Улуу Британиянын коргоо министри: Октябрь Россия үчүн эң кандуу ай болду

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Лаура Кюнсберг, Би-Би-Си

Улуу Британиянын коргоо министри
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Адмирал Тони Радакин Путиндин Украинага басып киргени Россиянын калкына оор азап алып келди дейт

Британиянын коргоо штабынын башчысы Би-Би-Сиге Россия соңку айда Украинадагы согуш башталгандан берки эң чоң жоготууга учураганын билдирди.

Адмирал Сэр Тони Радакиндин айтымында, орус аскерлеринде октябрь айында күн сайын курман болгондор жана жарадар болгондор менен жоготуулар күнүнө орто эсеп менен бир жарым миңден болуп жатты. Ал эми бардык жоготуулар согуш башталган 2022-жылдын февраль айынан бери 700 миңге жетти.

Россия согушта курман болгондордун санын ачыктаган жок, бирок Батыш коргоо мекемелеринин өкүлдөрү октябрь айында курман болгондордун саны башка айларга салыштырганда эң көп болду деп жатышат.

Сэр Тони BBC One телеканалындагы "Лора Кюнсберг менен жекшембилик" программасына берген интервьюсунда Путиндин басып кириши үчүн орус эли "өтө кымбат бааны" төлөп жатканын айтты.

"Россияда өлгөндөр менен жарадар болгондор саны жакында 700, 000 чыгат — бул Путиндин амбициясынан улам орус элинин башына түшкөн оор кыйынчылык жана чоң азап ",-деди сэр Тони.

Ал кымындай жер үчүн салгылашуулардан көп жоготуулар болуп жатканын айтты.

"Россия тактикалык аймактык үстөмдүк издеп, Украинага кысым көрсөтүп жатканы талашсыз", - деди ал.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Россия мамлекеттик чыгымдарынын 40% ашыгын коргонууга жана коопсуздукка жумшоодо. Бул өлкө үчүн "чоң жүк".

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамптын союздаштары Украинанын президенти Владимир Зеленский согушту токтотуу үчүн аймактык жоготууларга баш ийбеске чарасы жок деп жатканда, сэр Тони Батыш союздаштары "керектүү деңгээлде" чечкиндүү болорун айтууда.

"Бул билдирүү президент Путинди ойлонтуп, ал эми президент Зеленскийди сооротууга тийиш", - деди ал.

Трамп согушту токтотуу жана АКШнын Украинага аскердик жардамы менен каржылык колдоосун токтотуу анын башкы максаттары экендигин дайыма айтып келатат.

Бирок ал бул максатына кантип жетерин азырынча ачыктай элек жана өзүнүн кеңешчилеринен бул боюнча карама-каршы кеңештерди угушу мүмкүн.

Ушул аптанын башында Путин Трампты шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, анын Украинадагы согушту токтотууга жардам берери жөнүндө билдирүүсү "жок дегенде көңүл бурууга татыктуу"деди.

Трамптын Демократиялык партиядагы атаандаштары аны орус президенти Владимир Путин менен жакындашып кетти деп айыптап, анын согушка болгон мындай мамилеси Украинанын капитуляция болушуна алып келет, андан бүт Европага коркунуч келет деп жаткан убагы.

Брайан Ланза
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Брайан Ланза. 2020-жылдагы сүрөт

Трамптын 2016 жана 2024-жылдагы өнөктүгүндөгү саясий кеңешчиси Брайан Ланза жаңы администрация Россия басып алган аймактарды кайтарып алууга мүмкүнчүлүк бербестен, Украинада тынчтыкка жетишүүгө басым жасайт деп билдирди.

Ланза Би-Би-Сиге жаңы администрация президент Зеленскийден " кырдаалга реалдуу көз карашын" сунуштоосун суранат деп билдирди.

Бирок андан кийин Трамптын өткөөл администрациясынын өкүлү саясий технолог Ланзанын пикири Трамптын позициясын билдирбейт деп айтты.

Өткөн айда Зеленский Украинанын парламентине "Жеңиш планын" сунуш кылган, анда бир дагы аймактан жана Украинанын эгемендигинен баш тартуу болбойт деп айтылган.

Кремль бул планды четке кагып, Киев "акылына келиши" керек деп жооп кылган. (КС)