Зеленский Лукашенконун кечирим сураганы, санкция жана жарашуу тууралуу маек курду

Володимир Зеленский

Сүрөттүн булагы, Lex Fridman/YouTube

Published
Окуу убактысы: 4 мүнөт

Украинанын президенти Володимир Зеленский америкалык блогер жана подкастер Лекс Фридманга маек куруп, Орусия басып кирген алгачкы күндөрдү эстеп, келечекте тынчтыкты орнотуу жөнүндө пикирин ортого салды.

Орусия Украинага басып киргенге чейинки АКШ менен Батыш өлкөлөрүнүн убадаларын эстеп, Зеленский сөгүнүп жиберди. Ошондой эле согуштун алгачкы күндөрү Александр Лукашенко менен сүйлөшкөнүн биринчи жолу айтып, ал Украинага урулган соккулар боюнча кечирим сураганын да сөз кылды.

Маектешүү үч саатка созулду. Зеленский негизинен украин тилинде сүйлөдү, Фридман болсо маектешүү орус тилинде болуусун каалаган эле.

Маектин башында эле Фридман Москвага дагы барууну жана Владимир Путин менен дагы маектешүүнү пландап жатканын билдирди. Подкастер АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын 20-январда боло турган ант берүү аземинен кийин Зеленский, Трамп жана Путин жолугуп, тынчтык тууралуу сүйлөшсө деп каалай турганын да айтты.

Зеленскийдин пикирине караганда, Украинага учагы менен келген биринчи дүйнөлүк лидерлердин бири АКШ болсо дейт, бирок бул иш согуш толук аяктаганда гана ишке ашат.

Согуш уланууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Санкциялар тууралуу

Орусиянын толук кандуу басып кириши тууралуу сөз болгондо Зеленский Батыштагы өнөктөштөрү менен болгон сүйлөшүүлөрүн эскерди.

"Мен АКШдан бир нерсени гана сурандым. Эгер силер ишенсеңер, силерде далилдер болсо, эгер аны [Путин] менен сүйлөшүп жаткан болсоңор, ал силерге басып кирүү тууралуу айтса, мунун баары силерди кооптондуруп жатса, мен силерден далил сурабайм. Мага эки гана нерсе бергилечи дегем. Курал-жарак менен күчтөндүргүлө жана баарынан жакшысы эч кандай согуш болбой тургандай кылгылачы дедим. Мен анда куралдан мурун санкциялар тууралуу сурандым. Башкача айтканда коркутуп койгулачы дегем",- деди Володимир Зеленский.

"Эгер ал келип калса, эгер ал чек арадан өтсө, эгер ал өлтүрүп кирсе, биз санкция салабыз" дегендерди айтпагылачы деп сурандым. Мунун баары суу кечпейт да, кечирип койгула",- деп кошумчалады Зеленский.

Фридман ошол мезгилде Украинага жардам көрсөтүлгөн жок деп жатасызбы деп Зеленскийден тактап сурады.

"Мен жардам болгон жок деп эсептейм. Биз көмөк алган жокпуз. Эгерде биз оозеки сөздөрдү жардам деп эсептей турган болсок, анда андай жардамды биз абдан көп алдык",- деди Зеленский.

Орусия Украинага басып киргенден кийин Батыш өлкөлөрү Орусияга каршы санкцияларды салып, Киевге курал-жарак жибере башташты.

Фридман

Сүрөттүн булагы, Lex Fridman/YouTube

Лукашенконун кечирим сураганы тууралуу

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Зеленский согуш башталган алгачкы күндөрү Беларустун президенти Александр Лукашенко менен сүйлөшкөнүн да эстеди. Беларус аймагы аркылуу орус аскерлери басып кирип, Киевди алууну көздөшкөн. Бирок ойлору ойрон болду.

