“Мекен-карт” мээнетти актайбы? Айбек Сарыгулдун пикири
Published
Кыргызстанда жашап, бирок чет өлкөнүн жарандыгын алып алган мигранттардын укуктарын кеңейте турган мыйзам кабыл алынды. Апта башында мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.
Аталган мыйзам мурда Кыргызстандын жарандыгына ээ болуп, кийин башка мамлекеттин жарандыгын алгандардын укуктарын коргоо жана кеңейтүү үчүн кабыл алынып жатканы айтылганы менен мыйзамдын чийки жактары көп деген пикирлер айтылууда.
Би-Би-Си Түркияда иштеген кыргызстандык ишкер Айбек Сарыгул менен ушул темада маектешти.
