Медициналык окуу жайлар: "билимди эмес, дипломду экспорттоп жатабыз "
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргызстанда Саламаттыкты сактоо министрлиги менчик медициналык окуу жайларынын окутуу сапаты тууралуу маселе көтөрүп, 12 медициналык окуу жайды (бөлүм же факультетти) жабуу сунушун өкмөткө киргизгени жатат.
Бул жаңылыкты өлкөдөгү чет элдик студенттер кабатырлануу менен кабыл алышты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Шоурья Пратап Сингх Индиядан келип Бишкектен медициналык билим алып жаткан студенттердин бири:
“Бишкекке келип медициналык билим алып жатканыма 5 жыл болду. Жашоого кеткен акчам эле бул жылдар аралыгы 30 миң доллардан ашты. Ал эми контракт жылына 5 миң доллардан кем эмес”.
Чет элдик студенттер эмне себептен медициналык билим алуу үчүн Кыргызстанды тандап алышат?
“Кыргызстанда Индия, Пакистан, Армения, Непал, Бутандан келип он миңдеген студенттер бар. Бул өлкөлөрдө деле медициналык жеке менчик окуу жайлары бар. Бирок ал жерде билим алуу кыйла кымбат. Россия, Украина, Түркиядагы жеке менчик окуу жайларга да акча көп сурашат экен. Арзан контракт үчүн эле бул жакка окууга келебиз”, -дейт Шоурья.

Сүрөттүн булагы, Social media
Кыргызстанда жогорку окуу жайларында чет жердик студенттерди кабыл алган жыйырмадан ашык медициналык факультет иштейт. Алардын көбү медициналык билим берүүгө лицензиясын Билим берүү жана илим министрлигинен соңку беш жылда алышкан.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Саламаттыкты сактоо министрлиги бул окуу жайларында медициналык билимдин сапаты боюнча маселе көтөрүүдө. Министр Алымкадыр Бейшеналиев менчик тартипте билим берип жаткан 17 окуу жайы жабыларын билдирген.
Ал окуу жайлардын 12си боюнча текшерүү жүрүп, клиникалык базасы жана медициналык багыттагы жабдуулары жок болгондуктан лицензиясын жокко чыгаруу сунушталды.
1.Бишкек финансы-экономикалык академиясы (АДАМ университети);
2. Кыргызстан эл аралык университетинин Окуу илимий-өндүрүштүк комплекси;
3."Авиценна" эл аралык медицина университети;
4. Эл аралык медицина университети;
5. "Роэль Метрополитен" университети;
6. "АВС" академиясы;
7. Эл аралык медицина жана илим университети;
8. Бишкек эл аралык медицина институту;
9. Илим изилдөө медициналык-санитардык институту;
10. Кыргыз медицина-стоматологиялык институту;
11. Ош эл аралык медицина университети;
12. Эл аралык илим жана бизнес университети.
Мындан тышкары дагы беш медициналык окуу жайды атайын комиссия 15-мартка чейин текшерип, тыянак чыгарат.
Кыргызстандагы медициналык билимдин сапаты ошончолук төмөнбү?
27 жаштагы пакистандык врач Адил Кыргызстанга келип медициналык билим алып кеткен. Ал учурда Лахордогу педиатрия департаментинде иштейт.

Сүрөттүн булагы, Social media
“Мен 2019-жылы Кыргызстандан билим алып келип, азыр бул жерде кесибим боюнча иштеп жатам. Кыргыз диплому бул жерде жакшы эле бааланат. Менин Бишкекке барып билим алып келгеним мен өзүм үчүн, ата-энем үчүн аябай эле жемиштүү болду. Болгону ал жакта жашап-окуп жургөндө мен бир катар көйгөйлөргө туш болгом. Бул студенттердин коопсуздугу, мисалы, бизди көчөдөн токтотуп акча доолагандар көп болгон”.
2020-жылы Кыргызстанда окуп кеткен пакистандык студенттердин 90% медициналык комиссиядан өтпөй калып, Пакистан кыргыз медициналык окуу жайларын кара тизмеге” киргизген. Кийин Кыргызстандын Билим берүү министри Пакистанга иш сапары менен барып, айрым медициналык окуу жайларын кара тизмеден чыгарууга жетишкен. Ал эми дагы ондого окуу жайлары дале Пакистандын “кара тизмесинде”.
“Азыр Кыргызстанда билим сапатын өлчөгөн белгилүү бир критерийлер жок. Биз билимди эмес, дипломду экспорттоп жатабыз. Себеби, билим экспортунун азырынча натыйжасын көрө албай атам. Биз реклама менен Индия, Пакистандан, Бангладештен студенттерди тарта алдык. Демек, потенциалыбыз бар. Болгону тийиштүү деңгээлге жооп бере ала турган сапатка жетпей атабыз. Анын критерийлерин мамлекет аныктап, ЖОЖдор аны камсыздашы керек”, -дейт билим берүү эксперти Бакытбек Абдуллаев.

Сүрөттүн булагы, Bilim Akipress
Ал арада, Кыргызстанда менчик медициналык окуу жайлары жабылышы ыктымал деген кабар беш-алты жылдан бери акы төлөп билим алып жаткан чет элдик студенттерди санаага батырды.































