Вашингтон: жүргүнчү учагы менен аскердик тик учак кагылышты

Окуя

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

АКШнын борбору Вашингтондо жүргүнчү ташыган учак Потомак дарыясына кулап түштү. Ал конуу учурунда аскердик тик учак менен кагылышкан.

Reuters агенттиги American Airlines компаниясында иштеген булагына таянып, Вашингтондо кыйраган учакта алтымыш жүргүнчү болгонун жазды. Кийинчерээк компания учактын төрт экипажы болгонун билдирди.

Жүргүнчүлөр менен экипажга эмне болгону азырынча белгисиз. Окуя болгон жерге куткаруучулар тартылып, издөө-куткаруу иштери жүрүп жатат. Потомактын туурасы жүздөгөн метрге созулуп, кыйла терең жаткан дарыя.

CBS телеканалы окуя болгон жердеги полиция кызматкерине шилтеме берип, жергиликтүү убакыт боюнча он бир жарымга карата суудан 18 адамдын сөөгү чыгарылганын жазды. Бир дагы тирүү калган киши табыла элек.

Ушул убакытка чейин бул маалымат расмий тастыктала элек.

Америкалык телекомпаниялар Потомактагы суунун температурасы азыр нөл Цельсийден бир аз гана жогору экендигин билдиришти. Мындай температурада киши гипотермиядан 10-15 мүнөттүн ичинде эсин жоготот.

АКШнын Федералдык авиация башкармалыгы (FAA) Bombardier CRJ700 учагы Уичитадан (Канзас штаты) Вашингтонго пландалган каттамда учуп келе жатканын жарыялады.

Көзөмөл камерасына тартылып калган видеодо (алыста, караңгыда) аба майданына конууга жакындап келе жаткан учак Потомак дарыясынын жээгинде башка учак менен кагылышып, жарылуу болгону көрүнүп турат.

Авиация башкармалыгы бул Sikorsky U-60 аскердик тик учагы болгонун билдирди.

Reuters агенттиги тик учактын бортунда үч аскер кызматкери болгонун кабарлады. Алардын эмне болгону тууралуу да азырынча маалымат жок.

Пентагон кыска билдирүү жасап, учак менен кагылышкан тик учак Виржиния штатындагы Форт-Бельвуар базасынын тик учагы болгонун тастыктады, бирок учакта канча кызматкер болгонун жана аларга эмне болгонун айткан жок.

Рональд Рейган атындагы эл аралык аэропорт Ак үй менен Капитолийден төрт чакырым аралыкта жайгашкан.

Карта

АКШнын президенти Дональд Трамп кыска билдирүү жасап, кырсык жана куткаруу операциясы тууралуу толук маалымат алып жатканын айтты.

Кырсыкка кабылган учак American Airlines компаниясынын PSA Airlines туунду компаниясына таандык болгон, рейстин номуру 5342.

Аскер кызматкерлери түшүндүргөндөй, тик учактын учкучтары машыгуу учуусун аткарып жатышкан эле.

Макала толукталып жатат.