You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Орусия Одессадагы түрк кемесин аткылап, 10 киши өлдү. Москва жапырт дрон чабуулуна кабылды
Өткөн дем алыш күндөрү Украина менен Орусиянын ортосундагы согуштук аракеттерден улам адам өмүрүн алган ири соккулар катталды. Орусия Одессанын жанында дан жүктөлгөн түрк компаниясына таандык кемени ракета менен аткылап, анын кесепетинен алты деңизчи каза болуп, төртөө дайынсыз жоголду. Ошол эле учурда, Орусиянын бир катар аймактары, анын ичинде Москва эң ири масштабдагы дрон чабуулдарына кабылды. Бул окуялар Киевге жасалган массалык баллистикалык чабуулдар, Запорожье жана Харьковдогу карапайым калктын өлүмү менен коштолуп, фронттогу жана тылдагы кырдаалдын өтө чыңалып турганын көрсөтөт.
Москванын мэри Сергей Собянин жекшемби күнү кечинде Москва аймагына карай 400дөн ашык учкучсуз учак учурулганын билдирди. Анын айтымында, алардын көбү Орусиянын борборунан алыс жерде атып түшүрүлгөн, ал эми Москвага жакындаганда 85 дрон жок кылынган.
Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев чабуулдун кесепетинен жабыркагандар бар экенин жана инфраструктурага зыян келтирилгенин маалымдады.
"Түнкүсүн абадан коргонуу күчтөрү жана радиоэлектрондук күрөш каражаттары Москва облусуна жасалган дрон чабуулун кайтарды. Негизги кесепеттер Подольск, Домодедово жана Одинцово шаардык округдарында катталды", - деп жазды Воробьев.
Анын айтымында, Домодедоводо жеке үй өрттөнүп, бир адам жаракат алган, дагы бир адам М-4 трассасында унаасынын жанына дрон түшкөндөн кийин жаракат алган. "Ага бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө", - деп кошумчалады ал.
Губернатордун айтымында, бир нече жеке үйгө зыян келтирилип, өрт чыккан, ошондой эле жарандык инфраструктуранын айрым объектилери жабыркаган. "Одинцоводо унаа жана жеке үй зыянга учурады. Жабыркагандар жок", - деди ал. Подольскто да өрт чыгып, бир нече жарандык объект жана Малое Толбино айылындагы жеке турак үй зыян тарткан.
Ростов облусунун губернатору Юрий Слюсарь түн ичинде Таганрогдо, Таганрог булуңунда жана облустун жети районунун үстүнөн 35тен ашык дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Анын айтымында, жабыркагандар жок, бирок Шолов районунда дрондун сыныктары түшүп, өрт чыккан. "Ростов облусунда дрон коркунучу азырынча сакталууда", - деп жазды Слюсарь.
"Киевге эң ири баллистикалык чабуул жасалды"
Президент Владимир Зеленскийдин айтымында, Орусия 19-июлга караган түнү "Киевге жасалган эң ири баллистикалык чабуулдардын бирин" ишке ашырган. Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн маалыматына караганда, Украинага 41 ракета жана 125 дрон менен чабуул жасалган, негизги бута Киев болгон. Бийликтин маалыматы боюнча, Киевде 89 жаштагы аял каза болуп, кеминде 17 адам жабыркаган.
Бийликтин билдирүүлөрүнө караганда, жекшемби күнү Харьковдун четиндеги "Нова пошта" логистикалык компаниясынын терминалына жасалган соккудан төрт адам каза болуп, 20сы жаракат алган.
Запорожье облустук аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоров жекшемби күнү орус соккусунан талкаланган үйдүн урандыларынын астында калган кыз каза болгонун маалымдады. Ошондой эле, чабуулдан 71 жана 72 жаштагы эки аял каза болуп, 41 адам жаракат алган.
Кийинчерээк Өзгөчө кырдаалдар кызматы Запорожьедеги сокку боюнча такталган маалыматты берди: 2 адам каза болуп, 42 адам жаракат алган, алардын арасында 8 бала бар. Федоровдун айтымында, орус авиабомбалары беш кабаттуу үйдүн эки кабатын талкалап, тогуз кабаттуу үйдүн терезелери менен балкондоруна зыян келтирген.
Одесса аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лысак ракеталык соккунун кесепетинен инфраструктуралык объект жабыркаганын билдирди. "Душман биздин шаарга карата террорду улантууда. Эртең менен ал Одессага ракеталык сокку урду", - деп жазды ал.
Украинанын Аскер-деңиз күчтөрүнүн маалыматы боюнча, Орусия Украинанын портунан жүк жүктөп чыгып бараткан, Гвинея-Бисау желеги алдындагы, түрк компаниясына таандык "Golden Leo" кемесине канаттуу ракеталар менен сокку урган. Украинанын транспорт министри Николай Калашник алты деңизчи каза болуп, дагы төртөө дайынсыз болуп жатканын билдирди.
"Экипаждын 8 мүчөсүн сактап калууга мүмкүн болду. Тилекке каршы, учурда 6 деңизчинин каза болгону белгилүү, дагы 4 адам дайынсыз жоголду", - деди ал.
Министрдин айтымында, кеме жүгөрү жүктөп алып, украин портунан чыгып бараткан. Бортто 18 адам: Сириянын жана Индиянын 17 жараны, ошондой эле украиналык лоцман болгон. Орусиянын бийлиги жана аскерлери кемеге жасалган чабуул боюнча азырынча комментарий бере элек.