“Өзүбүзгө гана ишенишибиз керек”: кышка даярдык
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Соңку күндөрү Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Энергетика министри Таалайбек Ибраев энергетика тууралуу удаалаш билдирүүлөр жасашты.
Акылбек Жапаров элди энергияны үнөмдүү колдоонууга чакырса, Таалайбек Ибраев кышында чектөөлөр болбойт, бирок көмөк чордондордо чыңалуу болсо энергия үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деп эскертти.

Сүрөттүн булагы, Tazabek
Венера Бишкекте чакан тигүү цехин иштетет, кол алдында баш аягы 50дөй киши иштейт. Кыш жакындаганы ал бизнесине тынчсыздана баштады.
Быйыл электр энергиясын колдонууда чарбалык же чакан өндүрүштүк керектөөлөргө чектөөлөр кирери тууралуу алдын ала эскертилип жатат. Мындай шартта Венеранын бизнеси туруп калышы мүмкүн:
“Ишибиз электрден көз каранды”
“Биздин иште энергиянын болуп турушу абдан маанилүү. Менде тигүүчү, таңгактоочу, үтүкчү, бычмачы болуп ондогон киши иштейт. Электр энергиясына биз юридикалык жак катары төлөйбүз. Эми 10 КВт/сааттык чектөө кирет деп атышат. Билбейм кандай болот. Үтүккө эле 8 КВт/саат кетет да. Биз канча чыкса светке ошончо төлөйбүз. Генераторду да караштырып жатабыз. Бирок андан катуу добуш чыгат деп, кошуна үйлөр орнотконго каршы болот деп ойлойм”.
Кыргызстандын электр энергиясына болгон жылдык керектөөсү 16 миллиард КВт/сааттан ашаары белгилүү. Өлкөдө ГЭСтерден 11 миллиард 500 миллион киловатт-саат электр энергиясы, ал эми Бишкек Жылуулук электр борборунан (ЖЭБ) 2 миллиард киловатт-саат электр жарыгы өндүрүлөт.
Калган 3 миллиард киловатт-сааттай электр энергиясы жыл сайын чет жактан импорттолот.
Бирок быйыл кыргыз өкмөтү өлкөдө жалпы керектөө 17,2 млрд кВт/саатка чыгышы мүмкүн деп болжоп жатат. Суунун көлөмү болсо быйыл жылдагыдан тартыш. Бул себептүү кыргыз өкмөтү элди электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырууда.
“Чектөө болбойт”
Быйыл чарбалык керектөөгө чектөө 10 КВт/саатты түзсө, катардагы колдонуучулар үчүн суткасына лимит бул көлөмдүн жарымын түзмөкчү.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев басма сөз жыйынында жөнөкөй абоненттерге чектөө тууралуу түшүндүрмө берди. Министр мындай чара буга чейин деле болуп келген дейт:
“5 кВт/саат деп айтса эле айрымдар муну чектөө деп ойлоп жатат. Азыр бизде эч ким 10 кВт/саатка чейин электр энергиясын колдонбойт. Биздеги бир фазалуу линиялардын баары 5 кВт/саатка гана ылайыкташкан, андан көбүрөөк ашып кетсе, ток сайган жерлердин баары өрттөнүп кетет. Союз убагында саатына 3 кВт/саат болчу, бүгүнкү күндө 5 кВт/саатка чейин берилип жатат. Ал эми үч фазалуу линиясы барлар мындан ашыкча алуу үчүн келишим түзүп, техникалык уруксат алышкан. Аларга эч ким чек кое албайт, бирок биз баарыбир энергия көп колдонулган кечки сааттарда аларды да колдонууну азайтып туруусун суранабыз. Бирок бул чектөө эмес, чектөө болбойт”.

Сүрөттүн булагы, Official
Кыргыз бийлиги быйыл августтан тарта 2026-жылдын декабрына чейин энергетика тармаганда өзгөчө кырдаал режимин киргизди. Эгер мындай чара көрүлбөсө, энергетикалык таңкыстык күчөйт деген кооптонуу бар.
Себеби, Кыргызстандагы электр энергиясынын негизги булагы саналган Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү жылдагыдан кыйла төмөн.
11-сентябрга карата аталган ГЭСтеги суу 11,517.45 млрд. м3 түздү.
“Үч жыл чыдап коелу”
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 9-сентябрда кайрылуу жасап, быйыл кышында “электр энергиясы дефицит болорун” эскертти.
Ал кайрылуусунда өкмөт азыр ГЭСтерге басым жасап жатканын айтты:
“30 жыл чыдап келген жаныбыз дагы 3 жыл чыдап коелу. Электр энергияны үнөмдүү колдонолу. Керек болсо, кыштын күнү көчөлөрдөгү жарыктарды өчүрөлү. Мунун баарына бүгүнкү бийлик күнөөлүү эмес да. Мурдагы бийликтегилер эң жок дегенде жылына бирден ГЭС куруп турса, 30 жылда 30 ГЭС туруп калмак”.

