Херсондогу көпүрөгө сокку. Орусия шаарга чабуул жасаганы жатабы?

Сүрөттүн булагы, t.me/khersonskaODA
- Author, Светлана Дорош
- Role, Би-Би-Синин украин кызматы, Киев
- Published
- Окуу убактысы: 5 мүнөт
Херсондо өткөн дем алышта Орусия армиясы Корабел кичи району менен облус борборунун негизги бөлүгүн туташтырган көпүрөгө зыян келтиргенден кийин, бийлик тургундарды мүмкүн болушунча тез арада чыгып кетүүгө чакырды. Анткени Орусия көпүрөнү толугу менен кыйратуу үчүн соккуларды улантышы мүмкүн деген коркунуч бар. Анын кесепетинен адамдар обочодо калышы ыктымал.
Арал деп да аталган бул кичи райондо августтун башына карата болжол менен 1800дөй тургун калган. Орусия толук масштабдуу басып киргенге чейин бул жерде он миңдеген тургун жашачу.
Соңку окуялар орус аскерлери десант түшүрүүгө же арал түрүндөгү бул кичи районду басып алууга даярданып жатышы мүмкүн деген божомолдорду күчөттү. Херсон тургундарынын айтымында, муну Орусиялык айрым телеграм-каналдар жана маалымат булактары тынымсыз жазып, элди коркутууда.
Ошол эле маалда Түштүк Коргонуу Күчтөрүнүн жетекчилиги Орусия аскерлери ал тараптан чабуул коёт деген коркунучту төгүндөп, Москванын аракеттерине өз түшүндүрмөлөрүн берди.
Херсондогу көпүрөгө абадан сокку
2-августта орусиялык аскерлер көпүрөгө эки башкарылуучу аба бомбасын ташташты. Жолдун үстүнкү катмары бузулуп, айрым жерлери тешилип калды.
3-августта орусиялык авиация дагы бир сокку урду. Кыйроолор аз болгону менен, 65 жаштагы киши каза болду.
Херсон облусунун администрациясы билдиргендей, бомбалар көпүрөгө гана эмес, турак жайлар жайгашкан аймакка да тийген. Үч турак-жай жана бир көп кабаттуу үй кыйраган. Мындан тышкары, көпүрө аркылуу Корабел кичи районуна өтүүчү газ түтүгү да жабыркаган.

Сүрөттүн булагы, t.me/khersonskaODA
Корабелде азыр абдан кооптуу
Жергиликтүү бийлик Херсондун арал бөлүгүндөгү тургундарды дайыма эвакуациялоого чакырып келген. Август айынын башына карата ал жерде болжол менен 1800дөй киши калган, алардын арасында улгайгандар жана мүмкүнчүлүгү чектелгендер бар. Көпчүлүгү кетүүдөн баш тартып, үйлөрүн таштагысы келбегенин жана бара турган жери жок экенин айтышкан. Бирок дүйшөмбү, 4-августта, кетүү боюнча кайрылуулар көбөйдү.
"Эртең менентен бери автобустар келип, адамдарды алып кетип жатышат. Көпүрө аркылуу өтүүгө болот, бирок кыйын", — деди Би-Би-Синин украин кызматынын ыктыярчысы Ольга Чернышова.
Анын айтымында, азыр негизги милдет — көпүрө жабыркагандыктан, адамдарды тез арада борбордун негизги бөлүгүнө чыгарып кетүү. Ал жакта мал-жанды дагы жайгаштырууга шарт бар.
Жайгашып алгандан кийин, алар андан ары эмне кылууну өздөрү чечет. Херсондо калабы же башка облустардагы, тууган-туушкандарына, болбосо бийлик сунуштаган даректерге көчүп кетишеби.

Сүрөттүн булагы, t.me/khersonskaODA
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Азыр ал жакта абдан кооптуу. Аралды тынымсыз бомбалап жатышат, айрыкча ушул микрорайонго катуу сокку урулууда. Орусиянын социалдык тармактардагы ачык маалымат булактары көпүрө кыйрай турганын жазып жатат. Анан дагы, элди бир жуманын ичинде чыгып кеткиле деп, алар ошого ишендирип жатышат", — дейт Чернышова.
Херсондо жана анын айланасында бир нече арал бар. Алардын ичинен эң көрүнүктүүлөрү — Корабел жана Днепр дарыясынын дельтасындагы аралдар. Корабел өзгөчө жайгашуусу менен белгилүү — ал толук суу менен курчалган.
Орусия аскерлери бул аралдарга кирип, орун алып, Украина Куралдуу күчтөрүнүн позицияларын аткылоого аракет кылып келет.
Чернышова дагы бир көпүрө, темир жол көпүрөсү мурда эле бузулганын айтат. Ал жерден поезддер жүрбөйт, бирок эл аргасыздан аны колдонууда.
"Адамдар коркуп жатышат. Эгер эки көпүрөнү тең талкалап салышса, анда каттам үзүлүп, Орусия аскерлери кичи райондун басып кирип, тургундар эч жакка чыгып кете албай калышат", — деп кошумчалады ал.
"Айрым херсондиктер арасында мындай коркунучтуу ишеним бар. Эгер орустар Арал кичи районуна алып баруучу көпүрөнү аткылап баштаса, анда бул жерде да Бахмуттагыдай катуу жана узак салгылашуу башталат" Херсондук жарандык активист Елена Маляренко "Фейсбук" баракчасына ушундай деп жазып, жердештерин Корабелден мүмкүн болушунча тезирээк чыгып кетүүгө чакырган.
Муну жергиликтүү бийлик да колдоп жатат. Корабелден эвакуация азырынча мажбурлап эмес, ыктыярдуу түрдө жүргүзүлүүдө.

