Быйыл кышта жарык өчпөйбү?
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Кыштан жылуу-жумшак чыгуу үчүн кыргыз өкмөтү быйыл дагы коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын импорттогону жатат. Энергетика министрлиги анын көбүн Түркмөнстандан ташып келүүгө ниеттенүүдө.

Сүрөттүн булагы, Official
Бактыгүл Бишкектин четиндеги Кырман жаңы конушунда жашайт, анын жарыгы күн алыс өчө турган болду. Ал суук келип жаңы конуштагы элдин көбү, электр жылыткычтарын жагып, электр трансформаторлорго күч келип жатышы мүмкүн деп болжойт.
“Былтыр кышында ушинтип нагрузка болгондо өчүп калчу. Бирок көпкө анан күндөп өчкөн эмес. Азыр нагрузка болуп атат, себеби баары эле светке басым жасап жатат да. Көбү батирде жашагандар, анан алар кантип көмүр алат. Жер үйдө жашагандары эле айына 10-15 миң сомдон төлөшөт, көмүрдүн тоннасы 5 миң 500 сом болуп атат. Көбү кышка карата даяр эмес”.
Суук келгени жаңы конуштарда күн алыс эле жарык өчүп жатканы тууралуу посттор коомдук сайттарда көбөйүүдө. Министрлер кабинети кышка даярдык дурус экенин айтып, быйыл былтыркыдай жарыктан чектөөлөр болбой турганына ишендирүүдө.
“Кышка даярбыз”
Кыргызстандын жылдык керектөөсү 16,2 миллиард киловатт-саат электр энергиясынан ашаары белгилүү. Өлкөдө ГЭСтерден 11 миллиард 500 миллион киловатт-саат электр энергиясы, Бишкек Жылуулук электр борборунан (ЖЭБ) 2 миллиард киловатт-саат электр жарыгы өндүрүлөт. Калган 3 миллиард киловатт-саат электр энергиясы чет жактан импорттолгон жатат.
Улуттук энергохолдингдин төрагасы Таалайбек Байгазиев Би-Би-Сиге энергияны импортту тууралуу айтып берди.
“Быйыл 9 айдын ичинде 9,3 миллиард киловатт-саат электр энергиясы өндүрүлдү. Бул 1,4 миллиард киловатт-саатка аз. Анткени сууну үнөмдөп атабыз. Импорт боюнча: Түркмөнстандан 1,3 миллиард киловатт-саат транзит менен алып атабыз. Андан тышкары 350 миллион куб газ алып, аны Өзбекстандын электр станциялары аркылуу өндүрүп, дагы 1,5 миллиард киловатт-саат алынып келинет. Казакстан 450 миллион киловатт-саат ташылып келет”- дейт Байгазиев.

Сүрөттүн булагы, Official
Ушу тапта Кыргызстан суткасына 30 миллион киловатт-саат электр энергиясын керектейт. Анын үчтөн экисин Кыргызстан өзү өндүрсө, калганы коңшу өлкөлөрдөн алынып келинет.
“Тарифтер көтөрүлбөйт”
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Былтыр Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү адаттагыдан аз болуп, Кара-Кечеде да кышка көмүр казуу кеч башталып, өлкөдө энергетикалык каатчылык орун алган эле.
Улуттук энергохолдинг анда кезектеп жарык өчүрүүлөр болгон жок дегени менен, шаардын ар кайсы бурчунда электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлүп жатканы тууралуу арыздануулар болгон.
Буга кошумча "Түндүк электр" ишканасы бир фазалуу абоненттер үчүн 5 киловатт, үч фазалуу абоненттерге 10 киловаттык чек коюп, бул көлөмдөн ашыра колдонгон абоненттердин жарыгы автоматтуу түрдө өчүрүлүп, бул дагы айрым тургундардын нааразылыгын туудурган.
“Быйыл кезектеп өчүрүү болбойт, анча-мынча күч келгенде свет өчүшү мүмкүн. Быйыл даярдык жакшы, жарык өчүрүлбөйт, тарифтер дагы мурункудай калат”,- деп кошумчалады Таалайбек Байгазиев.
Кыргызстанда энергетика тармагы эчен жылдан бери кризиске батып, андан чыгуунун бир жолу катары тарифтерди көтөрүү сунушталып келет.
Энергетика министрлиги былтыр энергиянын бир киловатт-саатын катардагы абоненттерге 1 сом 9 тыйындан эсептөөнү демилгелеген. Эгер абонент бир айда 1000 киловатт-сааттан ашык электр энергиясын жакса, андан аркы баа 2 сом 52 тыйындан саналмак. Бирок бул чечим коомчулукта нааразылык жаратып, жаңы тарифтерди киргизүү кийинкиге калтырылган эле.
Көмүр неге кымбат?
Кыргызстанда күз-кыш мезгилине карата 2 миллион 994 миң тонна көмүр керектелет. Анын ичинен 1 миллион 237 миң тонна көмүр калк үчүн, бюджеттик мекемелерге 257 миң тонна, Бишкек ЖЭБине 1 миллион 500 миң тонна көмүр керек. Учурда ЖЭБде 253 миң тонна гана көмүр бар.
“Быйыл Бишкек ЖЭБ 1 миллион 50 миң тоннага тендер өткөргөн. “Кыргызкөмүр” ишканасы бүгүнкү күнгө ЖЭБге 270 миң тонна жеткирди, эми мартка чейин улам-улам дагы ташып турат”, -деди аталган ишкананын басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова.

