Ирландия, Норвегия жана Испания Палестинаны мамлекет катары таанууга даяр

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ирландия, Испания жана Норвегия палестин мамлектин таануу жөнундө планын жар салды. Чечим расмий түрдө саналуу күндөн кийин, 28-майда күчүнө кирет. Израил кескин каршылыгын билдирди.
"Эки мамлекет жөнүндөгү чечим — Израил үчүн дагы, Палестина үчүн дагы тынчтыкка жетүүнүн жападан-жалгыз жолу. Мындай өтө кыйчалыш учурда биз Палестинаны таанып, чөлкөмгө тынчтык орнотуу боюнча жалпы орток планды колдойбуз", - деп билдирди Норвегиянын тышкы иштер министри Эспен Барт Эйде.
Норвегиянын тышкы иштер министри Йонас Гар Стордун сөзүнө караганда, Газадагы токтобой жаткан согуш тынчтыкка жана туруктуулукка жетүү үчүн палестин маселеси чечилиши керектигин "кашкайтып көрсөтүп" койду.
Ирландиянын премьер-министри Саймон Харрис плаестин мамлекетин тааный турганын билдирди.
Саймон Харрис БУУнун Генералдык Ассамблеясында май айынын башында өткөн добуш берүүнү эске салды. Анда 143 мамлекет уюмда Палестинага кеңейтилген статус берүүгө жол ачкан резолюция үчүн добуш берген эле.
"Газадагы палестиналыктар эң эле ырайымсыз азап чегүүнү башынан кечирүүдө. Ачкачылык, аргасыздык –деп белгиледи Харрис. – Гуманитардык катастрофа көпчүлүк үчүн акылга сыйгыс жана баары үчүн кабыл алынгыс экенине карабай ушул учурда болуп жатат".
Испаниянын премьер-министри Педро Санчес анын өлкөсү Палестинаны 28-майда тааный турганын Мадридде билдирди.
"Биз тынчтык, адилеттик жана ырааттуулук деп үч сөз менен түшүндүрө турган көп себептер менен Палестинаны таануу үчүн чогулабыз, – деди ал. – Биз эки мамлекет жөнүндөгү чечим сакталаарына жана баарына ыңгайлуу коопсуздуктун кепилдиги болоруна ынанышыбыз керек. Эки тарап тең тынчтык жөнүндө сүйлөшүү жүргүзүүсү маанилүү жана дал ушул себептен улам Палестинаны тааныйбыз.
Израилдин реакциясы
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Израил Ирландия, Норвегия жана Испаниядагы элчилерин "чукул кеңешме" үчүн чакыртып алды.
"Мен Ирландия менен Норвегияга ачык билдирүү жөнөтөм: Израил анын эгемендигине шек келтирип, коопсуздугуна коркунуч жараткандардан артка чегинбейт. Израил жөн туруп калбайт, башка олуттуу кесепеттер болот, - деди Катц. – Эгер Испания Палестина мамлекетин таануу ниетин ишке ашырса, ага каршы дагы ушундай кадам жасалат".
Катцтын айтымында, Палестинаны мамлекет катары таануу согушкерлердин колунда турган 128 туткунду кайтаруу аракеттерин жокко чыгарат, Иран менен ХАМАСтын чырагына май тамызып, Израилдин өзүн-өзү коргоо укугуна шек туудурат. Көп өтпөй Израил испан элчисин чакыртканын билдирди.
"Бүгүнкү чечим палестиналыктарга жана бут дүйнөгө терроризм өзүн актайт деген сигналды таратат. Бүт дүйнө күбө болгондой ХАМАС сыяктуу террористтик уюм Холокосттун убагынан бери карай еврейлерди массалык түрдө өлтүргөнүн, тири шумдуктуудай сексуалдык кылмыштарга барганын көрүп туруп, бул мамлекеттер палестин мамлекетин таанып, ХАМАС менен Иранды сыйлайлы деп чечти",- деп кошумчалады Кац.
Палестин мамлекетин канча өлкө тааныган?
Май айынын башында БУУнун Генералдык Ассамблеясында 193 мамлекеттин ичинен 143 мамлекет Палестинанын БУУга киришин колдоп добуш берген.
Ушул күнгө чейин европа өлкөлөрүнүн ичинен тогуз гана мамлекет палести мамлекеттүүлүгүн колдоду. Алардын басымдуу бөлүгү мындай чечимди советтик блоктун курамына кошулуп жаткан учурда 1988-жылы кабыл алышкан.
Австралиянын ТИМ башчысы тынчтыкка жетүүнү тездетүү үчүн Палестинаны тааныйбыз деди.
АКШ жана Британия палестин мамлекетин расмий түрдө тааныбайт.
Коопсуздук Кеңеши апрель айында палестин мүчөлүгүн талкуулаган, бирок АКШ кеңештин туруктуу беш мүчөсүнүн биринин укугунан пайдаланып, чечимге вето койгон. Вашингтон бул кадамды али эрте деп эсептеп, ал "палестин элинин мамлекеттүүлүккө ээ болуусуна өбөлгө болуп бербейт" деп эсептей турганын билдирген.
Ушул жылдын башында Британиянын тышкы иштер министри лорд Кэмерон, өкмөт өз союздаштары менен бирге "палестин мамлекетин таануу жөнүндө сурооону, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмуна мүчөлүктү" карап көрүшү мүмкүн экендигин айткан.
Израил палестин мамлекеттүүлүгүн тааныбайт, учурдагы израил өкмөтү болсо Иордан дарыясынын Батыш жээгинде жана Газада палестин мамлекетин түзүүгө каршы болуп келет. Алар мындай мамлекет Израилдин сакталып турушуна коркунуч жаратат деп баса белгилейт.































