Хант синдрому эмне деген оору?
Канадалык ырчы Жастин Бибер беттеги нервдери паралич болуп, Хант синдрому деген диагноз коюлганын билдирди. Ошол оорунун айынан концерттеринин баарын токтотту.

Сүрөттүн булагы, INSTAGRAM/JUSTIN BIEBER
"Көрдүңөрбү, бул көзүм ирмелбейт. Бетимдин бул жагы менен жылмая албайм … [Оң] жагы бүт паралич", - деди 28 жаштагы ырчы Инстаграмда жазылган өзүнүн күйөрмандарына видео кайрылууда.
Рамсей Хант синдрому – бул беттеги нервди жабыркаткан герпес формасындагы оору. Ал көбүнчө суу чечек менен ооруган адамдын организминде көп жыл бою тынч жаткан чечектин вирусу активация болгондо пайда болот.
2020-жылдын башында Бибер Лайм оорусуна чалдыкканын кабарлаган, бул кене боррелиоз деген ат менен белгилүү. Боррелиозду Биберден 2019-жылы табышкан, ага эми өнөкөт вирус инфекциясы кошулуп, териге, мээнин функциясына, күч-кубаттын деңгээлине жана жалпы эле ден соолукка таасирин берүүдө.
Бибер бул ооруга дүйнөлүк гастролдору кызып турган убакта чалдыкты. Ал сакайып чыккычакты өзүнүн күйөрмандарын сабыр кылып турууга чакырды.
"Бул абдан олуттуу экенин көрүп турасыңар, - деди Жастин видеодо оң көзүн эч ирмей албай, - Мындай болбосо жакшы болмок, бирок менин денем кичине эс ал деп жаткандай ".
Анын айтымында, эми пайда болгон бош убактысынын баарын ал ден соолугун калыбына келтирүүгө жумшамакчы.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Америкалык дарыгерлердин маалыматына караганда, Хант синдрому менен ооруган адамдар көбүнчө сакайып чыгат, бирок бул оору өнөкөт болуп калгандар да бар.
Ушул сыяктуу ооруларды дарылоого адистешкен британиялык дарыгер Чарльз Ндука Рейтер агенттигине Хант синдрому менен ооругандардын 75% убагында дарыланса таптаза сакайып чыгат деп билдирди.
"Мен Бибер жарыялаган видеодон сакаюунун белгилерин байкадым, ошондуктан жакшы болот баары, - деди адис. – Беттин нерви паралич болгондо эң мүнөздүү симптомдордун бири – оорулуу адамдар көзүн толук жума албай, жылмая да албай калышат".
Ндуканын айтымында, оорулуунун жүзүнө күлкү кайтып келгенге чейин адегенде бет көбүрөөк симметриялык болуп калат – ушул белгилер Бибердин видеосунан байкалып турат. (КС)



























