Путиндин конференциясы: Украинадагы согуш, экономика жана Орусияны сактап калуу аракети

Путин

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Published
Окуу убактысы: 4 мүнөт

Орусиянын президенти Владимир Путин жылдык пресс-конференциясын өткөрүүдө. Уюштуруучулардын айтымында, орусиялыктар Путинге эки миллиондой суроо жөнөтүшкөн. Өткөн жылкы маалымат жыйынында орус президенти төрт сааттан ашык убакыт бою суроолорго жооп берген эле.

Алгачкы 15 мүнөттө Владимир Путин негизинен экономикага токтолду. Экранда статистикалар көрсөтүлүп, социалдык-экономикалык маселелер, баанын өсүшү, турак жай, коммуналдык чарбанын абалы жөнүндө айтылды. Экономикалык өсүш эгемендүүлүктү бекемдөөнүн натыйжасы, деди Путин.

Путин экономика жөнүндө

Орус президентинин айтымында, экономика тышкы кысымга карабай туруктуу өнүгүп жатат, ал эки жылда 8% өскөн. Муну башка өлкөлөрдүн экономикасы менен салыштырып, орус экономикасы европалык аймакка жана АКШ экономикасына караганда ылдам жогорулап жатканын ырастады.

Путин дээрлик ар бир сөзүндө жумушсуздук улам төмөндөп жатканын айтып келет. Бирок бул жерде демографиялык көрсөткүчтөр улам начарлап бара жатканын да эске алуу керек.

Бул жолу Путин экономикада кооптуу сигнал саналган инфляциянын жогорку деңгээли жөнүндө да сөз кылды. Ал бир күн мурун Борбордук банктын жетекчиси Эльвира Набиулинна менен жолукканда инфляция 9,2-9,3% түзгөнүн айткан.

Украинадагы согуш тууралуу

ТАСС агенттигинин башкы редактору "атайын аскердик операциянын" жүрүшүнө кандай баа бересиз, "жеңиш жакындадыбы?" деп сурады. Путин фронттогу орус аскерлери ага ар кандай сувенирлерди жиберип жатканынан сөз баштады. Жакында эле Путинге 155-деңиз жөө аскерлер бригадасынын согуштук желеги тапшырылыптыр. Бул желекти дароо залга алып келишип, Путиндин артында көтөрүп турушту.

"Бардык фронт линиясында алдыга жылып жатабыз. Биздин жигиттер аймактарды кайтарып алып жатышат. Согуштук операциялар татаал жана алдыда боло турган нерсени билүү кыйын. Биз башында коюлган негизги максатты көздөй бара жатабыз", - деди Путин.

Путин

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Путин Сирия тууралуу

Орус президенти азырынча Башар Асад менен жолуга электигин билдирди. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Асад азыр Москвада.

Путин Асадды бийликтен кулаткан козголоңчуларды "куралдуу оппозиция" деп атады ("Хайят Тахрир аш-Шам" Орусияда террордук уюмдардын тизмесинде турат).

Путиндин айтымында, Асаддын тарапкерлери, биринчи кезекте "ирандык аскер бөлүктөрү" Алепподон тынч эле чегинди.

"Ушундай эле көрүнүш бүт Сирияда болду. Иран 4 миң кишисин чыгарып кетти, бир бөлүгү Ливанга, бир бөлүгү Иракка кеткен. Азыркы абал оңой эмес. Биз бардык тараптар менен мамилебизди сактайбыз",- деди Путин.

Ал ошондой эле Сирияга гуманитардык жардам жеткирүүгө убада берип, кырдаал жакшырып кетишине ишеним көрсөттү.

Путин

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Путин генерал Кирилловдун өлтүрүлүшүн теракт деп атады

"Муну өлтүрүү аракети деп айтканыңыз үчүн сизге ыраазычылык. Сиз бул окуянын теракт экенин кыйыр түрдө тастыктап жатасыз"- деди Путин NBC журналистине жооп берип жатып. Журналист болсо суроо берип жатканда көптөгөн орустар, анын ичинде "генерал да өлгөнүн" сураган эле.

