирилип, калган беш арыз боюнча тиешелүү тактоо иштери жүргүзүлгөн.

  4. БШК: Административдик ресурсту колдонуу боюнча сегиз арыз келип түштү

    Саат 14:00гө карата Борбордук шайлоо комиссиясына ар кандай деңгээлдеги 220 маалымат келип түшкөнүн брифинг учурунда БШК мүчөсү Алтынбек Кубатбеков билдирди.

    Анын айтымында, 114 – үгүт шарттарын бузуу, 37 –талапкерлердин кадыр-баркына шек келтирүү, 8 – административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу, 22 – шайлоочуларды сатып алуу боюнча, башка укук бузуулар боюнча дагы 9 билдирүү келип түшкөн.

    “Эртең мененки 10:00дөгү брифингден кийин БШКга 10 миң 300дөн ашык арыз түшүптүр деген фейк маалымат тарады. Бул чындыкка туура келбейт. Азыркы сааттарга карата БШКга келип түшкөн арыздардын саны 220ны түздү”, – деди ал.

    Ошондой эле ал беш талапкерге эскертүү берилгенин, добуш сатып алуу боюнча үч факты катталганын жана үч талапкер шайлоодон четтетилгенин эске салды.

  5. 14:00гө карата 815 миң 766 жаран добуш берди

    Саат 14:00гө карата жалпы 815 миң 766 жаран добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиянын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров брифинг учурунда билдирди.

    Маалыматка караганда, бул шайлоочулардын жалпы 19 пайызын түзөт.

  6. Чет өлкөлөрдө төрт миңге чукул жаран добуш берди

    Саат 12:30га карата чет өлкөлөрдө 3 миң 722 жаран добуш бергенин брифингде тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев билдирди.

    Анын сөзүнө караганда, мурдагы шайлоолордо чет өлкөлөрдө жашаган жарандардын шайлоо укугун камсыздоо үчүн 59 шайлоо тилкеси уюштурулса, бул ирет алардын саны 100гө чейин көбөйтүлдү.

    “Орусияда биздин жарандар көп болгондуктан, ал жакта жалпы 31 шаарда шайлоо тилкеси ачылды. Мындан тышкары Түркияда — 8, Казакстанда — 8, Италияда — 3 жана башка бир нече мамлекетте да добуш берүү пункттары иштеп жатат. Шайлоочулар добуш берүү процессине активдүү катышууда”,- деди Имангазиев.

  7. Президент Садыр Жапаров шайлоочуларды активдүү катышууга чакырды

    Кыргызстан президенти Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен бирге Бишкектеги №1046 шайлоо тилкесине барып добуш берди.

    Журналисттрге билдирүү кылып жатып, элди добуш берүүгө активдүү катышууга чакырды.

    Ал бул шайлоонун өзгөчөлүгү толук автоматташкан система колдонулуп жатканы менен байланыштуу экенин белгиледи.

    “Бул өзгөчө шайлоо, анткени бүт шайлоо системасы автоматташтырылган. Адам фактору катышпайт. Мурда өзүңүздөр билгендей бюллетендерди чыгарып алып, ар бир тилкеге ашыкча 50-100дөн коюп, ашкан бюллтендерге бир талапкерди белгилеп, өткөргөн учурлар болчу. Азыр андай жок. Келген жерден бюллтенди аласыңар, баарын компьютер эсептейт жана кечинде компьютер чыгарат”, – деди ал.

    Ошондой эле Кыргызстанда буга чейин болгон бардык төңкөрүштөр шайлоонун жыйынтыгына байланышкан нааразылыктардан чыкканын да эске салды.

    “Мындан ары баардык шайлоолорго адам фактору аралашпагандай кылып, чыр чыкпагандай шарт түзөбүз”,- деди президент.

    Ал шайлоодо добуш сатып алуу көйгөйү дагы эле толук жоголбой жатканын белгиледи.

