Украин-орус согушу: Америка менен Орусиянын алгачкы сүйлөшүүлөрү аяктады

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Америка менен Орусия Украинадагы согуш башталгандан бери алгачкы жолу сүйлөшүү өткөрдү. Сауд Арабиянын борборундагы жолугууга Украина тараптан эч ким катышкан жок. Украин президенти Володимир Зеленский Киев катышпаган сүйлөшүүнү тааныбай турганын билдирди.
Согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүгө Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен президенттин жардамчысы Юрий Ушаков катышты.
Ал эми Вашингтон тараптан мамлекеттик катчы Марко Рубио, улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Майк Уолц жана Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарман Стив Уиткофф барды.
Эр-Рияддагы сүйлөшүүлөр төрт жарым саатка созулду. Эки өлкөнүн делегациялары "бардык маселелер боюнча абдан олуттуу сүйлөшүү өткөрүшкөнүн" билдирди.
Орус тараптын айтымында, Москва менен Вашингтондун позицияларынын жакындашуусу тууралуу айтуу азырынча кыйын.
Журналисттердин сүйлөшүүлөр кандай өттү деген суроосуна Юрий Ушаков "жаман эмес" деп жооп берди.
"Биз козгогубуз келген бардык маселе боюнча абдан олуттуу сүйлөшүү болду", - деди ал.
Өткөн аптада АКШ менен Орусия президенттери телефон аркылуу сүйлөшүп, согушту токтотуу боюнча тез арада сүйлөшүүлөр башталары айтылган. Кремль бул сүйлөшүү бир жарым саатка созулганын жана эки өлкөнүн лидерлери жеке жолугушуу уюштурууну макулдашканын билдирген.
Ушул жолугушуу качан болот деген журналисттердин суроосуна орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков:
"Владимир Путин менен Дональд Трамптын жолугушуусунун конкреттүү датасын айтуу кыйын, сүйлөшүү келерки жумада өтүшү күмөн, бул үчүн интенсивдүү иш керек", - деп айтты.
Орусиянын инвестициялык фондунун башчысы Кирилл Дмитриев Рейтер маалымат агенттигине кабарлагандай, орус жана америкалык делегациялар бирин-бири уга баштады, бирок компромисс тууралуу айтууга али эрте.
"Тараптар бири-бири менен байланыша баштады, уга баштады, диалогду баштады деп гана айта алабыз", - деди Дмитриев.
Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров биринчи кезекте АКШ менен Орусиянын элчилерин тезирээк бекитүүнү камсыз кылуу керек деп билдирди. Ал ошондой эле мурдагы президент Жо Байдендин администрациясы дипломатиялык ишмердүүлүктү чектеген "тоскоолдуктарды алып салууга" чакырды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Рубио: Бардык тараптар тынчтык келишимине макул болушу керек
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио бардык тараптар, анын ичинде Орусия, Украина жана Европа Украина боюнча тынчтык келишимине макул болушу керек жана Евробиримдик "качандыр бир убакта" процесске тартылышы зарыл деп билдирди.
Мамлекеттик катчы Эр-Риядда жыйынтыкталган сүйлөшүүлөр боюнча Москва менен Вашингтондогу элчилик кызматкерлеринин санын мурдагы калыбына келтирүүнү макулдашканын билдирди.
АКШ Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Тэмми Брюс сүйлөшүүлөрдөн кийин журналисттерге маек берди.
Анын айтымында, АКШ президенти Дональд Трамп орус-украин согушун токтото ала турган жалгыз дүйнөлүк лидер. Бүгүн АКШ-Орусия төмөнкүлөрдү макулдашты:
- Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн ишин жандантуу үчүн зарыл чараларды көрүү
- Украинадагы согушту мүмкүн болушунча тезирээк токтотуу үчүн иштей турган жогорку деңгээлдеги командаларды дайындоо
- Украинадагы согуш аяктагандан кийин орустар менен америкалыктар экономикалык кызматташуусун жакшыртуу үчүн азыртан даярдык иштерин баштоо.