"Мен Лукашенко менен телефон аркылуу сүйлөштүм, ал өз аймагынан ракеталарды коё бербегенин, аларды Путин атканын айтып кечирим сурады. Ишенип кой, бул мен эмес, мен көзөмөлдөбөйм деди Лукашенко. Мен ага тигиге окшогон эле киши өлтүргүч экенин айттым, ал болсо орустар менен согушуп болбойт деди",- деп эскерди Зеленский.

Анын сөзүнө караганда, Лукашенко Беларус аймагын аткыла деп сунуш кылган.

"Ал мага мунай заводун ат, ал мага канчалык маанилүү экенин сен жакшы билесиң деди. Ал Мозырь заводу болчу. Мен ага сен эмне деп жатасың, кандай жооп болот дедим. Бул согуштун экинчи же үчүнчү күнү болчу",- деп ишендирди Зеленский.

Мурда украин президенти Лукашенконун мындай өтүнүчү тууралуу ооз ачкан эмес эле.

Мозырь мунай заводу орус армиясын мунай менен камсыздаган жана өндүргөн негизги заводдордун бири. Ал былтыр 15-июлда ишин токтоткон. Катуу бороон-чапкындан улам токтоду деген расмий жооп айтылган.

Деген менен украиналык маалымат каражаттары заводдун токтошунун чыныгы себеби украиндердин дрон чабуулдары болгондугун жазышкан.

Жарашуу ыктымалы жөнүндө

Трамптын убадаларынын эң негизгиси согушту токтотуу болгон

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Трамптын убадаларынын эң негизгиси согушту токтотуу болгон

Жарашуунун перспективасы тууралуу суроого жооп берерден мурун Зеленский 2019-жылкы тарыхты эстеди. Анда ал Путин менен Донбасстагы кезектеги жарашуу тууралуу сүйлөшкөн, бирок аны бир айдан кийин эле Орусия бузган деп эскерди.

"Мен ага телефон аркылуу чалдым. Орусиялыктар такыр эле трубканы албай койгуча чалдым. Мен кийинки жолугушууну кааладым, Орусия тарап баш тартты. Биз аны ар башка өлкөлөр аркылуу орундатканга аракет кылдык, бирок орусиялыктар каалаган жок, болбогон бир нерсени алып келишкен,- деди Зеленский.

Январда Трамп жана Путин менен жолугушуп, коопсуздук кепилдиги камтылган тынчтык келишимине кол коё аласызбы, деп Фридман сурады. Зеленский адегенде Трамп менен гана жолугушууну жана сүйлөшүүлөргө европалыктарды тартууну каалай турганын айтты.

"25-январда же башка күнү биз баарынан мурун Трамп менен отурабыз. Биз согушту жана Путинди кантип токтотуу тууралуу сүйлөшөбүз. Эгер ал күчтүү коопсуздук кепилдигин сунуш кылса, ошондон кийин гана орусиялыктар менен сөз болушу мүмкүн. Дароо эле үчөөбүз отура калып сүйлөшпөйбүз да", - дейт украин президенти.

"Биз үчүн Европанын дагы пикири маанилүү. Мен ал [Трамп] Европа менен бирге Украинанын күчтүү коопсуздук келишимин сунуш кылат деп ишенем",- деп кошумчалады Зеленский.

"Эгерде Трамп ок атышууну токтотуп, Путин үч айдан кийин кайра жаңы чабуулдарын баштаса эмне болот? Трамп менен Украина кандай көрүнөт? Эмнеге Путин баштайт? Анткени ал бүгүн Трамптан коркуп турат. Эгерде Трамп олуттуу копсуздук кепилдиги жок эле ок атышууну токтотууга бара турган болсо, ал Путинге пас берген болот. Ал муну каалабайт, бирок ал Путинге пас мүмкүнчүлүгүн берет. Анткени Путин мени менен Трампты чабыштыргысы келет",- деди Зеленский.

Зеленский Путиндин каалоолорун күтүүнүн кажети жоктугун, аны согушту токтотууга мажбурлоо керектигин айтты. Зеленскийдин пикири боюнча, орус президенти өз алдынча эле согушту токтоткусу келбейт.