Казакстан - Орусия мамилеси: түрдүү жоромолдор

Published

Гүлнара Касмамбетова, Би-Би-Си, Лондон

Эки өлкөнүн соңку мезгилдегеи алакасын ар түрдүү сыпаттагандар бар

Сүрөттүн булагы, akorda.kz

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эки өлкөнүн соңку мезгилдеги алакасын ар түрдүү сыпаттагандар бар

Казак бийлиги жыйындардын биринде Орусиядан чыгып кеткен же ишин токтоткон батыш компанияларын Казакстанга тартуу маселесин козгоду. Муну инвестиция тартуу иши катары эле карагандар жана Орусияга атаандаштык катары баалагандар дагы бар.

Кечээ жакында эле казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Орусиянын президенти Владимир Путинге анын өлкөсү өзүн өзү жарыялап алган Луганск, Донецк деген республикаларды тааныбай турганын айтып, биздин түз жообубуз ушул деген эле. Көп өтпөй Орусия казак мунайы өтө турган негизги түтүктү “тазалоо иши” деген жүйө менен жапты. Токаев дароо Орусияны айланып өткөн жолду табуу тапшырмасмын койгондон кийин көп өтпөй, Орусия мунай түтүгүн кайрадан ачты. Бул жагдайлар эки өлкөнүн мамилеси өзгөрүп жатканынан кабар берет дегендер бар. Би-Би-Си бул суроо менен, казакстандык саясат таануучу Шалкар Нурсеитке кайрылды.

Шалкар Нурсеит: Токаевдин ошол сөзүнөн кийин, менин оюмча, Россия менен Казакстандын карым катнашында стратегиялык өзгөрүүлөр пайда болду деп айта албайбыз. Себеби Токаевдин Санкт-Петербургдагы форумда айткан сөзү эч кандай жаңылык эмес. Анткени, 2014 жылы Крым боюнча дагы Назарбаев президент болуп турганда казакстандын позициясы ушундай болгон. Башкы айырмачылык – мурда мындай жоопторду тышкы иштер министрлиги айтып келген. Бул жолу эми Токаев Путииндин жанында олтуруп, өзү айтты. Мен бул билдирүүнүн КТК Мунай маселесине байланыштуу проблемага түздөн-түз тийешеи бар деп ойлобойм. Жөн гана убактысы жагынан дал келүү болду. Мындан улам “эки элдин ортосунда тирешүү пайда болду, же Казакстан Россиядан оолактай баштады” дегенге али эртерек деп ойлойм. Анткени Казакстан бийлиги, Токаевдин режими Кремлге өтө көз каранды. Биз муну каңтар (январь) окуяларында көрдүк. Токаевдин бийлиги Кремлдин арты менен бийлигиин колунда сактап калды.

Газ, мунай, энергетикалык ресур батыш менен Орусиянын негизги маселелеринин бири

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Газ, мунай, энергетикалык ресур батыш менен Орусиянын негизги маселелеринин бири

Би-Би-Си: Жогоруда айтылгандай жакында Россия казак мунайын өткөрүүнү бир айга чектеп, көп өтпөй ал чектөө кайра алынды. Бул чаралар эмнеден кабар берет?

