Панжшерде Талибан менен Ахмад Масуддун жоокерлери кагылышууда

Published

Кыргызстандык Арстанбек Базаркулов эртең паралимпиада оюндарындагы мелдешине чыгат

Арстанбек Базаркулов

Сүрөттүн булагы, sport.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ядро ыргытуу боюнча спортчу Арстанбек Базаркулов

Эртең Токиодо өтүп жаткан паралимпиада оюндарына кыргызстандык спортчу Арстанбек Базаркулов катышат.

Паралимпиада оюндары 24-августта башталган. Ага Кыргызстандан эки спортчу катышууда. Алардын бири Хайитсон Хусан кызы буга чейин дзюдо боюнча мелдешке чыгып, казакстандык кызга утулуп калган. Ал эми Арстанбек Базаркулов эртең ядро түртүү боюнча мелдеште күч сынашат.

Паралимпиада оюндары 5-августта аяктайт. (MD)

Индияда денге деген оорудан өлгөн балдар көбөйдү

Индия

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Индияда Уттар-Прадеш штатында Фирозабад округунда соңку эки аптада денге деп аталган калчылдак оорудан 45 бала каза болду. Бул жөнүндө “Хиндустан таймс” гезити жазып чыкты.

Ушундай эле оорудан каза болгон адамдар жөнүндө маалымат Матхура округунан да келип жатат. Бийликтердин буйругу боюнча Уттар-Прадеште денгенин жайылып жатканына байланыштуу 6-сентябрга чейин 1-8-класстарда окуу токтотулду.

Матхурага баш калаа Делиден медициналык эксперттик комиссия келип, оорунун себептерин изилдеп баштады. Ошол эле убакта дарыгерлер денгенин алдын алуу боюнча атайын программаны аткарууга киришти.

Денге менен ооруганда температура көтөрүлүп, тромбоциттин деңгээли кескин түшүп кетет, организмде суюктук абдан азаят. Бул ооруну адатта чиркейлер жайылтат.

Азыркы убакта Индияда жаан-чачындын сезону, бул убакта чиркейлер жайнап чыгат. (КС)

Айда бороону АКШнын түндүк-чыгышында 45 кишинин өмүрүн алды

АКШнын президенти Жо Байдендин айтымында, климаттык кризис менен күрөш үчүн “тарыхый инвестиция” керек. Өлкөнүн түштүк-чыгышын суу каптап, куюн болуп бери эле дегенде 45 киши каза болгон.

“АКШ өлкө боюнча климатка байланыштуу кыйроолорду баштан өткөрүп жатат жана аны менен күрөшүү жашоо менен өлүмдүн ортосундагы маселе болууда”, - деди Байден.

Нью Йорк шаары менен Нью Жерсиде болуп көрбөгөндөй нөшөрлөп жаан жааган.

Айрым жашоочулардын үйүнүн подвалдарын жана машиналарын суу каптап, алар камалып калышкан.

Алты штатта адамдардын өлүмү катталган:

  • Нью Жерсинин губернатору Фил Мерфинин айтымында, аталган штатта бери эле дегенде 23 киши каза болгон. Алардын көпчүлүгү суу көтөрүлгөндө машиналарынан чыга албай калган
  • Нью Йорк шаарында жок эле дегенде 14 киши каза болгон. Алардын ичинде эки жаштагы бала да болгон. Расмийлердин айтымында, он бири суу каптаган подвалдарда камалып калышкан
  • Пенсилванияда беш киши каза болгон. Ал эми Коннектикуттун полиция кызматкери телефонго жооп берип жатып набыт болгон
  • Мэриленд менен Виржинияда да каза болгондор жөнүндө маалымат тарады

Президент Жо Байден Нью Жерси менен Нью Йоркто өзгөчө кырдаал жарыялады.

Климаттын өзгөрүшү бороондун пайда болушуна таасири дале белгисиз. Бирок биздеги маалыматтар боюнча, деңиздин үстүндөгү температура жогоруда турган абаны ысытып, бороон-чапкындын, куюндун жана тайфундун пайда болушуна себеп болууда. Натыйжада, алар жамгырдын мындан да катуу жаашына алып келүүдө. (EA)

Нью Жерсинин эң ири сүт фермасы жабыр тартты

Сүрөттүн булагы, MULLICA HILL LIVING

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нью Жерсинин эң ири сүт фермасы жабыр тартты

Панжшерде Талибан менен Ахмад Масуддун жоокерлери кагылышууда

Панжшердеги Талибандын пулемет аткан каршылашы

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Панжшердеги Талибандын пулемет аткан каршылашы
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Панжшер өрөөнүндө Талибан менен Улуттук каршылык фронтунун ортосунда катуу кагылышуулар болуп жатканы кабарланууда

Талибан айрым жерлерди алганын жана Улуттук каршылык фронтун чоң бүлүнтүүгө учуратканын билдирди.

Улуттук каршылык фронту муну четке кагып, өрөөндүн кире бериштерин толугу менен көзөмөлдөп турганын жана Талибан жүздөгөн жоокеринен айрылганын айтып чыкты.

Панжшер өрөөнү Талибанга багына элек Афганистандын жалгыз аймагы.

Каршылык көрсөткөндөрдү Ахмад Масуд жетектейт. Андан сырткары алардын катарында мурдагы вице-президент Амрулах Салех, афган куралдуу күчтөрүнүн мурдагы жоокерлери бар.

Массуддун атасы Ахмад шах Масуд, 1980-жж. советтик армиянын жана 1990-ж. Талибандын мизин кайтарып “Панжшер арстаны” атыккан. Бул жеңиштер панжшерличтерге дем-күч берип, алардын омогун бийик сактап турган фактор. Ушундан улам Панжшер өрөөнү “жеңилбес” өрөөн аталып калган. Өрөөндүн тарыхый таржымалы, географиялык өзгөчөлүктөрү, стратегиялык мааниси тууралуу

Кыргыз аскерлери

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргыз аскерлери

Кыргызстандын Баткен жана Ош облусунда 2-4-сентябрда Коргоо министрлиги тарабынан аскердик машыгуулар өткөрүлүп жатат.

Ага 15 миң жаран,  ИИМ, УКМК, ӨКМ жана Чек ара кызматынын 200 чакты аскери катышууда.

ЖККУ башында турган мындай машыгууларга Россиядан 200 аскер жана 60 атайын аскердик техника тартылды.

 Буга чейин мындай машыгуулар Афганистан менен Чектеш Тажистанда да орун алган. (EK)