Ал Баткен-Исфана жолунда,
Көк-Таш айылындагы эки өлкөнүн аймагы так ушул жерден кесилишет. Андан Кыргызстандын Баткен - Исфана жана Тажикстандын Ворух анклавына жол кетет.
2009-жылы Ош – Баткен –
Исфана унаа жолун оңдоо учурунда көпүрө куруу үчүн кыргыз-тажик чек арасындагы дал
ушул жолдо 275 метр жерди Тажикстандан 49 жылга ижарага алуу тууралуу
сүйлөшүүлөр болуп, протоколго ошол убактагы коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан
Мадумаров кол койгон.
Дал ушул протоколго кол
койгон үчүн Адахан Мадумаров азыр Башкы прокуратуранын сурагына алынууда.
Президент Садыр Жапаров тажик тарап дал ушул протоколго таянып, бул жерди өзүнүкү деп
талашып жатканын билдирген эле.
"Эки өлкөнүн ортосундагы делимитация, деморкация маселелери
өкмөттүн, парламенттин, президенттердин ортосунда гана жүрөт. Мадумаров ал
кезде болгону Коопсуздук кеңешинин катчысы болчу. Ага делимитация, деморкация
маселелерине кол коюу укугун эч ким берген эмес. Эгерде биз азыр ал протоколго
макул болуп койсок, анда Лейлек району толук анклав болуп калат. Ал жерди берип
коюу - бул кылымдар бою кечирилгис чыккынчылык", - деген президент.
Адахан
Мадумаров өз кезегинде бул протоколдун максаты жол салуу гана болгонун, анын юридикалык күчү жок экенин айтып келатат.
"Бул
дипломатиялык миссия болчу. Анда бизге жарандарыбыз үчүн Тажикстанга көз
каранды эмес жолду салууга мүмкүнчүлүк болгон. Ошол убакта тажик чек арачылары
Көк-Таш айылына өткөрүү пунктун салып алышкан, ошондон улам жергиликтүү
тургундар Баткен облусунан Ошко баруу үчүн текшерүүдөн, чек ара көзөмөлүнөн
өтүүгө мажбур болушкан. Протокол бул маселени чечкен. Андан кийин айланма жолду
куруу иштери башталып, көпүрө салынган", - дейт Адахан Мадумаров “Вечерний
Бишкек” гезитине берген маегинде.
Адахан
Мадумаровдун жүйөсүндө, бул протокол Кыргызстан ал жерди Тажикстандыкы деп укуктук
түрдө тааныганга жатпайт. Анын мааниси чек ара боюнча расмий чечим кабыл
алынгыча кырдаалды жөндөй турган убактылуу гана чара болчу.