Шалкар Нурсеит: 30 жыл аралыгында, Россия Казакстанды стратегиялык өнөктөш, дос мамлекет деп атаганы менен, чындыгында Казакстанды эч качан тең, партнер мамлекет иретинде караган эмес. Ага мисалы, ушул КТК Мунай куурун апрель айында Еврошаркет өлкөлөрүнө карата шантаж катары жапканын көрдүк. Мындан тышкары, жакында гана КТК мунай куурунун ишин токтотобуз деп шантаж кылган кезде Казакстанды интрумент катары колдонду. Бул тикелей Казакстанга кысым жасоо эмес, биринчи кезекте Европа мамлекеттерине кысым жасоо. Анткени Казакстан Евробиримдик өлкөлөрүнө 7-8 пайызга жакын мунай экспорттойт. Бул ошол эле кезде Казакстан энергетикалык жактан, экспорттоо жагынан Россияга көз каранды экенин казак бийлигинин эсине салуу болду деп ойлойм. Ушул талкууларда дагы бир айтылбай жаткан нерсе бардай. Ал Казакстандан негизги КТК аркылуу экспорттолгон мунай бул Теңиз кен ордунан чыга турган мунай. Теңиз кен ордундагы мунайдын 12 пайызы Шеврон (Техасо) компаниясына, Exxon комапаниясына тийешелүү. Мында (Россия) Казакстан бийлигинен тышкары, Батыш компанияларына дагы мүнөзүн көрсөтүүгө, шанташ жасоого аракет кылып жатат. Бизге канча санкциялар салынбасын, артка чегинбейбиз, кайра жооп бере алабыз деген саясий тактика деп ойлойм.

Касым-Жоомарт Токаев

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Касым-Жоомарт Токаев

Би-Би-Си: Бул окуяларды, ушул саясий жүрүштөрдү казак коому кандай кабыл алды?

Шалкар Нурсеит: Токаевдин Питерде, Путиндин жанында отуруп сүйлөгөн сөзүн “Токаев биздин өлкөнүн турумун коркпой коргоп жатат” деген мамлекеттик пропагандага ишенген жарандар бар. Мындан тышкары буга чейинки сурамжылоолорду карасак, Россия Казакстандыктар үчүн жагымдуу мамлекет. Анткени, карасак Россия чек аралаш өлкө, орток тарыхыбыз бар, тил жагынан тоскоолдуктар өтө аз, дээрлик жок десек да болот. Орус тилин көп казактар түшүнөт десек болот.  Ага кшумча, казакстандын жарандары Россиянын медиасына, пропагандасына көз каранды. Алардын медиасын көрүшөт. Мындан тышкары менин оюмча, Россия Украинага кол салгандан кийин казакстандыктардын арасында Россияга болгон мамиле кескин өзгөрүп кетти деп айтуу кыйын.

Россиядан Казакстанга көчүп келип жаткан Орус жарандарына карата Европадагыдай жактырбоо же кабыл албоо сыяктуу массалык трендди байкаган жокпуз. Эң башкысы, азыр Казакстандын бийлиги Россия өз бийлигин сактап калуу үчүн шантаждарга барып, ички аудиторияга ойногусу келип жатканын түшүнөт.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Биринчиден, Казак бийлиги да Россияга көз каранды экенин түшүнөт, экинчи жагынан Евроазиялык Экономикалык Биримдикте дагы Россия өз кызыкчылыгын алдыга койот. Мына санкциялардын айынан Казакстан учурда азык-түлүк, дагы башка түрдүү товаларды Россия аркылуу өзүнө импорттой албай жатат. Ага кошумча, каңтардагы окуялардан соң казак саясий режими өзүнө өтө чоң сабак алды, ал саясий наразылыктар заматта чоң саясий процесстерге айланып кете турганын түшүндү. Андыктан алар биринчи иретте өз бийлигин сактап калуу үчүн жанталашып жатышат. Демек, Токаев Путиндин алдында коркпой элдин кызыкчылыгын коргоп жатат деп кабыл алуу, бул бир жактуу гана кабыл алуу болуп калат. Муну саясий режимдин көз карашы менен карасак да түшүнүктүү, алар бир жагынан Батыштын санкцияларына түшүп калгысы келбейт.

Экинчиден, саясий жактан Россияга көз каранды экенин түшүнөт, анткени бизде дагы каңтар окуясы сыяктуу массалык нааразылыктар боло турган болсо жардамга Путин, ОДКБ аскерлери, Кремль гана келет. Ошол себептен, саясий көз карандылыкты андан бетер күчөтпөө үчүн, болушунча ички нааразылыкты, экономикалык теңсиздикти күчөтпөө үчүн Казакстандын бийлиги ушинтип жанталашып жатат.