ДСУ: Кызылча менен ооругандар он миллионго чыкты
Дүйнөлүк саламаттык уюму дүйнөлүк коомчулукту кызылчага каршы эмдөө иштерин жайылтууга чакырууда. Анын соңку баяндамасында өткөн жылы бул ооруга чалдыккандардын саны он миллионго жакындаганы айтылат. Анын 140 миңден ашууну каза тапкандар. Ɵзгөчө акыркы жылы кескин күчөп кеткен.
2017-жылга салыштырганда эки миллионго көбөйүп, өлгөндөр саны 20 миңге көп болгон.
ДСУнун маалыматына караганда, 2018-жылы расмий түрдө кызылча менен ооруп катталгандар саны 353 236 болгон, бирок бул оорунун жайылган масштабы расмий статистикадан алда канча көп.
Кызылча түбүнө жеткендердин көпчүлүгү жашы бешке толо элек балдар. Дарыгерлер ымыркайлар жана жаш балдар кызылчаны көтөрө алышпайт, абалы кыйындап, пневмония менен энцефалит кошо жармашарын айтып жатышат.
"Вакцинанын жардамы менен алдын алууга мүмкүн болгон кызылча сыяктуу оорулардан балдардын өлүп жаткан фактысынын өзү кыжырды кайнатпай койбойт. Бул дүйнөдө балдарды оорулардан коргоо иштеринин тийиштүү деңгээлде аткарылбай жатканы жайылган көрүнүш экенин билдирет",-деди ДСУнун башкы директору Тедрос Адан Гебрейесус.
Дүйнөдө кызылчага каршы вацинация деңгээли он жылдардан бери жакшы жолдо жүрбөй келатканы айтылууда. ДСУнун жана ЮНИСЕФтин маалыматына караганда, 2018-жылы дүйнөдө балдардын 86% кызылчага каршы биринчи эмдөөдөн өтүшкөн, 70% азыраагы экинчи дозаны алышкан.
Эксперттер вакцинациянын азыркы деңгээли кызылчанын алдын алуу үчүн жетиштүү эмес деп жатышат. Эки доза менен эмдөөнүн деңгээли ар бир өлкөдө 95% болууга тийиш.
Кызылча - өтө жугуштуу вирустук оору. Ал аба аркылуу жугат. Биринчи симптомдору грипп сыяктуу башталат, дене ысыйт, жөтөл, баш ооруйт. Андан кийин денеде бүртүк-бүртүк болгон майда жара чыгат. Оору күчөгөндө отит, пневмония, бронхит, энцефалитке өтүп кетет. Инфекция иммунитетти начарлатып, айрым учурда оорулуу адамдын өлүмүнө алып келет. Кызылча өзгөчө ымыркайларга жана беш жашка толо элек балдарга абдан коркунучтуу.