    “Албетте шайлоочулардын баары сатып алып атат деп айтпайм. Басымдуу бөлүгү акчага кызыкпайт. Саналуу сатылгандар болуп жатат. Биз аларды көрүп, кармап жатабыз. Он чакты ушундай иш болду окшойт”,- деди Жапаров.

    Жапаров чет өлкөдө жүргөндөр үчүн да долбуш берүү шарттары кыйла жакшырганын айтты.

    “Мурда бир жума мурун шайлоого катышам деп катталып анан шайлачү, азыр андай эмес. Паспортун көтөрүп келип, каалаган тилкеде шайласа болот. Ар бир добуш мамлекеттин келечегин чечет”,- деди ал.

  8. Шайлоого элдин катышы кандай болууда?

    30-ноябрда өтүп жаткан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо саат 12:00гө карата 12,07 пайыз, башкача айтканда, 518 473 жаран добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыяланууда.

  9. Ош облусунун №5433 шайлоо тилкесинде мыйзам бузуу катталганы айтылууда

    Ош облусунун №9 шайлоо округунан мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкер Жылдыз Кадырова №5433 шайлоо тилкесинде мыйзам бузуу катталганын айтып, тартып алган видеосун Facebook баракчасына жарыялады.

    Видеодо добуш берүү кабинасынын жанында эки адамдын турганын көрүүгө болот.

    “Бул аракет КР Шайлоо кодексинин 3, 32 жана 43-беренелерин түздөн-түз бузууга жатат. 3-берене — добуш берүүнүн купуялуулугу бузулду. 32-берене — шайлоочуга кийлигишүүгө жана басым көрсөтүүгө тыюу салуу. 43-берене — добуш берүү күнү үгүт жүргүзүүгө тыюу салуу”,- деп жазды ал.

    Жылдыз Кадырова бул факт боюнча аймактык шайлоо комиссиясына расмий юридикалык арыз тапшырганын билдирди.

  10. Эл шайлоодон эмнени күтөт?

    Кыргызстанда кезексиз парламенттик шайлоо башталды. Жогорку Кеңештеги 90 депутаттык орун үчүн 30 округда 460дан ашуун талапкер ат салышып жатат.

  11. ИИМ: Шайлоого байланыштуу тараган тизме боюнча текшерүү жүрүп жатат

    Ички иштер министрлиги социалдык тармактарда шайлоого байланыштуу тараган тизме боюнча текшерүү иштерин жүргүзүп жатканын, брифинг учурунда министрликтин басма сөз кызматынын башчысы Султан Макилов билдирди.

    Анын айтымында, бул – фейк маалымат. Андай тизмe азырынча жок жана болушу да мүмкүн эмес.

    Ал жарандарды мамлекеттик органдардын расмий билдирүүлөрүнө гана ишенүүгө чакырды.

    Буга чейин социалдык тармактарда ар бир округ боюнча “Жогорку Кеңештин бекитилген депутаттары” деген тизмеге байланышкан маалымат тараган.

  12. Камчыбек Ташиев: “Бул шайлоо ушунчалык таза, так жана ишенимдүү болот”

    Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев Бишкектеги №1046 шайлоо тилкесинде добуш берди. Андан соң журналисттерге маек куруп жатып, шайлоочуларга жана талапкерлерге бардык шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

    Айтымында, учурда республиканын бардык аймактарында шайлоо толук кандуу өтүп жатат жана коопсуздук маселеси толук сакталууда.

    “Шайлоочулар каалаган кишини эркин тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мен тынчтык, туруктуулук жана келечек үчүн добуш бердим. Келечектеги депутаттар 5 жылда мамлекеттин экономикалык жана саясий өнүгүүсүнө байланышкан маселелерди чечүүгө көмөктөшөт деген ишенимде добуш бердим”,- деди ал.

    Камчыбек Ташиев мындан сырткары учурда Кыргызстанда колдонулуп жаткан шайлоо системасынын аналогу жок экенин айтты.

