Анархия, профанация, кландар күрөшү: министр менен академик эмнеге кармашууда?
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Кыргызстанда Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук травматология жана ортопедия борборун жоюп, анын ордуна шаардык клиникалык тез жардам ооруканасын уюштуруу жөнүндө чечими министр менен академиктин ортосунда чоң кармашка алып келди.
Сабырбек Жумабеков менен ал башкарган борбордун жамааты министр А. Бейшеналиевдин чечимин мыйзамсыз деп четке кагып, анын дайындаган жаңы жетекчилерин киргизбей койду.
Министрликтин алдында министрдин отставкасын талап кылган митингдер болду.
Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев болуп жаткан көрүнүштү анархия деп атап, тараптарды соттошууга чакырды. Президенттин басма сөз кызматы бул жаңжалдын ак-карасын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов башында турган атайын комиссия териштире турганын билдирди.

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Бир жагынан министрдин улуттук травматология жана ортопедия борборун жоюу жөнүндө буйругунун негиздүүлүгү көп талаш жаратууда. Атайын комиссия түзүп, иликтебей, өкмөттүн кароосуна койбой туруп, шаардык кеңеш менен макулдашпай эле өзү билип атканын ээнбаштык деп сынга алышууда. Министр өзүнүн чечимин мыйзамдуу деп көгөрүүдө.
Ошол эле убакта тармакты жакшы билген адистер бул чыр-чатакты мамлекеттик ресурстар үчүн болгон кландык күрөш деп атап, саламаттык сактоо тармагындагы көп жылдап катмарланган кризистин үстү жагы эле деп белгилешүүдө. Алардын баамында, министрдин бир оорукананын башчысын алып, башкасын дайындаган буйругунан эч нерсе өзгөрбөйт, бул тармакта терең тамырлаган коррупциянын кылы да кыйшайбайт, декорациялык гана өзгөртүү дешет.
Медициналык ээликтер

Сүрөттүн булагы, Facebook
Саламаттык сактоо тармагындагы активисттердин айтымында, эгемендик жылдары мамлекеттик чоң ооруканалар аларды көп жылдап башкарган академиктердин өздөрүнчө монополиясына айланып кетти.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Улуттук кардиологияда убагында академик М. Миррахимовдун, хирургияда академик М. Мамакеевдин, гематологияда А. Раимжановдун, травматологияда С. Жумабековдун жана алардын жакындарынын үстөмдүгү орногон.
Алардын ар бири медицинадагы бирден тармакты ээлеп, мамлекеттик акчалай каражаттарга жана башка ресурстарга ээ болушкан. Академик Мамакеевдин Улуттук хирургия борборунун короосуна үй салып кирип алганы алар мамлекеттик мүлктү менчигиндей эле колдонобу деген нааразы сөздүн чыгышына алып келди.
“Мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелеринде өздөрүнүн жеке монополиясын орнотууга болбойт. Мамлекеттик инфраструктураны пайдаланып, мамлекеттик шарттарды, мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып жеке ишиңди өнүктүрүп, атыңды-даңкыңды чыгаруу, албетте, оңой. Бирок так ушул борборлордо жогорку квалификациялык жардамдарды көрсөтүүнүн ордуна коррупциялык система орноп, травматология, кардиология сыяктуу тармактарды, бүтүндөй саламаттык сактоо тармагын, бүтүндөй системаны жаманатты кылып келатпайбы”, - дейт Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын мурдагы жетекчиси Елена Баялинова.
Өздөрүнчө бирден кландык топтордун ээлигине айланган система жаңы эмес, көптөн бери, ондогон жылдардан бери келатат. Аны жоюш үчүн абдан олуттуу өзгөрүүлөр керек дейт Саламаттык сактоо кызматкерлеринин профсоюзунун башчысы Бермет Барктабасова:
“Азыр атын өзгөртүп, Ташматты Эшматка алмаштырып, керек эмес жакта борбор ачып, иштеп аткан борборду мыйзамсыз жаап коюу, мунун баары профанация. Чынында коррупциялык система бир сантиметр да тыйылган жок. Бул көмүскөдөн агылган акча, май-талкандуу тармак жана мамлекеттик ресурстар үчүн болгон күрөш. Мамлекеттик ресурстар агылып жеке кызыкчылыкка кетип жатат”.