Путин муну теракт деп түшүндүрдү, анткени адам өлтүрүү менен башкаларга да коркунуч жаралды, деди ал.

Генерал Кириллов жана анын жардамчысы Москвада турак жайдын кире беришинде жарылуудан каза болгон эле.

Путин

Путин жаңы шайланган Трамп тууралуу

Америкалык NBC телеканалынын журналисти Путинден Трамп менен жолукканда эмне сунуш кыла аларын сурады.

Путин Трамп менен каалаган убакта жолугуп сүйлөшүүгө даяр экенин, бирок алар төрт жылдан бери сүйлөшө электигин билдирди.

"Силер Орусиянын алсыз абалда болушун каалайсыңар. Бирок Орусия акыркы үч жылда алда канча күчтүү болуп калды. Биз чындап эле суверендүү өлкө болуп жатабыз"- дейт Путин. Анын айтымында, орус армиясынын күжүрмөн даярдыгы азыр дүйнөдө эң жогорку деңгээлде.

Орус президентинин билдиришинче, АКШ Сириядагы бийлик алмашууну Орусия үчүн жоготуу катары көрсөткүсү келет.

"Биз Сирияга ал жерде террористтик анклав түзүлбөш үчүн келгенбиз. Жалпысынан биз максатыбызга жеттик. Ал эми ал жактагы топтор өзгөрдү", - деди Путин.

Путин

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Путин Украина менен сүйлөшүүлөр тууралуу

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Башка Украина" кыймылынын өкүлү Виктор Медведчук Украина менен сүйлөшүүдө Орусия кандай шарт коюп жатканын сурады.

Путин сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн эч кандай шарт койбогонун, бирок орус-украин согушу башталган учурда түзүлгөн Стамбул келишим долбоорлорунун негизинде иш жүргүзүү керектигин айтты.

Путин келишимге легитимдүү өкмөт менен гана кол коюуга болорун, Украинанын президенти Владимир Зеленскийди легитимдүү деп эсептебей турганын билдирди. Эгер Зеленский шайлоого барып, легитимдүүлүккө ээ болсо, Орусия аны менен сүйлөшөт деп айтты. Анын билдиришинче, Украинадагы мыйзамдуу бийлик азыр Жогорку Рада, келишимге спикер гана кол коё алат.

Азыр Москва Зеленскийди мыйзамдуу лидер катары тааныбайт, анткени Украинанын мыйзамдарында аскердик абал учурунда шайлоону жокко чыгарууга болот деген норма жок жана 2024-жылы Украинада шайлоо өткөн эмес. Украинанын ички түзүлүшүнө карата мындай көз карашты орус бийликтери, орусиялык блогерлер айтып келет.

Путин

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Би-Би-Си Путинге: Сиз Орусияны сактап кала алдыңызбы?

rosenberg

Сүрөттүн булагы, social media

Би-Би-Синин редактору Стив Розенберг 1999-жылы бийликти өткөрүп берүү учурунда Борис Ельциндин айткан сөзүн эске салып, Путин бийликте турган 25 жыл ичинде Орусияны коопсуз сактай алдыбы деп сурады. Розенберг Орусиянын Украинага басып киргенден берки жоготууларын, инфляцияны жана НАТОнун жайылышын санап өттү.

"Мен куткарып эле койбостон, жок болуп кетүүдөн сактап калдым. Баары биздин эгемендүүлүгүбүздүн жоголушуна алып бара жаткан, ансыз Орусия көз карандысыз мамлекет катары сакталып калышы мүмкүн эмес", - деген жооп узатты.

Анын айтымында, Батыш лидерлери учурунда Ельцинди колдоп турушкан, бирок анын Югославия бомбалангандан кийинки сөзүнөн соң "аны аракеч деп атап, куугунтуктай башташкан".

"Мен Орусиянын башкалардын кызыкчылыгы үчүн эмес, өзүнүн кызыкчылыгы үчүн чечим кабыл алышы үчүн баарын жасадым", - деп кошумчалады ал.

Ал ошондой эле Орусия сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн паритети боюнча дүйнөдө биринчи орунда экенин билдирди.

"Окурмандарыңызга бул тууралуу айтып коюңуз", - деп Розенбергге кайрылды.