    “Бул мурдагы Советтер Союзунун мамлекеттеринин арасында, керек болсо айрым европалык мамлекеттердин арасында аналогу жок. Каалаган шайлоочу өзүнө ыңгайлуу шайлоо тилкесине барып добуш бере алат. Мурдагыдай кошумча тизмеге жазылуу, кошумча бюллетень чыгаруу деген толук жоюлган. Бул жерде бардыгы электрондук. Экинчиден, журналга кол коюлуп, кагаз түрүндө дагы текшерилип турат. Бул шайлоо ушунчалык таза, так жана ишенимдүү болот. Мен ойлойм, дүйнөлүк коомчулук муну көрүп ынанат”,- деди ал.

  13. Саат 10:00гө карата шайлоочулардын 3,89 пайызы добуш берди

    Саат 10:00гө карата 167 072 шайлоочу добуш берди. "Бул көрсөткүч жалпы шайлоочулардын 3,89 пайызын түзөт", - деп билдирди Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров түз эфирде.

    № 1 шайлоо участогу – 5,04

    № 2 шайлоо участогу – 4,00

    № 3 шайлоо участогу – 4,62

    № 4 шайлоо участогу – 5,22

    № 5 шайлоо участогу – 3,92

    № 6 шайлоо участогу – 4,36

    № 7 шайлоо участогу – 4,36

    № 8 шайлоо участогу – 4,21

    № 9 шайлоо участогу – 3,82

    № 10 шайлоо участогу – 4,34

    № 11 шайлоо участогу – 3,47

    № 12 шайлоо участогу – 4,22

    № 13 шайлоо участогу – 4,92

    № 14 шайлоо участогу – 4,25

    № 15 шайлоо участогу – 4,52

    № 16 шайлоо участогу – 4,55

    № 17 шайлоо участогу – 3,19

    № 18 шайлоо участогу – 3,41

    № 19 шайлоо участогу – 2,99

    № 20 шайлоо участогу – 2,33

    № 21 шайлоо участогу – 2,80

    № 22 шайлоо участогу – 2,50

    № 23 шайлоо участогу – 3,25

    № 24 шайлоо участогу – 2,78

    № 25 шайлоо участогу – 3,48

    № 26 шайлоо участогу – 4,87

    № 27 шайлоо участогу – 3,54

    № 28 шайлоо участогу – 3,25

    № 29 шайлоо участогу – 3,00

    № 30 шайлоо участогу – 4,70

  14. ИИМ добуш сатып алуу боюнча 9 кылмыш ишин козгоду

    Бүгүнкү күнгө карата шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча БШКга жана ИИМге 256 билдирүү жана маалымат түшкөнү маалым болду. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин өкүлү Султан Макилов БШКдагы түз эфирде билдирди.

    “Алардын 59у буга чейин үгүт маселелери баштала электе келип түшкөн. 9 материал боюнча учурда 196 - берене (Добуштарды сатып алуу) фактысы боюнча кылмыш иштери козголуп, тергелип жатат. Жалпы 12 жарага айыптар угузулду. Бишкектен 5, Чүй облусунан 2, Жалал-Абадда 2 кылмыш иши козголуп, учурда тергелүүдө. Добуштарды сатып алуу сыяктуу мыйзамсыз аракеттер катталса катуу чаралар көрүлөт”,- деди ал.

    Анын айтымында, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында 14 миңден ашуун ИИМ кызматкери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

  15. Көчмө добуш берүү учурунда 9 миңден ашуун киши добуш берди

    Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров УТРКнын түз эфириндеги брифингде 29-ноябрда ден соолугуна, жаш курагына же башка негиздүү себептерге байланыштуу шайлоо тилкелерине келе албаган жарандар үчүн көчмө добуш берүү уюштурулганын маалымдады.

    Анын айтымында, 1 332 участкалык шайлоо комиссиясына жалпы 10 335 арыз түшкөн. Алардын негизинде кечээ 9 318 жаран үй шартында добуш берди.

    “Бардык жол-жоболор Кыргызгызстан мыйзамдарынын талаптарына ылайык аткарылды”,- деди ал.

    29-ноябрда үймө-үй жүргүзүлгөнүн добуш берүү маалында эрежелер олуттуу бузулган учурлар катталганын талапкерлердин бири Дастан Бекешев социалдык тармактардагы баракчасына жазып чыккан эле.

