Газа, миграция жана TikTok. Трамптын инауграцияга чейинки сөзү

Сүрөттүн булагы, Reuters
АКШнын жакында эле шайланган президенти Дональд Трамп ант берүү аземинин алдында Capital One Arena комплексине чогулган тарапташтарынын митингинде сөз сүйлөдү.
"Биз жеңдик!"- деди Трамп уу-дуу болуп колдоп жаткан сүрмө топтун алдында.
Ал жаңы администрация "ишинин баары ойрон болгон Вашингтондогу эски истеблишментке чекит коюп" жана "Американы кайрадан улуу мамлекетке айлантууга" камынып жатканын билдирди.
"Эртең түш ооп Американын төрт жыл бою артка кеткен доорунун көшөгөсүн жабабыз жана АКШнын жаңы күчүнүн, гүлдөшүнүн, кадыр-баркынын жана сыймыгынын такыр башкача жаңы бөлүмүн ачабыз. Биз мунун баарын бир жолу жана түбөлүккө кайтарып келебиз" — деп айтты Трамп.
Ал ошондой эле чек араларды "басып кирип келген" мыйзамсыз иммигранттардын агымын токтотобуз деп убада кылып, бул боюнча конкреттүү чараларды ант берүү аземиндеги сүйлөй турган сөзүндө чечмелеп айтып бере тургандыгын убада кылды.
Трамптын сөзүнө караганда, ал дүйшөмбү күнү америкалыктарды "абдан кубандыра турган" көптөгөн жарлыктарга кол койгону турат.
Трамп тарапташтарынын алдында бир топ эле узак сүйлөдү. Көрүүчүлөргө видеороликтреди дагы көрсөтүштү, сценага бизнесмен Илон Маск дагы чыга келди. Трамп ошондой эле өз администрациясынын чечүүчү кызматкерлерин дагы тааныштырды.

Сүрөттүн булагы, EPA
Ушул эле Capital One Arena залына Трамп кызматка киришкенден кийин дагы чыгат.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Трамп өз сөзүндө Газадагы элдешүү жөнүндөгү келишим жана TikTok коомдук сайтындагы кырдаал тууралуу сүйлөп, ошондой эле Украинадагы согушту токтотуу тууралуу кайрадан убада берди. Бирок ал согушту кантип токтото тургандыгы тууралуу конкреттүү тактап айткан жок.
"Бул макулдашуу биздин ноябрь айындагы тарыхий жеңишибизден улам гана болуп олтурат",- деди Жакынкы Чыгыштагы кырдаал тууралуу айтып жатып.
Трамп бул тууралуу сөз кылып жатып, Жакынкы Чыгыш боюнча өзүнүн атайын чабарманы Стив Виткоффко макулдашууга жетүүгө көрсөткөн көмөгү үчүн деп кайра-кайра ыраазычылыгын билдирди.
"Биз президент боло элек жатып эле алар төрт жыл бою кылгандан да көптү кылып койдук",- деп билдирди Трамп.
Жаңыдан кызматка кирише турган президент TikTok коомдук сайты ага жага тургандыгын дагы айтты. TikTok Трамптын бул сервисти бөгөттөп салгандан мурун ага үч айлык мөөнөт менен мүмкүнчүлүк бериш керектигин айткан соң жекшемби күнү TikTok кайрадан ишин улантты. Трамп "тик-токту сактап калыш керек" деп айтты.
"Бүгүндөн тарта TikTok Америкага кайрылып келет",- деди Трамп.
"Чынын айтканда биз аны сактап калышыбыз керек, бизде андан башка тандоо жок. Абдан көп жумуш оурндары бар. Биз өз бизнесибизди Кытайга бергибиз келбейт, биз бизнесибизди башка эле адамдарга берип коюуну каалабайбыз",- деп кошумчалады ал.
Вашингтондогу чыкыроон сууктан улам Трамптын ант берүү аземи Капитолийдеги Ротондо өтөт. Адатта буга чейин өтүп келгендей имараттын жанында өтпөйт. Бирок шайланган президентти сүрөп турган миңдеген кишинин Трамптын жекшемби күнү кечиндеги митингине келишине аяздуу суук тоскоол боло алган жок.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кечеде музыканттар дагы өнөрлөрүн тартуулашты. Алардын арасында Трамптын шайлоо алдындагы кампаниясынын саундтреги болуп, ураага айланган YMCA ырын аткарган The Village People тобу да болду.
Концертти болсо Кид Рок ачты. Ал ырын аткарып жатып, ыр ортолоп калганда кара шляпасын Make America Great Again деген жазуусу бар кызыл шляпага алмаштырып да жиберди.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн булагы, Reuters
Митингдин алдында Трамп менен чогуу тандалган вице-президент Вэнс Вашингтонго жакын жайгашкан Арлингтон көрүстөнүнө барып, АКШ ветерандарына таазим кылып, гүл-чамбар коюп келишти.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн булагы, Reuters































