24-август. Жаңылыктар
Эмдөөдөн өткөн мугалимдердин саны 60 миңден ашты. 107 миң болушу керек

Сүрөттүн булагы, AFP
24-августка карата Кыргызстанда ковид-19 илдетин 199 жаран жуктуруп алды. 444 жаран жалпы өлкө боюнча айыгып чыкса, тилекке каршы 5 адам бул оорудан каза болду.
Жалпысынан республика боюнча коронавирус менен ооругандарданы саны 174 347ге жетти.
Ал эми бул ооруга каршы эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 641 102. Эмдөө борбору белгилегендей, алардын ичинен жарымы вакцинанын экинчи дозасын ала элек.
Ошондой эле, вакцина алган мугалимдердин саны 62 862 болду. Белгилей кетчү жагдай, окуу жылы башталганга чейин, тагыраагы 15-сентябрга чейин 107 миңден кем эмес билим берүү кызматкерлери эмдөөдөн өтүшү керек. (MD)
Мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев үй камагына чыкты

Мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев үй камагына чыкты. Ал коррупция жана мыйзамсыз баюу фактысы боюнча үстүбүздөгү жылдын январь айында камакка алынып, учурда тергөө абагында отурган эле.
Улуттук коопсуздук комитети билдиргендей, Абылгазиев 50 млн сом төлөдү, эми ал тергөө аяктаганга чейин үй камагында болмокчу.
Эскерте кетсек, Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттү 2018-2020-жылдары башкарган. (MD)
Бүгүн Токиодо Паралимпиада оюндары башталат

Сүрөттүн булагы, Getty Images
24-августтан 5-сентябрга чейин Токиодо Паралимпиада өтөт. Жапонияда COVID-19 күчөп жатат жана уюштурууга катышкан бардык тараптар бул кыйынчылыктарды жаратарын моюнга алышууда.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Паралимпиада дагы пандемиядан улам бир жылга жылдырылган. Мектеп окуучуларынан башка жана күйөрмандар катыша албагандыктан, бул жолку оюндар мурункулардан башкача болот.
Уюштуруучулар жогорку деңгээлдеги мелдештерди өткөзүүгө умтулбастан, оюндар жапон коомун инклюзивдүү кылууга чоң таасир беришин максат кылышмакчы.
Токио эки Паралимпиада оюндардын өткөргөн биринчи шаар. 1964 -жылы өткөн Токио Паралимпиадасына спорттун тогуз түрү боюнча, 21 өлкөдөн келген 375 спортчу катышкан.
Бул жолу 162 улуттук паралимпиадалык комитеттердин 4400гө жакын спортчу, спорттун 22 түрү боюнча 539 медаль үчүн күч сынашат.
Паралимпиада шейшемби күнү Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө ырасмий ачылыш аземи менен башталат.
Паралимпиада оюндарына Кыргызстандан ядро ыргытуу спорту боюнча Арстанбек Базаркулов жана дзюдо спорту боюнча Хайитсон Хусан аттуу спортчулар катышат. Жапонияга эки спортчуну коштоп, машыктыруучулары Алмазбек Абиров жана Канатбек Имиянов, ошондой эле ковид офицери Кундуз Абирова кетишкен. Паралимпиада боюнча мелдештер бүгүн, 24-августта башталып, 5-сентябрда аяктайт. (Chs)
АКШ Афганистандан мөөнөтүндө чыгып кетүүнү көздөөдө
Талибан менен түзүлгөн келишим боюнча АКШ 31-августка чейин Афганистандан чыгып кетиши керек. Бирок Франция, Британия жана Германия дагы убакыт кошуу ыктымалдыгын билдирди.
АКШнын президенти Жо Байден 24 сааттын ичинде аскерлерди чыгарып кетүүнүн мөөнөтүн узартып-узартпоо боюнча чечим кабыл алмакчы экенин расмий өкүл Рейтер агенттигине айткан.
Бирок Талибан кыймылынан билдиришкендей, мөөнөттү узартуу макулдашуунун жоболоруна каршы келет. Алар эгерде аскердик күчтөр калып кете турган болсо, анын кесепети болорун эскертти.
Талибандын өкүлү Сухаил Шахин Би-Би-Сиге билдиргендей, паспорту болгондор күчтөрдү чыгарып кетүү мөөнөтү аяктагандан кийин деле коммерциялык рейстер менен учуп кетсе болот.
“Биз алардын өлкөдө калышын каалайбыз, бирок алар кеткиси келсе, кете алышат”, - деди ал. (EA)

Сүрөттүн булагы, AFP
































