Газа: Израил БУУ уюштурган баш калкалоочу жайга сокку уруп, болжолу 35 киши өлдү

Сүрөттүн булагы, Getty Images
6-июнда израилдик аскерлер Газада БУУнун жакынкы чыгыш агенттигине караштуу мектеп имаратына сокку урду. Анда палестиналык качкындарга жардам көрсөтүү боюнча борбор жайгашкан. ЦАХАЛ ал жерге ХАМАС башкаруу борборун уюштурганын айтып, 7-октябрдагы соккуга тиешеси бар согушкерлер жок кылынды деп жатат. Бирок ХАМАС каза тапкандардын арасында баш калка издеп мектепке келгендер болгон деп ынандырууда.
Израилдин бийлиги мектепте ХАМАСтын 20-30 согушкери болгон жана алардын көбү жок кылынды деп жатат. Топтун өзү каза тапкандардын саны кыркка жеткенин, арасында 14 бала жана 9 аял болгон деп жатат.
Качкындар боюнча иш алып баргандардын (БАПОР) жетекчилиги чабуулдун айынан 35 киши өлгөнүн тастыктады.
Жергиликтүү журналисттер израилдин аскердик учагы мектептин жогорку кабатында жайгашкан "Нусейрат" качкындар лагерине эки ракета коё бергенин Би-Би-Сиге айтып берди.
ХАМАСтын медиа-кызматынын башчысы Исмаил Аль-Тхавабта Израилдин Газадагы бул мектепте топтун командалык борбору жайгашкан деген билдирүүсүн четке какты.
"Оккупация ондогон жер которгондорго карата жасалган катаал кылмышын актоо үчүн жок жерден токулган жалган пикирди коомдук маанай үчүн пайдаланып жатат", - деп билдирди Тхавабта Reuters агенттигине.
Израилдин Коргонуу армиясынын билдирүүсүндө, "кыйраткычтар "Нусейрат" районундагы БАПОР мектебинде жайгашкан ХАМАСтын лагерине таамай тийди жана анда 7-октябрда Израилдин түштүгүнө кол салууга катышкан "ХАМАС" менен "Ислам жихады террористтери" жок кылынды делет.
Израилдин аскерлери чабуулдун алдында жөн жай тургандарга тобокелди азайтуу боюнча чаралар көрүлгөн деп билдирди.
Мунун алдында эле ЦАХАЛ Газанын борборунда жаңы аскердик кампаниясы башталганын жарыялаган. Израил сүйлөшүүлөр убагында аскердик аракеттер токтотулбай турганын билдирди.
Буга чейин израилик аскер күчтөрү Газанын борборундагы "Бурейж" качкындар лагеринин чыгыш райондорун жана Дейр-эл-Балах шаарын "оперативдүү көзөмөлүнө" алышканын билдирген. Билдирүүлөр боюнча операциянын жыйынтыгында ондогон палестиналык көз жумган.
Жергиликтүү тургундар үстөккө-босток бомбалоо тууралуу айтса, "Чек арасыз дарыгерлер" кайрымдуулук уюму 4-июндан тарта жергиликтүү ооруканага кеминде 70 сөөк жеткирилигенин, негизинен аялдар жана балдар экенин билдирди.
Чек арасыз дарыгерлер Газанын борборунда ишин улантып жаткан бирин-серин медициналык борборлордун бири болгон Дейр-эл-Баледеги Ал-Акса ооруканасында медиктер кырдаалды "апокалипсис" деп аташканын билдирди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
5-июнда Хамастын лидери Исмаил Хани топ, Газадагы согушта ок атууну биротоло токтотууну жана ок атууну токтотуу планынын алкагында Израилдин кетишин талап кылышаарын билдирди. Бул өткөн аптада Газада элдешүүнү сүрөп жаткан АКШ президенти Жо Байден үчүн жаман жаңылык. Анда да бир топ маселенин ичинде ок атууну токтотуу каралган.
Ханинин билдирүүсү ХАМАСтын Байдендин сунушуна берген жообуна окшоп калды. Вашингтон топтордун жообун күтүп жатканын жана эгерде ХАМАС бул сунушту кабыл алса, Израил да аны менен макул болоорун айтты.































