Улуттук музейден уурдалган миллиондор боюнча сот өкүмү чыкты

Сүрөттүн булагы, RUFAT ERGESHOV
Улуттук тарых музейин оңдоодо учурунда болгон коррупция жөнүндө ишти караган сот экс-премьер-министр Сапар Исаковду мурдакы мөөнөттөрүн кошуп, он сегиз жылга эркинен ажыратып, 247 миллион сом айыппул салды.
Ошондой эле кызмат абалынан пайдаланды деп айыпталган президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурунку жетекчиси Мира Карыбаеванын мойнуна 260 миң сом салынды.
Соттолгондордун адвокаттары өз кезегинде өкүм менен макул болбой, кийинки инстанцияга арызданган жатышат.
Башкы прокуратура Улуттук тарых музейин реконструкциялоого жана жабдыктарды сатып алууга бюджеттен бөлүнгөн каражат коррупциялык жол менен уурдалып кетти деп кылмыш ишин козгогон.
"Улуттук тарых музейинде капиталдык курулуш иштерин жүргүзүүдө Исаков Германия мамлекетинин "Райер" компаниясы менен өз ара сүйлөшүүгө барып, мамлекетти 101 690 800 сомго зыянга учураткан. Жалпылап алганда өлкө 247 650 281,88 сом зыян тарткан"- деп жазылган эле Башкы прокуратуранын маалыматында.

Сүрөттүн булагы, Official
Бул кыңыр ишти убагында Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы чубап чыккан.
"Музейди оңдоп-түзөөдө үч жерден мыйзам бузуу катталган. Биринчиден, Түркия өкмөтү бекер беребиз деген каражаттан баш тартып, Кыргызстандын бюджетинен 1 миллиард 569 миллион сом алып жатышат. Буга биз жок дегенде жыйырма мектеп куруп алмакпыз. Экинчиден, тендер өткөн эмес. Үчүнчүдөн, эмеректер чет мамлекеттен өтө чоң акчага сатылып алынган", -деген эле депутат Каныбек Иманалиев.
