    Анын айтымында, №1130 тилкедеги аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү өздөрүнө тиешелүү эмес аймак да барышкан.

    “Алар 5-кичи райондо туруп, 12-кичи районго барган. БШК буга чейин шайлоочу катталган жеринде жашабаса, анын бюллетени кабыл алынбайт деп эскерткен. Бирок бул жолу эмнегедир аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү ошол жакка чыгып кетишти. Мындан да кызыгы, урна келгенге чейин элешайлоочу бюллетенге белги коюп, ачык эле үстөлгө таштап койгон. Көк-Жар айылындагы №1161 участокто болсо кызык окуя болгон. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы мүчөлөрдү добуш алууга жөнөтүп, өзү бирөөгө телефон чалып, кантип жана кимге добуш берүү керектигин сураган”,- деген Бекешев.

    Ага жооп катары БШК добуш берүү мыйзамга ылайык жүргүзүлгөнүн билдирди.

    Анда №1130 шайлоо участогунда тизмесинде турган шайлоочунун I топтогу майыптыгы бар экендигин, анын жакын тууганы – кызы үйдөн добуш берүүгө арыз бергендигин айткан.

    “Шайлоочунун Конституциялык укуктарын камсыз кылуу максатында №1130 участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүүнү анын турган жеринде уюштурду”,- деген БШК.

  16. Шайназаров: Өлкөбүздө биринчи жолу аралыктан добуш берүү ыкмасы колдонулууда

    Бүгүн, 30-ноябрь, саат 8:00дө өлкө боюнча бардык шайлоо тилкелери ачылып, Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурдагы шайлоосу башталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров УТРКнын түз эфириндеги брифингде айтты.

    Айтымында, республика боюнча жалпы 2 492 шайлоо участкасы ачылды. Ошондой эле 27 дистанциялык жана чет өлкөлөрдө ачылган 100 шайлоо тилкеси ишин баштады.

    “Өлкөбүздө биринчи жолу аралыктан добуш берүү ыкмасы колдонулууда. Бул ыкма жарандардын алдын ала арыз берүүсү жок эле шайлоого катышуусуна мүмкүндүк берет”,-деп баса белгиледи БШК төрагасы.

    Маалыматка караганда, негизги участкалар менен катар эле адамдар көп чогулган жерлерде жайгашкан 27 дистанциялык тилкелер да иштей баштады. Алар ири базарларда жана соода борборлорунда, медициналык мекемелерде, ошондой эле алыскы жана жетүүсү кыйын райондордо жайгашкан. Мындай участоктор Кумтөр, Кара-Кече, Жерүй, Бозымчак сыяктуу объектилерде да уюштурулду.

    Шайназаровдун сөзүнө караганда, мындай ыкма жолдо жүргөн, жумушта болгон, дарыланып же кызмат өтөп жаткан жарандарга добуш берүү укугун пайдаланууга мүмкүндүк берет. Бул шайлоо процессинин жеткиликтүүлүгүн, ачыктыгын жана инклюзивдүүлүгүн жогорулатууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

    Чет өлкөлөрдө да добуш берүү башталды

    БШК төрагасы билдиргендей, чет мамлекеттерде добуш берүү активдүү уланып жатат. Алгачкы добуш берүү Бишкек убактысынан 6, 5 жана 4 саат эртерээк ачылган Орусиянын Ыраакы Чыгышындагы участкаларда башталды.

    Андан соң Чыгыш Азиядагы өлкөлөрдөгү - Жапониядагы, Кореядагы, Кытайдагы, Малайзиядагы жана Монголиядагы шайлоо тилкелери эшигин ачты.

    Убакыт айырмасы 1 саатты түзгөн мамлекеттерде да добуш берүү жүрүүдө. Айрым өлкөлөрдө участкалар Бишкек убактысынан 3–4 саат, 5–6 саат, ал эми Түндүк Америкада 11, 12 жана 14 саат кийин ачылат.