Сүрөттүн булагы, t.me/khersonskaODA
"Жарык, газ жана жарым-жартылай жылуулук бар болчу"
Би-Би-Си корреспонденти Дмитрий Власов Корабел кичи районундагы соңку окуялар тууралуу:
Кошевая дарыясынын үстүндөгү көпүрө — Корабел кичи районуна унаа менен жетүүнүн жалгыз жолу.
Бул арал эки жагынан Днепр дарыясы менен курчалган, шаардан аны Кошевая дарыясы бөлүп турат. Көпүрө аркылуу бардык коомдук транспорт, жеңил жана жүк ташуучу унаалар, ошондой эле жөө жүргүнчүлөр өтчү. Аралда ири өнөр жай ишканалары жайгашкан. Мында үч мектеп, беш бала бакча иштечү, Гидропарк шаардыктардын негизги эс алуу жайы болчу.
2022-жылдын ноябрында Херсон орус баскынчыларынан бошотулгандан бери Арал күн сайын үзгүлтүксүз аткылоого кабылып келген. 2023-жылы Кахов ГЭСинин дамбасы бузулгандан кийин бул аймак катуу суу ташкынга дуушар болду. Ошого карабай, ал жерде тургундар жашоосун улантышты — жарык, газ жана жарым-жартылай жылуулук бар болчу, дүкөндөр жана "Новая почта" бөлүмдөрү иштеп турган.

FPV жана бомба таштоочу механизмдери бар дрондор пайда болгондон бери көпүрөдөн өтүү абдан кооптуу болуп калды, анткени ал узун жана ачык участок.
Аралдагы турмуш улам оорлошуп баратса да, көпчүлүк жергиликтүү тургундар бул жерде жашоосун улантууда. Херсон облусунун аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудин телеграм-каналында аймакта 1800 адам калганын жазды. Алардын 187си өз алдынча кыймылдай албагандар болсо, 31и бала.
Көптөгөн херсондуктар эртеби-кечпи көпүрөгө сокку урулат деп түшүнүп турушкан. Анткени алар Антонов көпүрөсүнүн тагдырын жакшы билишет — аны Украина күчтөрү улам-улам аткылап, орусиялыктардын Херсондун оң жээгине жүк жеткирүүсүн кыйындаткан.
Орусиялык интернет булактарда да Кошевая дарыясына салынган көпүрөнү талкалоо мүмкүнчүлүгү бир нече жолу талкууланган.
Аны толугу менен иштен чыгаруу Аралга жергиликтүү тургундардын, куткаруучулардын жана украин аскерлеринин жетүүсүн кыйла татаалдаштырат.
Днепр дарыясынын дельтасындагы башка ондогон аралдар сыяктуу эле, Корабел да "белгисиз зонага" айланышы мүмкүн. Андай болсо, бул жерге орус диверсиялык топтору ээлик кылып, Херсондун кургактагы бөлүгү мурдагыдан да катуу аткыланышы ыктымал.
Айрым оптимисттер бул көпүрө бир күнү кайрадан курулат деп үмүттөнүшөт, анткени жылдар бою ал толук оңдоодон өткөн эмес, бөлүп-бөлүп гана ремонттоп келишкен.
Орусиянын Днепрдеги максаты
"Душман Днепр аралынын зонасында өз позициясын бекемдөө ниетинен баш тарткан жок. Соңку 24 саатта кайрадан интенсивдүү аба соккулары жана FPV камикадзе учкучсуз учактары колдонулду. Алар фронттогу калктуу конуштарга да, биздин коргоочуларыбыздын позицияларына да чабуул коюшту", - деп билдирди 3-августта Түштүк коргонуу күчтөрү.
Түштүк коргонуу күчтөрүнүн өкүлү Владислав Волошин "РБК-Украина" басылмасына берген маегинде, орус аскерлери Херсондун бардык райондоруна сокку жасап жатканын, Днепрге жакын жайгашкан Корабел району алардын экинчи жээктеги позицияларына эң жакын болгондуктан, өзгөчө коркунучта экенин айткан.

Сүрөттүн булагы, t.me/khersonskaODA
"Алар Днепрди бойлой "өлүк зона" деп аталган аймакты түзүүнү көздөп, ал жакта имараттар, Коргоо күчтөрү баш калкалоочу жайлар калбашы үчүн сокку урууда" - деди Волошин.
Анын айтымында, орусиялык аскерлердин максаты карапайым калкты коркутуу жана Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн логистикалык жолдорун кесүүгө аракет кылуу. Бул үчүн орус армиясы аралдарды көзөмөлгө алып, күн сайын чабуул жасоого аракет кылууда.
Ошол эле учурда Волошин душмандын жакынкы келечекте Днепрди күч менен басып, Херсонго кол салуу ыктымалдыгын четке кагып, орустарда бул үчүн жетиштүү күч жок дейт.
"Эгер алар масштабдуу иш-аракеттерди пландап жатышкан болсо, анда аларга көп сандагы күчтөр жана каражаттар керек болмок. Азыркы көзөмөл жана чалгындоо шартында муну душман жашыра албайт эле. Биздин чалгындоо жана Коргоо күчтөр учурда мындай каражаттарды каныктай элек", - деди ал.































