"Өмүрүбүздү сактап калгыла": Бөйрөк оорулуулар президентке арызданышты

Published

Жасалма бөйрөк менен жан сактап жүргөндөр бүгүн мамлекеттик резиденциянын алдына барып, президент Садыр Жапаровго жолугушту. Президент алардын талабын угуп, чечүүнүн жолун караштырууну убада кылды.

гемодиализ менен жашагандар

Мамлекеттик резиденциянын алдына бүгүн эртең менен өнөкөт бөйрөк оорусу бар элүү чакты адам чыкты. Алар президент Садыр Жапаровго жолуктурууну талап кылышты. Президент көп күттүрбөй эле өзү чыгып, чогулгандардын талабын укту.

"Эки талап менен бардык. Гемодиализ борборлоруна акча бөлүүнү тендерге өткөрүп коюшкан, ошону токтотууну жана гемодиализ жеке менчик борборлоруна төлөп жаткан акчанын көлөмүн көбөйтүп берүүнү өтүнүп бардык",-деди бул пикетке катышкан оорулуулардын бири Айнара.

Анын айтымында, өнөкөт бөйрөк оорусунан жабыркагандар өздөрү каалаган гемодиализ борборуна барып, дарыланып турганга мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылышууда.

Оорулуулар
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Садыкова Аиданын үйүндө өзү эле эмес, эки баласы тең гемодиализге барат.

Украинадагы согуш, Россияга салынган санкциялар Кыргызстанга да кымбатчылык менен каатчылыкты алып келүүдө. Сырттан келген дары-дармектер кыскарып, тартыштык чыгышы мүмкүн болууда. Анын азабын оорулуу адамдар биринчи тартат эмеспи.

Жасалма бөйрөк менен канын тазалап, жанын сактап жүргөндөр ушул айдын башынан бери эле пикетке чыгып атышат. Алар бөлүнгөн акча жетишпей, кымбатчылык болуп,  кээ бир дарылар, витаминдер кыскарып калганын айтып арызданышууда.

Садыкова Аида:

“Бир үй-бүлөдөн үчөөбүз алабыз. Мен анан эки эркек балам алат. Мамлекет тарабынан бизге төрт миң жети жүз сом жетпей калып атат. Башка адамдардай болуп токсиндерди сыртка өзүбүз чыгара албайбыз. Ошондуктан төрт саат аппарат бизди тазалайт. Биздин организмде эч кандай витамин калбайт. Фильтрлеп таптаза кылып салат. Эмне үчүн витаминдерди алып салдыңар десек, жер-жемиштер менен толтургула дейт. Бирок көбүбүз жер-жемиштерди жей албайбыз, жашы өтүп бараткандар жей албайт. Мисалы, антифосфат берилчү бизге. Денелерибиз карарып, кычыша баштаганда антифосфат ошону басат. Аны бизде сатпайт азыр. Аны да алдырып салышты. Витамин С сайылчу, аны алдырып салышты. Витамин албасак, бизде сөөктөр морт болуп калат. Жыгылып кетсек, колубуз кыйшайган бойдон калышы мүмкүн".

Райымкулова Анара:

“Биз төрт саат гемодиализ алабыз. Төрт саат ичинде канды эле тазалабай, сөөктөн бери тазалап салышат, организмде витамин да калбай калат. Дары-дармек алганга биздин акчабыз жетпейт. Биздин биринчи топтогу майыптар деп жумушка да алышпайт. Биз өз укугубузду коргоп келдик, 6800 сомго акчабызды көтөрүп берсин”.

Гемодиализмге деген акчаны көбөйтүү маселесин өкмөт карап жатканда, Украинадагы согуштун айынан дары-дармектердин каатчылыгы чыгышы мүмкүн деген башка кабатырлануу күчөдү.

“Бул чындыгында эле оор. Кырдаал күндө өзгөрүп кетип атат. Көп дарылар Украина мамлекетинен келчү. Бүгүнкү күндө алардын келбей калуу коркунучу турат. Башка мамлекеттерден алууга аракет жасап атабыз. Гемодиализ борборлоруна керектүү дарылар дагы ошонун ичинде”,-деди Гүласыл Сутуева, Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкери.

Эгерде дары-дармек тартыштыгы чыкса, алар кымбаттай берсе эмне кылабыз деп оорулуулардын ою он талаа.

Гемодиализ алган адамдар

Кыргызстанда жасалма бөйрөк менен жашап жүргөн 2300дөй адам бар. Ошондой эле гемодиализ албай, бөйрөгүн алмаштыргандар төрт жүздөн ашуун.

“Бул цифрадан коркпош керек. Бул табияттын мыйзамы экен, кайсы бир мезгилде урук кууйбу же башкабы, кээ бир адамдардын бөйрөгү иштен чыгып калат. Өнүккөн мамлекеттерде гемодиализ алгандардын саны көп. Бул бөйрөгү иштен чыгып калган кишилердин өмүрүн узартуу дегендик. Канчалык гемодиализ алып, сапаты жакшы болсо, ошол адамдардын өмүрү узунураак болот”,-дейт Гүласыл Сутуева.

Кыргызстанда мурда гемодиализ кызматы жеткиликтүү болбой, бөйрөгү иштебей калган адамдар каза болуп калчу. Азыркы учурда жеке менчик гемодиализ борборлору ачылып, жардам жетпей калгандар дээрлик жок. Бирок алыскы райондордо жашагандар үчүн ал жеткиликтүү эмес. Алар канын тазалаш үчун областтык борборлорго, чоң шаарларга келип-кетип турганга аргасыз. (КС)