Москва эмне үчүн палестин делегациясын кабыл алган?

ХАМАС менен Орусия. Мамилелердин тарыхы.
Published

Израилге 7-октябрда кол салган ХАМАСтын делегациясынын Москвага барганы түрдүү талкууларды жаратты. Алардын кандай максатта барганы анык эмес. Орус Тышкы иштер министрлиги Газа тилкесиндеги чет элдик туткундарды, анын ичинде орусиялыктарды бошотууну талап кылды, ал эми ХАМАС дипломатия үчүн Владимир Путинге ыраазычылык билдирди, бирок барымтадагылар тууралуу сөз кылган жок.

Израиль Москваны сынга алып, ХАМАСтын чакырылганын “татыксыз кадам” деп атады.

Иш сапар тууралуу мурда жарыяланган эмес болчу, ал күтүүсүз болду. ХАМАСтын делегациясы келгенин “РИА Новости” өз булагына таянып биринчилерден болуп билдирди. Муну көп өтпөй Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова да ырастап, “Палестиналык кыймылдын өкүлдөрү Москвада иш сапары менен жүрөт” деген сөз менен чектелди.

Кечинде Тышкы иштер министрлиги ХАМАСтын Москвага эмне максатта келгени боюнча түшүндүрмө берди. Расмий маалыматка ылайык, Газа тилкесинде барымтада калган чет элдиктерди тез арада бошотуу боюнча Орусиянын аракетинин алкагында сүйлөшүүлөр болгон. Мындан тышкары, Орусиянын ТИМи билдиргендей, анклавдын аймагынан орусиялык жана башка жарандарды эвакуациялоо маселеси талкууланды.

Делегацияны ХАМАСтын Саясий бюросунун мүчөсү Абу Марзук жетектеп, аны менен сүйлөшүүлөрдү тышкы иштер министринин орун басары, Орусия президентинин атайын өкүлү Михаил Богданов жүргүздү. Мындан тышкары, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Богдановдун атын атаган жок - анын атын ХАМАС өзүнүн пресс-релизинде жарыялап, жолугушуудан сүрөт чыгарган.

ХАМАС жарыялаган маалыматта Абу Марзук Москвада “Газага каршы агрессияны” талкуулап, “бардык жолдор менен сионисттик баскынчыларга каршы турууга” укуктуу экенин айткан. “Кыймылдын делегациясы Орусиянын президенти Владимир Путиндин позициясын жана орус дипломатиясынын жигердүү аракеттерин жогору баалады”, - деп айтылат.

ХАМАСтын билдирүүсүндө туткундагылар тууралуу эч нерсе айтылган эмес. Бирок ок атышууну токтотуу, өткөрүү пункттарын ачуу жана гуманитардык жардам жеткирүү чакырыктары жарыяланган. ХАМАС Палестина элинин укуктарын эске салган, ал эми Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 1967-жылдагы чек аранын алкагында борбору Чыгыш Иерусалим болгон Палестина мамлекетин түзүү зарылдыгын белгиледи.

Палестина менен Израилдин узак мезгилге созулган тирешинде миңдеген кишилер көз жумду

Сүрөттүн булагы, Murtada Ridha

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Палестина менен Израилдин узак мезгилге созулган тирешинде миңдеген кишилер көз жумду

7-октябрдагы чабуул үчүн ХАМАСты айыптаган БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясына Орусия вето койгон. Андан бир күн өтүп, Израиль Москваны ХАМАСтын делегациясын кабыл алганы үчүн сынга алды.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Израиль ХАМАСтын жогорку даражалуу өкүлдөрүн Москвага чакырууну терроризмди колдогон жана ХАМАСтын террористтеринин мыкаачылыгын мыйзамдаштырган татыксыз кадам катары баалайт”, - деген, Израилдин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Лиор Хаяттын сөздөрүн Haaretz басылмасы цитата келтирди. Басылма белгилегендей, Израилдин Орусияга карата сыны сейрек кездешет.