    БШК төрагасынын маалыматына ылайык, шайлоочулардын акыркы тизмесине 4 294 243 жаран киргизилген.

  17. Кезексиз парламенттик шайлоо тууралуу жалпы маалымат

    Бул жолку шайлоонун өзгөчөлүгү ал толугу менен мажоритардык система менен өлкө боюнча 30 шайлоо округдарында өтүп жатат. Бул округдардын аймагы быйыл гана өкмөт тарабынан бекитилди. Ар бир округга орточо эсеп менен 140 миң шайлоочу туура келип жатат. Округдагы шайлоочулардын санында 20 пайызга чейин айырмага уруксат бар. Кээ бир округдардын аймагы бир башынан экинчисине чейин 400 километрге чейин созулду. Ушул себептүү 2025-жылы парламенттик шайлоодо талапкерлерге 1 миң агитаторго чейин жалдоого уруксат берилди.

    Быйыл өтүп жаткан шайлоонун дагы бир өзгөчөлүгү - күрөө акысы 100 миң сомдон 300 миң сомго көтөрүлдү. Мурда талапкер 5% көбүрөөк добуш алса ал акча кайра кайтарылып берилчү. Азыр эми андай жок, күрөөгө коюлган каражат республикалык бюджеттин эсебине кетет. Мындан улам, өлкөдөгү оопозициялык маанайдагы саясатчы Адахан Мадумаров бул шайлоодо байларга артыкчылык берилип жатканын сындап чыккан эле.

    Буга президент Садыр Жапаров "эми бул акча кайтарылып берилбейт жана кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө түшпөйт. Шайлоону уюштурууга жумшалат. Мурда шайлоону уюштуруу үчүн кеткен чыгым элдин чөнтөгүнөн чыкчу. Тагыраагы республикалык казынадан берилчү. Эми мындан ары шайлоолор талапкерлердин эсебинен өтөт. Мен муну колдойм. Себеби бюджеттен чыгым болбойт. Элдин ар бир тыйынын үнөмдөп, сарамжалдуу колдонушубуз керек" - деп жооп берген.

    2025-жылы Боршайком аралыктан добуш берүүнү максималдуу уюштуруп жатат. ID card, Түндүк тиркемеси бар жаран өз шайлоо тилкесинде эле эмес, каалаган шайлоо участкасына барып, аралыктан добуш бере алат. Бул эреже четтеги кыргыз жарандары үчүн да иштейт.

    Бул шайлоонун дагы бир өзгөчөлүгү ал кезексиз шайлоо болуп жатат. Быйыл сентябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын айрым депутаттары өздөрү демилге көтөрүп, парламент өзүн-өзү таркаткан. Депутаттар 2026-2027-жылдары өтчү парламенттик жана президенттик шайлоолордун удаалаш болуп жатканын жүйө келтиришкен.

  18. Добушканалар ачылып, добуш берүү башталды

    30-ноябрда эртең менен саат 8:00дө Кыргызстан боюнча добушканалар ачылып, добуш берүү башталды. Ал үчүн 2 миң 492 шайлоо тилкеси даярдалган. Бул жолу 4 миллион 237 миң шайлоочу добуш берет. Кезексиз парламенттик шайлоодо көп мандаттуу 30 округдан 90 депутат шайланып жатат. Башкача айтканда, ар бир округдан 3 депутат шайланат. Адеп Боршайком бул шайлоого талапкер катары 467 адамды расмий каттаган. Анын 268и эркек, 199у аял эле. Бирок шайлоо күнүнө алардын 461и жетти.

    БШК мыйзам бузду деген жүйөө менен бир нече талапкерди жарыштан четтетти. Айрымдары өз талапкерлигин алып койгон. 2025-жылы Боршайком аралыктан добуш берүүнү максималдуу уюштуруп жатат. ID card, Түндүк тиркемеси бар жаран өз шайлоо тилкесинде эле эмес, каалаган шайлоо участкасына барып, аралыктан добуш бере алат. Бул эреже четтеги кыргыз жарандары үчүн да иштейт.