Сүрөттүн булагы, Official
Жапаров 2026-жылдын соңуна чейин жалпысынан 4ГВт 700 МВт ашуун кубаттуулуктагы 48 ГЭС жана 5 ГВт 700 МВт кубаттуулуктагы 15 күн менен шамалдан энергия алуучу станциялар куруларын айтты.
Ошондой эле, Токтогул, Үч-Коргон ГЭСтери реконструкцияланып, кошумча 276 МВт кубаттуулук кошулат.
“Булар биз муктаж энергия көлөмүн иштеп чыгып жетише албайт. Мисалы, 3 миллиард кВт/сааттык энергияны чыгарыш үчүн жок эле дегенде 500 МВт ГЭС же ЖЭБ куруш керек. Экөөнүн бирөөсү. Чакан ГЭСтер жаба албайт. Анткени алардын кубаттуулугу аз, бардыгы иштеп чыккан энергияны кошкондо 150 миллион кВт/саат болот. А бизге 3 миллиард кВт/сааттык муктаждыкты жапкан көлөм керек”, - деди энергетика жаатындагы эксперт Мырзатай Султаналиев.
Андыктан ал чоңураак ГЭСтерге Сары-Жаз, Камбар-Ата-1 жана Камбар-Ата-2, Казарман, Чаткал каскаддарына басым жасоо керектигин белгилейт.
“Өзүбүзгө гана ишенишибиз керек”
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров соңку кайрылуусунда электр энергиясынын импорт маселесине да токтолду.
“Дагы бир ачуу чындык айта кетейин. 2020-жылга чейин кошуна өлкөлөрдөн кыштын күнү электр энергияны накталай акчага сатып алып жүрүптүрбүз. Ал эми жайдын күнү кошуна өлкөлөргө сугатка суу агызганыбызда шлюзду көтөрүп, бош эле агызып берип жүрүптүрбүз. Садыр Нургожоевичтин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында кошуна өлкөлөрдөн кыштын күнү электр энергия алып, ал электр энергияны жайдын күнү кайтарып жатабыз”.
Жапаров эл аралык нормаларда суу башында турган өлкөлөр суудан ылдый турган өлкөлөргө суу берүүгө милдеттүү экенин да белгилей кетти.
“Кыргызстан ошентип Казакстан менен Өзбекстанга келишим түзүп, суу берип, ордуна электр энергия алчу. Азыр эми ошол эле келишим, ошол эле суунун негизинде электр энергиясын алган күндө дагы өзүбүздүн суу жетпей калып атат. Кооптонгон жери ошол болуп атат. Кышында элди электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн жок дегенде 6 миллиард миллиард м3 суу керек. Күн сууп кете турган болсо, -5 - -10 градуска чейин көпкө узарса, ошол эле кошуналардын өздөрүнө энергия керек болот, бербейт бизге. Суук убакта биз өзүбүзгө гана ишенишибиз керек”, - дейт эксперт Султаналиев.
Коомдук сайттарда ушу тапта бийликтин энергетика жаатындагы саясатын колдогондор, сындагандар да болууда. Мисалы, “өкмөт алдыдагы күз-кышта энергия таңкыстыгы болорун алдын ала айтса, күн панелдерин даярдап алмакпыз”, “көчөдө жарыктар өчүрүлсө кылмыштуулук өсөт” деген чочулоолор бар.
Бирок энергетика тармагына өзгөчө кырдаалдар кирип жатканы быйыл жайда эле белгилүү болгон. Ал эми түнкүсүн жарыктын өчүрүүнүн кылмыштуулукка таасири тууралуу ИИМдин ардагери Султан Жошбаевден сурадык.
“Мен Советтер союзунан бери иштеп келген киши катары айтарым: кылмыштуулук болгон, боло берет дагы. Анын жарык менен эч кандай байланышы жок. Уруулук кылам деген адам жарык күйүп турса да уурдайт. Алдын алуу үчүн башка ыкмалар керек. Энергия көп болсо кылмыштуулук токтоп калбайт да”, - дейт да ал.
Деген менен эгер көчөлөр караңгы кала турган болсо көздөн далдоо жерлеринде коркутуп-үркүтүү, тоноп, уруп согуп жибермей сыяктуу майда кылмыштар күчөйт дегендер жок эмес. Эң эле жөнөкөй себеби көзөмөл камералары иштебей, иштесе да караңгылык каптап турса шылуунадар пайдаланары турган иш дешет.
Энергетикага байланыштуу дагы бир маанилүү жарлык, өкмөт быйыл өлкө боюнча кышында электр мештерин колдонууга тыюу салып жатат.
Ошентип ансыз да абасы абдан кир деген Бишкек бул кышты дагы уюлгуган кара түтүн, мурун өрдөгөн ыш менен өтөргөнү калды көрүнөт.




