"Спец поликлиника" же чоңдордун ооруканасы

Министр шаардын четиндеги ортопедия жана травматология борборунун ордуна тез жардам ооруканасы керек деп жатканда, шаардын чок ортосундагы чоңдордун ооруканасын эмнеге элге пайдаланбайт деген суроо кырынан коюлууда. 4-оорукана шаардын четинде, сыныктардын баарын бүт өлкө боюнча ушул жактан карайт. Шаарда кырсыктагандарды бул жакка жеткиргенче эле жарадар адамдар өлүп калган фактылар бар. 2010-жылы тополоң убагында ал ооруканага жеткиче эле кан кетип каза тапкан адамдар болгон. Көрсө, ок тийип жарадар болгондорду ушул оорукана гана карайт экен.
Ошол эле убакта шаардын чок ортосунда чоңдордун ооруканасы деген союздан калган заңгыраган имарат турат. Президенттин иш башкаруусуна караган бул ооруканада совет заманынан бери эле чоңдор, депутаттар, алардын үй-бүлөсү дарыланат. Мындай дискриминациялык оркойгон көрүнүшкө эч ким уялбайт, аны өзгөртөлү деген бийликте бир жан жок.
“Бул адамдарды ак-кара деп бөлгөн дискриминациялык мекеме. Каралар кадимки ооруканада дарыланыш керек, ал эми ак сөөктөр президенттин иш башкармалыгындагы ооруканада каралат. Бүт депутаттарды, чиновниктерди, алардын үй-бүлөсүн, казынаны аңдыган ууруларды эмнеге багыш керек. Кыргыз ооруканаларын депутаттар да көрсүн, жашаган жери боюнча жатып дарыланышсын. Аларга эмнеге ашыкча мансап привилегия болушу керек. Жөнөкөй жаранды ал жакка жолотушпайт. Бүт элдин сүймөнчүгү болгон Элмирбекти да карабай коюшкан. Эң чоң коррупция ошол жерде. Ооруп жатканда жумуштан бошотууга болбойт эмеспи. Мыйзам жоопкерчилигинен качкандын баары бара калып, ошол ооруканага жата калып, кутулуп кетет”,-дейт Бермет Барыктабасова.
Таксиге айланган “Тез жардам” кызматы

Бишкекте “Тез жардам” кызматы кризистин түбүнө түшкөнү пандемия убагында кашкая көрүндү. Канчалаган шаардыктарга жардам келбей, акыйып суткалап күтүп, карайлап отургандар көп болду. Убагында ооруканага жетпей, каза тапкандар канча. Көрсө, бул кызматтын короосундагы автоунаалардын жүргөнү кырктан ашпайт экен, ал эми миллион адам жашаган шаарга бул чак келеби? Жаңыларын сатып келишти деп айтылган, бирок ага жумшалган олчойгон акчадан дагы бир тобу өөнөлүп кетип, анын да аягына чыккан эч ким жок.
Бул көйгөйдүн бир эле чети. “Тез жардам” кызматынын унааларынын ишинин сапатына доомат көп. Анткени, алар оорулууга же кырсыктаган адамга жеринде кесипкөй медициналык жардам көрсөткөнгө жарабайт экен. Эптеп жетип барып, салонго салып ооруканага жеткиргенди эле билишет. Ошон үчүн “Тез жардам” жеткен менен ооруканага жетпей үзүлүп кеткен оорулуулар болууда. Жакында эле Ош шаарында калемдин капакагын жутуп алган биринчи класстын окуучусун “Тез жардам” кызматы сактап кала албады.
Саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары Эркин Чечейбаев Кыргызстанда “Тез жардам” кызматы жеткен жерде эффективдүү медициналык жардам көрсөтө албаган үчүн жол кырсыгынан жабыркаган көп адамдар ооруканага жетпей каза болуп калып атканын учурунда Би-Би-Сиге билдирген эле.
“Өлүмдөрдүн 70% ошол авария болгон жерде болуп жатат. Азыркы “Тез жардам” кызматы көпчүлүк учурда такси кызматын гана аткарып калып жатат. Анткени, же дефиблятору жок болсо, же реанимомобилдери жок болсо, жабыркаган адамдарды алат дагы шина коет, канды токтотот, капельница коет дагы ооруканага алпарат”.
Чаржайыт чечимдер
Соңку убактагы саламаттык сактоо тармагынын башындагы жетекчилердин чалды-куйду чечимдери компетенттүү мамиленин жок экенин көрсөтүүдө дейт активисттер. Эгемендиктин башынан келаткан реформалар жана мыйзамдар боюнча медициналык кызмат көрсөтүүнүн биринчи баскычы болгон поликлиникаларды өнүктүрүү каралып келген. Кийин эле оптимизация деген негизге таянып, анын баарын ооруканаларга кошуп салышты. Андан кийин өзүнчө турган Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун алып келип, Саламаттык сактоо министрлигине берип коюшту.
“ММКФ медициналык кызматты - сатып алуучу. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги - сатуучу. Эми сатканы да, сатып алуучу да бир кайыкта болбошу керек. Бул жерде кызыкчылыктардын конфликти болуп атат. Медициналык кызматтын сапатын көтөрүш үчүн ММКФ өзүнчө болуш керек эле. Анткени ал көзөмөл органы, медициналык кызматтын сапатын текшере турган орган. Азыр кандай, министрлик өз кызматын өзүнө сатат, өзүн өзү билет, баалайт. Ушул туурабы?”-дейт Елена Баялинова.
Аталган фонддун расмий сайтында: “Милдеттүү медициналык камсыздандыруу – бул саламаттык сактоо тармагында Кыргыз Республикасынын жарандарынын укугун камсыз кылууга багытталган социалдык жактан коргоонун мамлекеттик формасы, анын максаты медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларынын алкагында Кыргыз Республикасынын камсыздандырылган жарандарын сапаттуу медициналык жана профилактикалык жардам менен кепилденген камсыз кылуу болуп саналат” - деп жазылып турат.
Чубалжыган бул сүйлөмдөрдүн мааниси "сапаттуу медициналык жана профилактикалык жардамдын кепилдиги" жөнүндө. Каяктагы сапат, каяктагы кепилдик деген беймаза суроонун жообу жок.
ММКФны министрликке кошуу ансыз да чалды-куйду чечимдерди чыгарып аткан министрликтин ишиндеги кемчиликтердин жаап-жашырып, чүмбөтөлүшүнө алып келет. Бул тармактагы оркойгон кемчиликтерди көрмөксөн, билмексен болгон мамиленин дагы терең тамырлашына алып келет дешет. Анткени, мамлекеттик ооруканалардагы кызмат көрсөтүүлөрдү ачык-айкын кылууга "ээн жердин бөрүсү" болуп алган жетекчилер өздөрү тоскоол болууда. “Анткени, алар бийлигин жоготуп, элдин, оорулуулардын эсебинен баюу мүмкүнчүлүгүнөн кол жууйт”, - дейт Елена Баялинова.
Ошентип, башчылар ооруканаларды, көмүскөдөгү акча агымдарын талашып отурганда, оорулуулар менен медицина кызматкерлеринин укуктарын ойлогон киши жок. Ошондуктан, бул тармакты коррупциялык саздан сууруй турган кризистик менежмент саясаты, кризис менежер керек дешет.
Эң оболу, саламаттык сактоонун өзү оору экенин моюнга алып, анын диагнозун туура коюп, сакайтмайынча, "ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат" эмеспи.



























