“Акылдуу эсептегичтин” эмнеси элге жакпайт?

Бир катар карапайым тургундар "акылдуу эсептегичтерге" каршы чыгышууда.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бир катар карапайым тургундар "акылдуу эсептегичтерге" каршы чыгышууда.
    • Author, Назгүл Коңурбаева
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги кабарчысы
  • Published

“Түндүкэлектр” ишканасы акылдуу эсептегичтер аркылуу берилүүчү электр кубатынын көлөмүн 10 киловаттка көтөрүү маселесин карап жатат. Ишкана жетекчилигинин айтымында, эл электр жарыгы ар бир үйгө 5 киловаттан өлчөп берилишине нааразы болуп, көптөгөн каттар түшкөн. Андыктан кышкы маалда чектөөнү 10 киловаттка көбөйтүү маселеси каралууда.

Арча-Бешик кичи районунун тургундарынын үйүнө “акылдуу” деген электр эсептегичтер орнотулган. Эсептегичтердин акылдуулугу мында: эгер үйдөгү электр жабдуулардын кубаттуулугу бир эле маалда беш киловаттан ашып кетсе, жарык автоматтуу түрдө өчөт.

“Азыр чектелип берип жаткан жарык менен үй жылытмак түгүл бир учурда нан бышырып, чай кайнатууга мүмкүн эмес. Плитканы сайсаң, электр чайнекти иштете албайсың. Бирин сайып, бирин өчүрүп жашап жатабыз”,- дейт “акылдуу эсептегичтер” орнотулган үй ээси Гүлжан.

Айрым шаар тургундары электр энергиясы товар да, анда ал товарды эмнеге чектейт деп суроо салууда. Энергетиктер баасы арзан электр баарына жетпестигин, бул “акылдуу эсептегичтер” коммерциялык жоготууларды азайтуу максатында коюлуп жатканын айтат.

“Мындай эсептегичтердин коюлушу туура эле, болгону электр энергиясынын колдонууга чектөө болбошу керек. Мындай чектөөлөрдүн айынын биздин экономикадагы өсүү 10% төмөндөгөнү Дүйнөлүк Банктын эсептөөлөрүндө көрсөтүлгөн”,- дейт энергетика министрлигин алдындагы байкоочу кеңештин мүчөсү, экономист Азамат Акелеев.

Азамат Акелеев Кыргызстанда өндүрүлгөн электр кубатынын 70% жөнөкөй кишилер колдонот жана буга өндүрүлгөн энергия жетиштүү дейт.

“Акылдуу эсептегич” - аргасыз чарабы?

“Ансыз дагы өз баасынан арзан сатылып жаткан электр кубатын биз элге каалаганча бере албайбыз. Токтогул суу сактагычында суу аз. Бул аргасыз, бирок келечекке керектүү чара болууда”,-деди өлкөнүн энергетика министри Осмонбек Артыкбаев.

Бир катар карапайым тургундар болсо мындай чектөөлөргө каршы чыгышууда. Айрымдары койдуруудан баш тартышкан.

“Биз энергетиктер менен жолгушууга барганда бир чал айтты. Мейли мен бир жарым сомдон деле төлөйүн, мага иши кылып эле жарык бергилечи деп. Демек булар элди кысып, тарифтерди көтөргөнгө алып келе жатат”,-дейт “акылдуу эсептегичтерге” каршы чыккан шаар тургундарынын бири. Электр тарифи Кыргызстанда эң талылуу маселелердин бири.

Тарифтерди эки эсе көтөрүү жөнүндөгү мурдагы бийликтин чечими 7-апрелдеги бийлик алмашууга түрткү болгон негизги себеп болгонун серепчилер айтып келет. Ал кезде тарифтерди көтөрүүгө каршы чыккан азыркы президент Алмазбек Атамбаев башында турган оппозиция 2010-жылы бийликке келип, 70 тыйындык тарифти кайтарган. Бирок үч жылдан кийин бул маселе <link type="page"><caption> кайра күн тартибине чыгып</caption><url href="http://www.bbc.co.uk/kyrgyz/kyrgyzstan/2013/10/131011_new_energy_tax.shtml" platform="highweb"/></link>, азыркы өкмөт дагы Бакиев өкмөтү келтирген экономикалык негиздерге таянып жатат.

Сиз "акылдуу эсептегичтерди" орнотууга кандай карайсыз? Ой-пикириңиз болсо төмөнкү форманы толтуруп, бизге жөнөтүңүз. Комментарийиңиз модератордун кароосунан өткөндөн кийин сайтка чыгарылат.