Кыргызстанда доллар 15 сомго чейин кымбаттады

Аудионун түшүндүрмөсү, Кыргызстанда доллар 15 сомго чейин кымбаттады.
Published

Жыл башынан бери Кыргызстанда доллардын курсу кеминде 15 сомго чейин кымбаттады. Мындай абал базарларда, соода жайларында азык-түлүктөн баштап, курулуш материалына чейин бааларга таасирин тийгизди.

Би-Би-Си Улуттук банктын атайын өкүлү Аида Карабаевага кайрылып, сомдун куну түшүп кетишине эмне себептер болгонун сурады. Быйыл улуттук валюта сомдун туруктуулугун сактоо максаты менен он жети ирет интервенция жүргүзүлгөн.