Кыргыз–кытай алакасы: кызыкчылыктар жана мүмкүнчүлүктөр
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, President.kg
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө бир катар жолугушууларды өткөрдү. Анда соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, энергетика, инфраструктура, транспорт жана жогорку технологиялар сыяктуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча маселелер талкууланып, бир катар документтерге кол коюлду. Президенттин сапары эки өлкө ортосундагы ири долбоорлор ишке ашырылып жаткан учурга туш келди.
Садыр Жапаров менен Кытай лидери Си Цзиньпин соңку жылдары эки өлкө ортосундагы мамиле жогорку деңгээлге көтөрүлүп, бардык тармакта кызматташуунун жыйынтыгы жемиштүү болуп жатканын белгиледи.
Кыргыз президенти өз ара пайдалуу өнөктөштүккө негизделген "Бир алкак, бир жол" демилгесин жогору баалап, Кыргызстан анын алкагында дагы масштабдуу долбоорлорго катышууга даяр экенин айтты.
"Кыргызстан Кытайды жөн гана ишенимдүү дос жана өнөктөш катары эмес, реформалардын, көрөгөч лидерликтин жана өз маданиятын урматтоонун сабаттуу айкалышы мыкты натыйжаларга алып келе тургандыгын көрсөткөн шыктандыруучу кошуна катары көрөт", - деди Жапаров.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстандын аймагында кубаттуулугу 300 МВт шамал электр станциясын куруу тууралуу маселе көтөрүлгөнү айтылды.
Экономикалык чоң мүмкүнчүлүктөр

Сүрөттүн булагы, gov.kg
Дипломатиялык академиянын проректору Зайнидин Курманов кыргыз президентинин Кытайга болгон мамлекеттик сапары тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:
"Бул сапардын алкагында экономикалык маселеге өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Эң маанилүү маселелердин бири "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолу. Долбоордун жанданганы Кыргызстанга чоң экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Андыктан бул сапар Кыргызстан үчүн абдан чоң мааниге ээ".
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кытайдан Борбор Азия аркылуу Европага чыккан темир жол курулушу көп жылдан бери талкууланып, бирок ишке ашпай келген.
2024-жылдын декабрында анын масштабдуу аймактык долбоорунун курулушу Жалал-Абад шаарынын Төш-Кутчу айылында башталды.
Бул каттам Кытайдан Кыргызстанга, Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, анын ичинде Түркияга жана андан ары Евробиримдикке жүк жеткирүүнү камсыздайт.
Долбоор өнөр жайды өнүктүрүүгө, соода жүргүзүүгө жана инвестиция тартууга шарт түзүп, аймактын гүлдөп-өсүшүнө чоң таасирин тийгизе турганы айтылууда.
Мындан тышкары Кытайдын колдоосу менен бир катар энергетикалык долбоорлор ишке ашып, мунайды кайра иштетүүчү, унаа чогулткан заводдор ишке кирди.
2024-жылдын күзүндө "Бедел" өткөрмө пункту ачылып, аны кыргыз президенти Кытай менен стратегиялык өнөктөштүктүн маанилүү кадамы катары атаган.
Сапардын алдында Жапаров Кытайдын "Синьхуа" маалымат агенттигине маек берип жатып, 2024-жылы эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 22,71 млрд долларга жеткенин айтты.
Деген менен кыргыз коомчулугунда өлкөнүн Кытайдан алып жаткан карызына тынчсыздангандар дагы жок эмес.
Айрым учурда кытайлык инвесторлор жергиликтүү элдин жериген мамилесине туш болуп, кээ бир жерде ксенофобия көрүнүштөрү да учураган.
Кытай дүйнөдөгү эң ири экономикага ээ мамлекеттердин бири. Профессор Зайнидин Курмановдун айтымында, Кыргызстан үчүн бул өлкө менен кызматташуу олуттуу мүмкүнчүлүктөрдү берет.
"Кытай бай мамлекет, анын жанында коңшусу болуп туруп кедей болуу мүмкүн эмес. Ошону ойлонуу керек. Реформа жасоо үчүн сөзсүз каражат талап кылынат. Аны кайдан алабыз? Кытайдын акчасы, идеясы, долбоору, жумушчу күчтөрү бар. Ошон үчүн алар менен жакшы мамиледе болуп, көп маселени чечсе болот",- деди ал.
Курмановдун айтымында, Кыргызстандын Кытай менен мамилеси узак тарыхый өнөктөштүккө негизделген.
"Эки өлкөнүн дипломатиялык байланыштары 675-жылы эле башталган. Ошол жылдары азыркы көп мамлекеттер жок болчу. Ошончо жылдан бери достук жана коңшулук мамилени сактап келе жатабыз. Жоголгон жокпуз, алар басып кеткен жок",- деди тарыхчы.
Кытайдын Борбор Азияга карата саясаты

Сүрөттүн булагы, gov.kg
Саясий илимдеринин доктору Токон Мамытовдун айтымында, соңку жылдары Кытай Кыргызстан менен эле эмес, Борбор Азиянын башка өлкөлөрү менен дагы алакасын жакшыртты.
Анткени соңку жылдардагы геосаясий кырдаалдын фонунда аталган регион өз ара байланышты бекемдей алды.
"Борбор Азия аймагынын эли жаш. Ал эми жаштары көп мамлекеттин келечеги бар. Азыркы соода-экономикалык байланыштар үзүлүп жаткан заманда биздин чөлкөм өзгөрүүлөргө туруштук берип жатат. Демек, дүйнө жүзү бул регион менен тыгыз байланышта болсо, жыйынтыгы жакшы боло турганын түшүнүп калды. Мына ошол мамлекеттердин бири Кытай. Ошон үчүн бул чоң держава Борбор Азия мамлекеттери менен мамилесин жакшыртты. Глобалдык масштабды алганда, Жакынкы Чыгыш, Чыгыш Азия өлкөлөрүнө салыштырмалуу Борбор Азия стабилдүүлүктү кармап келе жатат деп түшүнүп жатат",- деди ал.
Ошондой эле Мамытов келечекте билим жана илим тармагына да көңүл буруунун зарылдыгын баса белгиледи:
"Көпчүлүк учурда соода-экономика, коммуникация, логистика сыяктуу долбоорлорго көңүл буруп, билим-илимге маани берилбей калып жатат. Билимдүү жаштар биздин келечек. Убакыт өтүп билимдүү жана билими өнүкпөй калган мамлекеттер бөлүнө баштайт. Муну эмитен эске алып, өзгөчө көңүл буруу керек".
Соңку ондогон жылда Кытайда билим берүү жана илим изилдөө тез өнүккөнүн айтып, дүйнөлүк лидерликке жетүү үчүн реалдуу кадамдарды жасап жатканын Мамытов кошумчалады.
"Айга байланыштуу космостук миссиялары чоң жетишкендик алып келди. Андан тышкары Кытай дүйнөдөгү эң көп спутник учуруучу өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Дүйнөдөгү эң тез компьютерлердин бири деп бааланган жана кээ бир татаал эсептерди секунд ичинде чыгара турган компьютерди чыгарып жатат. Жасалма интеллект тармагында дүйнөлүк лидерликке умтулууда. Кытай окумуштууларына болгон суроо-талап чоң. Алардын тажрыйбасы, изилдөө потенциалы жана илимге кошкон салымы жогору бааланууда. Кыргызстан болсо кошуна туруп алардан эч нерсе үйрөнө албай жатабыз",- деди Токон Мамытов.



