Израилге кол салуудан кеминде 20 орус жараны набыт болду. Орусиянын Израилдеги элчиси Анатолий Викторов бейшемби күнү Газа тилкесинде Израилдин жарандыгын кошо алган дагы үч орус жараны барымтада экенин билдирди.

"Тийиштүү байланыштар түзүлүп жатат", - деди Викторов, туткундарды бошотуу боюнча көрүлүп жаткан аракеттерге токтолуп.

ХАМАСтын делегациясынын Москвага келери тууралуу кабар чыга электе эле Богданов Катарда кыймылдын өкүлдөрү менен байланышта болгонун айткан. “Мен Хамастын саясий жетекчилиги менен (барымтадагылардын тагдырын) талкууладым”, - деди дипломат журналисттерге.

Израилдин Газа тилкесине сокку урууларынын күчтүү толкунун жараткан ХАМАСтын Израилге жасаган чабуулуна чейин эле ХАМАСтын делегациялары Москвага байма бай барып турган.

Башка өлкөлөрдөн, анын ичинде Британиядан айырмаланып, Орусия ХАМАСты террордук уюм катары тааныган эмес. Талибан дагы террористтик жана тыюу салынган уюм статусуна ээ, бирок бул талибдердин Москвага тез-тез келишине тоскоол болгон жок.

ХАМАСтын Орусияга акыркы сапары 2023-жылдын март айында болуп, ал кезде делегация менен ошол эле министрдин орун басары Богданов жолугушкан. "Орус тарап БУУнун жана анын Коопсуздук Кеңешинин тиешелүү резолюцияларынын негизинде Палестина маселесин адилеттүү чечүүнү колдоо боюнча өзгөрүлбөгөн позициясын дагы бир жолу ырастады", - деп айтылат Орусиянын министрлигинин мурунку жолугушуудан кийинки билдирүүсүндө.

Абу Марзуктун (сүрөттө оңдо) Орусия президентинин Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Михаил Богданов менен жолугушуусунда тартылган сүрөт Хамас телеграм каналында жарыяланды.

Сүрөттүн булагы, T.ME/HAMASPS

ХАМАС Украина менен болгон согушта Орусиянын тарабын алганы анык. Москвага кайрадан келгени айтылып жаткан Саясий бюронун мүчөсү Абу Марзук, мурда: “Орусиянын Украинадагы атайын аскердик операциясы АКШнын дүйнөдөгү үстөмдүгүн токтотууну жана дүйнөнү көп полярдуу кылууну көздөйт. Бул бардык кысымга кабылга элдерге, өзгөчө Палестина элине пайдалуу.” – деп билдирген.

ХАМАСтан Тышкары, Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Али Багери Кани учурда Москвада экенин, ал тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин менен жолугушканын Захарова брифингде билдирди.

Израиль Иранды ХАМАС согушкерлерин машыктырып, каржылап, даярдаган деп айыптоодо. Маалымат каражаттары жазгандай, АКШ бийликтери, Тегеран 7-октябрда Израилге кол салууну пландаштырууга түздөн-түз тиешеси жок деп эсептейт.

Путин ХАМАСты Израилге жасаган чабуулу үчүн тикелей айыптоодон карманган. Ошол эле учурда ал израилдиктердин да, Газадагы палестиндердин да каза болгонуна өкүнүчүн билдирди.

“Бул жаңжал мүмкүн болушунча тезирээк токтошу керек. Кандай болгон күндө да, маселени кандайдыр бир байланыштарды жана сүйлөшүүлөрдү баштоо мүмкүнчүлүгүнө жеткирүү керек», - деди Владимир Путин. Ал өзү өткөн жылдын февраль айында Украинага куралдуу кол салууну баштаган, согуш деле уланууда.

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков ХАМАСтын делегациясынын Путин менен байланышуу планы жок экенин билдирди. (DO)