Сүрөттүн булагы, Кыргыз туусу
Ушу тапта кыргыз өкмөтү казастандык “Каражыра” ишканасынан Бишкек ЖЭБ үчүн дагы кошумча 400 миң тонна көмүр ташып келүүнү макулдашты.
Ушу тапта Бишкек шаарында көмүрдүн баасы жеке жактарга 5000-6500 сомго чейин бааланып жаткан учур. Мындан улам эл арасында көмүрдүн баасына нааразылык болуп атат. “Кыргызкөмүрдүн” өкүлү жеке жактарга көмүрдүн кымбатташынын себебин деп түшүндүрдү:
“1-августтан тарта сентябрдын ортосуна чейин көмурдүн баасы тоннасына төрт мин сом болот деп айтылган, сатып алуулар анда аз эле. Кыргызстандажарандар биринчи кар тушмөйүн көмүр алышпайт. Анда алып алгандар азыр үйлөрүндө жылуу жумшак отурушат. Экинчиден, көмүрдүн баа саясаты бизге карабайт. Аны ташып келгендер жолдун узактыгына карата чечет”.
Энергетикалык кризисти Камбар-Ата-1 чечеби?
Кыргызстан соңку жылдары энергетикалык курч каатчылыкка тушугууда. Электр энергиясын керектөө жыл сайын 5-7% артып жатат, ал эми колдо бар кубаттуулук жетишпей, кыргыз өкмөтү жыл сайын коңшу өлколөрдөн энергияга алууга муктаж болуп жатат.
Быйыл кыргыз өкмөтү Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу башталганын жарыялады, эгер объект ийгиликтүү ишке ашса, Токтогул ГЭСине караганда көп электр энергиясын өндүрө турган ири станция болмокчу.
Жакында эле президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен дагы бир чакан ГЭСтин курулушуна капсула салынды. Сөз Куланак ГЭСи тууралуу жүрүп жатат.
"Жаңы ГЭСтерди куруу менен мамлекеттин экономикасын өнүктүрүүгө багыт алып жатабыз. Өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын жана коопсуздугун камсыз кылуу биздин негизги максаттарыбыздын бири. Учурда энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүнүн ар кайсыл жолдорун издеп жатабыз. Алардын ичинен чакан ГЭСтерди курууга өзгөчө көңүл буруп жактаныбызды баса белгилейм", -деди президент Садыр Жапаров.
Чакан ГЭС куруп иштетип келе жаткан ишкер Рахатбек Ырсалиев, чакан ГЭСтерди колго алса көп көйгөй чечилет дейт. Анын эсеби боюнча Бишкектин жака белине эле кеминде 100 чакан ГЭС куруп, маселени да ыш деген көйгөйдү да чечсе болот деп эсептейт. Бирок учурдагы реалдуулук такыр башка. Анча сандагы чакан ГЭС жок, аба кир.
Куланак ГЭСинин кубаттуулугу 100 мега Ватт болору айтылды. ГЭС ишке кирсе жылына 450 миллион киловатт-саат электр энергиясы өндүрүлөрү күтүлүүдө.
Садыр Жапаров былтыр энергетикалык кризиске байланыштуу билдирүү жасап, анда мурунку бийликти күнөөлөп өткөн эле. Соңку он жылда өлкөдө бир дагы ГЭС салынган эместигин, суунун башында туруп, кошуна өлкөлөрдөн кышкысын электр энергиясын сатып алуу Кыргызстан үчүн "өтө уят иш" экенин белгилеген.
Президент энергетика тармагынын ички жана тышкы карызы буга чейин140 миллиард сомго жеткенин, Кыргызстан азыр ал карыздан четинен кутула баштаганын билдирди. Садыр Жапаров Кыргызстан энергетикалык кризистен 2024-2025-жылдарга барып чыгарын убадалаган.




























